6. СӨЗҮҢӨ ЭЭ БОЛ



Адамдын сөзү өзүнүн жашоосуна зор таасирин тийгизет. Ошондуктан Куранда «Жакшыны гана сүйлөгүн!» — деген буйрук бекеринин берилбесе керек. Кооз формада айтылган мазмууну пайдалуу сөздү гана жакшы десе болот. Кооз дегени – сөздүн адам табигатына жагымдуусу, гүл сымал тандап терилип, чебердик менен шурудай тизилген, кыргыз оймосундай куюлганы. Бурчу да, айланганы да бар. Бурчун кополу түшүнсө, айланасын кичи пейили алат.

Ал эми пайдалуу деп адамга керектүү маанини берген, ишинин маңызын туюндурган, алдыга үмүттөндүрүп, эрдикке шыктандырган, шашмалыктан кармап, оор басырыктуулукту осуят кылган сөздү айтса болот.

Чынында адам оюндагысын гана сүйлөйт. Оюнда жок сөздү батынып айта албайт. Айтса да анын жасалмалыгы билинип калат. Ою жамандын сөзү да жаман. Өзгөчө, өзү тууралуу айтылган сөздү абайлоо керек. Кээ бир сөзүнө маани бербегендер: «Колуман иш келбейт», «Буга шыгым жок» сымал сөздөрдү көп айтышат. Чынында алар өздөрү тууралуу ою айтканындай. Андан ары оозунан суук сөз түшпөгөндөр да аз эмес. «Мени кудай албады», «Мен бир байкушмун» дегендер айткан сөзүнүн оорлугун билишкенде.

Адамдан сөзү – анын келечегинин коңгуроосу. Тагыраагы адам өзүнүн келечегин сөзү менен кура баштайт. «Өлөт окшоймун» дегендер өлүшөт, «узун өмүр» тилегендер дагеле тирүү. ар бир жакшылыгына шүгүр айтып, жетпегенине сабыр кылгандар чынында сары алтындын кенинде. Ал эми алтын тоого консо да наалый бергендердин абалы дагеле оор. Кыргызда «Барга –бар, жоктун арты – жок!» — делген. Периштелер адамдын оозунан чыккан баардык сөзгө «Омийн!» дешет.

Андан тышкары сөз айланадагылардын жашоосуна да таасир берет. Изилдөөчүлөр абакта отургандардын дээрлик көбүнүн жашоосундагы окшоштукту аныкташкан. Алардын баарын эртедир кечтир ата-энелери же мугалимдери: «Сен түрмөдө чирийсиң», «Сени түрмө күтүп турат» сыяктуу сөздөр менен «тарбиялашканын» айтышат. Ал эми «өлүгүңдү көрөйүн», «жер жуткур» сымал сөздөр менен «эркелеткен энелердин эсеби жок». Кыргызда «Айтылган сөз – атылган ок» — делет.

Ошол эле учурда адамдарды шыктандырган сөздөр да болот. «Сенин колуңдан келет», «Сага бул оңой эле» — деген сөздөр кимди гана алдыга талпынтпасын. Жүзүнөн мээрими төгүлгөн энелердин: «Садагаң кетейин», «Алдыңа кетейин», «Каралдым менин» — деген сөздөрүн чечмелегенге сыя бүтпөйт, кагаз жетпейт.

Сөз менен өлтүрсө да, өстүрсө да болот. Өзгөчө, жашы жетелек тестиер балдарга, улан жана жигит кыздарга өтө мүдөөлөгөн сөздөрдү айтуу зарыл. Айылда бала кезде: «Бу чунагың чоң болот окшойт» — деп эркелеткен карыяларды көрчүбүз. Кийин ошол «чунактардын» көбү чоң иштерди аркалашты.

Балага ата-эненин сөзү да дайым таасирлүү жана бала ата-энесинин үмүтүн актоого умтулуп, аларга өзүнүн ордун далилдегиси, жетишкенин көргөзгүсү келип чоңойот. Мына ушунда ата-эне балага кечиримдүү карап, олдоксон катасын да жакшыга «жоруп» турганы жакшы. Анткени, адамдын өзүнө берген баасы, ишенимдүүлүгү анын үй-бүлөөдөгү кадырынан улам калыптанат. Улам жемеден кордук уга берген балаүй-бүлөөдө өзүн кемтик сезип, алдыга талпынган канаты сына берип, жашоого жалтактап кирет. Демек, адамдын азыркы кадыры – анын бала кездеги ата-энесинын баасы.

Албетте, биз кара каргыш, дуба, бата, тилек тууралуу али ооз ачканыбыз жок. Кеп күнүмдүк тиричиликтеги сөздөрдүн орду тууралуу гана болуп жатат. Канткенде да, адам оозун оңдоосу зарыл жана сөздү – ойду ордуна келтирүү менен гана тарбиялоого болот.

Ошентип, эң оболу адам өзү тууралуу оюн оңдосо – өзү тууралуу сөзү да оңолот. Анан ал башкалар тууралуу оюн оңдосо – алар тууралуу сөзү да оңдолот. Натыйжада периштелер жакшыга гана «Омийин!» дешип, Жараткандан жакшы гана натыйжа күтүлөт.

Өзүңүздүн сөзүңүздүн тазалыгын текшергиңиз келсе төмөндөгү суроолорго так жана чын жооп бергени аракет кылыңыз.

Ном. СУРООЛОР ЖООПТОР
ООБА КЭЭДЕ ЖОК
1.        Сиз керексиз сөздөрдү укканда, сөз нугун башка жакка бура аласызбы?      
2.        Маектешиңиз ушак айтып жатса анын сөзүн токтото аласызбы?      
3.        Сиз өзүңүз тууралуу жаман сөз уксаңыз аны унута аласызбы?      
4.        Сиз тууралуу жаман сөз айткан адамды, териштирбей эле кечире аласызбы?      
5.        Сиз алдыңызда жок адам тууралуу сүйлөйсүзбү?      
6.        Сиз билбеген адамыңыз тууралуу сүйлөйсүзбү?      
7.        Сиз тааныбаган адамыңыз тууралуу жакшы сөз айта аласызбы?      
8.        Сиз «жаман» адам тууралуу жакшы сөз айта аласызбы?      
9.        Сиз «жакшы» адам тууралуу жаман сөз айта аласызбы?      
10.    Сиз балаңызды тилдебей койо аласызбы?      

 

 

 

 

347 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *