7. ЖООПКЕР БОЛ



Жоопкерчилик акыркы учурда табылгыс сапатка айланды. Аз келгенсип, адамдардын көпчүлүгү жоопкерликтин сөздүк мазмуунуна да маани бербей калды окшойт.

Жоопкерчилик – жооп же эсебин берүүчүлүк дегенди туюндурган түшүнүк. Башкача айтканда адам ар бир аракетине жана аракетсиздигине, сүйлөгөнүнө жана унчукпаганына жооп берүүчү.

Бул жашоодо мыйзам алдында жооп берет. Мисалы, айдоочу жолдо унаасын абайлап айдайт, анын күнөөсүнөн кырсык болсо жооп берет. Ал унаасына отураары менен бул жоопкерликти ыктыярдуу кабылдаган. Ал ошондой эле акыретте Жаратканга да жоопкер. Ошондуктан мусулман намаз окуйт, Куран жана Сүннөт менен жашайт, анткени кесепети үчүн жооп берет. Бул адамдын ыктыярысыз жүктөлгөн, сөзсүз жообун (эсебин) бере турган жоопкерлик. 

Ошондой эле дагы бир ыктыярдуу жоопкердик бар. Ал да болсо демилге менен жашоо жоопкердиги. Демилге дайым зирек зээнди, тунук акылды жана кажыбас кайрат менен болоттой эркти талап кылган кубулуш. Ар бир демилгеден башталат жана ар ким эле демилгеге кудурети жете бербейт. Демилге тобокел жана Жаратканга гана жөлөнүү менен ишке ашат. Ката кетсе адам жооп берет, ал эми ийгиликке жетпе сыйлыгын алат. Чынында демилгенин баалуулугу – анын жазага караганда сыйлыкка байлыгында.

Ойго бир иш келээр замат – аны талдоого отуруу керек, анын пайда-зыяндарын калчап көрүп, пайдасы болсо дароо ишке ашыруу жолуна коюу зарыл.

Көпкө создуккан иш эскирет. «Таз таранганча той тараптыр» дейт. Ошондой эле «Көз коркок, кол баатыр», «Этиятойлонгонча, тобокел кыр ашат» ж.б. таамай айтылган накыл сөздөр өтө эле арбын. Демек, көпкө создуктуруу – туура эмес. Чечкиндүүлүк зарыл. Жоопкерчилик – чечкиндүүлүк менен төлөнөт.

Демилге үчүн жооп берүү оңой эмес. Ошол эл учурда жоопкерчилик түйшүгүн жеңилдеткен – катадан сактаган бир катар мыйзам ченемдүүлүктөр да бар.

Дайым шүгүр кылуу. Дайым шүгүр кылууну адатка айландыруу зарыл. Уйкудан турганда, жуунганда, кийингенде, тамак келгенде жана аны жеген соң, суу ичкенде, отураарда, тураарда, басаарда, үйдөн чыгаарда, кайра кирээрде, адамдар менен учурашканда, коштошкондо, жакшылыкка жеткенде, жамандыктан кутулганда, көнөк келгенде, конокко барганда, төшөк салганда, кайра уйкуга жатаарда, иши кылып, адам ар бир көз ирмеми үчүн Жаратканга шүгүр кылууга милдеттүү. Мына ушунда адам түшүндө да өзүнүн шүгүр кылганын көрөт.

Андан тышкары адам айланасындагы, мамилесиндеги адамдарга да ыраазы болууну үйрөнүү зарыл. Наалый берген жана нараазы адамдан баары качат.

Чечкиндүүлүк менен жоопкерчиликти ала алган адам – жашоосун өзү башкарат. Жоопкерчиликтен коркуп, демилгеден качканды – башкалар башкарат.