5. МОТИВАЦИЯ БАҢГИЛИГИ



Кайсыдыр бөлмөгө адекваттуу ойлоно алган адамды киргизсе, ал андагы дубалдын түсүн, шыптагы чыракты, бөлмөнүн кеңдигин, турган эмеректердин түрүн, түсүн байкайт жана барган сайын аларга кенен маани берип, кээ бирлерин өзгөртүүгө же өзүнө ылайыкташтырууга да киришет.

Ал эми ошол эле бөлмөгө нарко баңгисин киргизсе – ага бөлмөнүн кенен-тардыгы, терезелеринин тазалыгы же эмеректердин түсүнүн анчейин мааниси жок жана ага баңги заты берилгенде гана ал айлананы кабылдап, ага баа бере баштайт. Бул учурда баңги затын – мотивация десе болсо керек.

Ошондой эле, реалдуулукка сарасеп салгандан, ага тийиштүү мамиле жасоодон арыган адамдар бар. Алар адатта ыңгайлуулук абалына кирип алышкан. Мында абалды комфорт чеги деп да коюшат. Андайлар өзү жашаган шарттын оорлугуна да көнүп, анын оорлугун да адаттагыдай эле кабылдап, эптеп кечирген жашоосуна ыраазы болуп калышат жана ал чекти бузгулары келбейт. Бузам дегендерди жолотпой, жаңылык менен жаны калбай күрөшөт.

Мунун себеби, алардын мээлери жалкоолукка баткан жана алардыэч кандай жаңылык кызыктырбайт. Тетирисинче, балким коркутат. Көнүмүштү бузуу оңой эмес. Кокусунан кирген кирген жаңылык да көпкө жашабайт. Мына ушул адамдар мотивацияга дайым муктаж жана алар чыныгы – мотивация баңгилери.

Чынында мотивация буларды убактылуу гана таасирлейт жана олуттуу кадамга жетелөөгө кубаты жетпейт. Анткени, алардын эрки өтө алсыз. Ар бир мотивация – убактылуу таасир берген баңги заты гана. Мындан пайда издеген шылуундар ар кандай «попса-тренинг», «типа-семинарлар» аркылуу акча да табышат. Ушундан улам мотивациялык тренинг рыногу бүгүн нарко баңгилигинин катарында турган кирешелүү тармак болуп чыга келди.

Бул эрксиздик эмнеден башталган? Албетте, билимге басым жасап, эркти таштап койгон учурдан башталды. Албетте, ар бир тарыхый доордун өз өзгөчөлүгү болот жана тарых менен талашчудай биз ким элек. Ошентсе да, «Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат» — деп, илимий прогресс, автоматташтыруу ж.б. илимий эволюциянын шаңы менен баарын фундаменталдык билимге үгүттөп, практикалык өнөр, турмуш билгилиги артка сүрүлгөн доордун кесепети өз «мөмөсүн» эми берүүдө.

Мен илимге эч каршылыгым жок, бирок илимге негизделген билимде адамдын эрки да тиешелүү даражада тарбиялануусу зарыл. Анткени, эркти «кол эмгек» жана «дене тарбия» сабактарына калтырып, калган күч теориялык илимге жумшала берсе, адамдарды жалкоолук жана кашаңдык, кыймылсыздык жана бөөдө семиздик баспт тура. Эл өзү айтмакчы: «Колунан б-к келбеген жогорку билимдүүлөр» көбөйөт экен. Элде «иштин көзүн» билген калбай калат экен.

АКШда 2 миллион миллионер бар дешет. Алардын дээрлик көбүнүн биздеги окутулган билимден кабары да жок. Бирок, алар акча жасаганды билишет. Арасында, «тез жаз» десе атын ката жазгандары да толтура, бирок бизге туристтеп келсе, институтту «кызыл диплом» менен бүтүргөн ага ашпоздук кылат. Тамак үстүндө биздики адатынча акылдуусунуп аны үйрөтүп кирет. Америкалык: «Ушундай акылдуу болсоң эмнеге мындай кедейсиң?» — деп ага таң калат.

Алдыңкы мамлекеттер келечек муунун иш билги кылып эбактан бери тарбиялап келет, а биз дагеле «окута» албай убарабыз. Эмнени «чокутабыз?» Белгисиз.

Эмне кылуу керек? Канткенде да эч качан кеч эмес. Кайра баштоо керек. Кайрадан эркти баш ийгенге көндүрүү зарыл. Ийгиликти каалаган ар бир адам миң жолу болсо – миң жолу кайрадан баштоосу зарыл. Эркти башкарууну каерден болсо да үйрөнүүсү керек. Эрксиз жеңиш жок. Жеңишсиз ийгилик болбойт. Жеңип үйрөнгөн жана жеңишке көнгөн адам гана жалкоолуктун кулдугунан бошойт. Ал гана мотивациция баңгилигин жеңе алат.

 

 

587 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *