24. ТАЗА КИЙИН



Аллахтын адамга ыроологон жакшылыктарнын дагы бири кийим. Албетте жаратылышта ар бир жаныбардын кээде нары кооз, нары жарашыктуу жана көп функцияларды аткарган териси же алма, бадыраң, дарбыз сымал жемиштердин, дагы башка мөмөлөрдүн кабыктары болот. Аларды да шарттуу түрдө кийим десе болот. Бирок алардан адам гана кийимди өзү тигип, аны өзүнө жараштырып кийе алганы менен айырмаланат.

Киймисиз жүрсө адамдардын коомунан өткөн куник көрүнүш болбосо керек. Кийим адамдын зыйнаты гана эмес, анын аброю жана ден соолугу да болуп эсептелет. Кийим адамдын денесиндеги көрүүгө татыксыз жерлерин, кемчиликтерин, олдоксон мүчөлөрүн  жаап гана калбастан анын келбетине сымбат кошуп, татыктуулугун белгилеп, даражасын көтөрүп турат. Балким, ошондуктан Жаратуучу да кийимге бүт диндерде олуттуу маани берип, аны тартибин пайгамбарлары аркылуу өтө тыкандык менен үйрөтүп келгендир.

Тилекке каршы, адамдар динден алыстаган сайын, Аллах берген бул сыйды чечип, жылаңач боло баштады. Деңиз же көл жээктериндеги эс алуучу жайлардагы жылаңачтардын абалын элестетүүнүн өзү адептүү адамдын көңүлүн аздырат. Мындай учурда кийимдин баркы таыр кетти. Ал алакандай гана жерди жапчу чүпүрөккө айланды. Андан ары барса аны чечип жүргөн коомдор пайда болду. Алар жээктер гана эмес, эми коомдук жайларда да тайпасы менен жылаңач жүрүүнү адат кыла баштады.

Ошол эле учурда кийими өзүнөн кымбат адамдар да бар. Алардын бир эле бут кийимине бүтүндөй шаарларды каржыласа болот. Алар кымбат кийимдери менен мактанышат жана мактануу үчүн кийинишет. Тапканын кийимге гана жумшагандар да кездешет. Тилекке каршы бул көрүнүш акыркы жылдары мусулман калктарын да каптай баштады.

Азыр кийгендин аброюн гана төгүп калбастан, анын ден соолугун бүлүндүргөн кийимдер да кийиле баштады. Мисалы, мындан бир канча убакыт мурда кыска футболкалар модага айланган жана аны кийген кыздардын киндигинен суук өтүп, азыр алардын канчасы эне боло алышпай жүрөт. Ошондой эле кашаты кыска шымдар канчалаган уландардын кебетесин, эркектик наркын бузганы аз келгенсип, алардын да тукумуна суук тийгизүүдө. Андан тышкары да базарды синтетик жана башка адам денесине зыян келтирген материалдардан тигилген кийимдер каптады.

Ислам дини мусулмандын кийимине өтө олуттуу талаптарды койот. Эң оболу мусулмандын кийими анын уят жерлерин жабышы керек. Кийим мусулмандын олдоксон көрүнгөн дене мүчөлөрүн жаап гана калбастан анын кыймылын да чектебегендей кенен болгону жакшы. Өзгөчө, аялдардын кийими денесин жаттарга жана өзгөлөргө такыр сыр бербегендей тигилүүсү зарыл. Андан соң гана кийимдин кооздугу жана жарашыгы тууралу ойлонуу керек.

Андан тышкары мусулмандын кийими таза болуусу зарыл. Таза дегени биринчиден кийим таза акчага сатып алынсын. Соң ал таза кармаганга оңтойлоуу жана кирчимел болгону жакшы. Ал эми экологиялык таза жана нукура табигый материалдардан тигилгени пайдалуу.

Өзгөчө, мусулман коомунун кийими башкалардан өзгөчөлөнүп турганы да максатка ылайык. Анткени, пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам, мусулмандарды башка коомдордон өзгөчөлөнүп кийинүүсүн талап кылган. Демек, бүгүн жаштар өздөрү башка коомдордун кийимдерине эмес, келечекте коомдун мусулман жаштарын карап кийинүүсүнө аракет кылуусу зарыл.