21. СӨЗҮҢӨ ТУР



Кураанда адамдын өтө көркөм тартипте, кооз жана башка макулуктарда жок касиеттери менен жаратылганы тууралуу көп айтылат. Чындыгында адамдын түзүлүшүнө үңүлүп караган андагы сан жеткис кооз өзгөчөлүктөрду табат. Алардын бири – адамдын кекиртеги менен ооз көңдөйүнөн чыккан тыбыштардан куралган тамгалардын чыгуусу. Тамгалар жөн гана чыгып калбастан, ооздо сөзгө айлануусу – бир гана адам затына таандык болгон өзгөчөлүк. Ушундан улам адам оозуна чыккан сөзүнүн баалуулугун баамдоосу зарыл.

Сөз адамдын көрсөткүчү жана адам өзүн сөзү менен танытат. Сөздөрдүн эң улуусу өзүнүн Жаратуучусу, Раббысы жана ырыскы Берүүчүсү тууралуу сөз. Адам бул сөздөр менен өзүнүн мартабасын көтөрөт жана бул сөздөрдөн баш тартуу же аларды четке кагуу менен өзү сезбесе да кемсинип, кордук менен жашайт.

Өзүн сүйлөөчү кылып жараткан Жаратуучусу тууралуу сүйлөй албаган адамдын сөзү кандай кооз сүйлөмдөрдөн түзүлбөсүн, баары бир кемтик жана акыры жалган.

Эми адам качан Аллахы тууралуу сүйлөй алат? Качан гана Ага сөз берип, келишим түзсө. Тагыраак айтканда «Лаа илааха илаЛах, Мухаммадур РасулуЛлах!» күбөлүк келмесин айтып, ага шайшеш жашаса гана адамдын жүрөгүнөн Аллахты улуулаган сөздөр чыгып, өзүнүн мартабасын жогорулатып турат.

Бул шайкештик бузулаары менен келменин ээси коргоосуз калат жана аны курчаган жоо талоонго алып, караңгылык сазына тартып кетет.

Демек, анын күбөлүгү – анын негизги сөзү. Аны айткан соң, ал сөзгө ылайык жана татыктуу жашоо, анын талаптарына жооп берүү жана анүчүн жоопкерчилигин сезүү аманат болуп эсептелет. Аманатты аткарбоо же аны бузуу – кыянаттык жана өтө жийиркеничтүү кылмыш.

Жаратуучусуна берген убадасын аткарбаган жана өзүнүн сөзүнө кыянаттык кылган адам башкаларды да аманаткөй болуп жыргатпайт. Ал эртеби, кечпи сөзсүз сөзүн бузат. Ал акыры убадасын буза берген, сөзүндө турбаган жана жөн эле ант иче берген анткорго айланат. Буга биздин күнүмдүк эле жашообуз эсепсиз мисалдарга толгон. Бүгүн жөнөкөй, катардагы мамиледен баштап, саясаттагы алакаларга чейин анткордук, кыянаттык салтка, ал эми алдоо сапатка айланган. Албетте, мындай коом эртеби-кеч урайт жана анын ордуна аманаткөй, берген сөзүн карыздай эсептеп, анүчүн жанын аябагандардын жаңы коому түптөлмөйүнчө өнүгүү болбойт.

Мына ошол коом бүгүнкү жаштардан башталуусу зарыл. Тагыраагы бүгүнкү жаштардын сөзү азыртан алардын затына жана кылган иштерине дал келип тарбиялануусу зарыл. Мына ошондо гана алар келечекте элди чыныгы нүгүүгө жетелей алышат жана аны менен өздөрү да ийгиликке жетишет. Тетирисинче сөзү жөн эле жел болгондорду эл да сүйбөйт, адатта андайлар кандай мансап же байлык менен жашабасын, алардын акыбети кемсинүү жана кордук менен аяктайт.

Демек, жаштар эң оболу Аллахка берген сөзүндө бекем турганды үйрөнсө, элине берген сөзү үчүн да аманаткөй болушат. Биз келечекте ушундай жаштар үчүн дуба кылабыз, аларды күтөбүз. Сөзүңөргө бекем тургула, жаштар!