1. ААЛАМ – ТИЛДЕН БАШТАЛАТ



Ассалому алейкум, урматтуу мусулман бир тууганым! Адамды жаратып, ага жашоону үйрөтүп, ыйман ээлерине кеңешчи, дарыгер, жол башчы жана жарык нур кылып, күмөнсүз жана кынтыксыз Куранды түшүргөн ааламдар Ээси, акырет Падышасы  — Аллахка  мактоолор болсун!

Ааламдарга рахмат үчүн келген, адамдан чыккан асыл зат, акыйкат пайгамбары Мухаммад Мустафа салаллаху алайхи ва салламга салам жана салаваттар болсун!

Адамды аны курчап турган чөйрөсү менен болгон мамилелеринде, байланыштарында тил эң маанилүү жана олуттуу каражат болуп эсептелет. Адам өзүн, жашоосун, аны камсыздаган чөйрөсүн, ааламын тилдин жардамында тааныйт жана тааныганын да тилдин жардамында билдирет.

Бул тыянакты эки өңүттөн түшүнсө болот. Биринчиси, чынында эле адам айланасын оболу тили менен тааныйт. Буга жаңы төрөлгөн баланы мисал кылса болот. Ал төрөлөөрү менен белгиленген ырыскысын мээрим менен жуурулган эненин сүтү аркылуу алат жана ал даамды башка менен алмашпайт. Ымыркай ал сүттүн даамын албетте, тили менен тааныйт. Адам үчүн ал сүттүн даамы – ааламдардын ачкычы.

Экинчиси, адам кызыл өңгөчүндө, кекиртегинде жана ооз көңдөйүндө өпкөсүнөн чыккан абаны тили менен айдап отуруп тыбыш пайда кылат. Анан ал тыбыштарды ошол эле тилдин күрмөөсү менен тамгага айландырат, алардан сөз, андан сүйлөмдөрдү түзөт. Адам ал сүйлөмдөр аркылуу маалымат алат жана аны башкаларга тили менен таратат. Бул маалыматты – сөз десе да болот. Биз бул эмгекте ал сөздү – тил деп белгилегибиз келди.

Анын үстүнө кыргызда эне сүтү менен калыптанган «Эне тилим» деген түшүнүк да бар. Демек, тил адамдын негизин жана тегин, дилин жана затын белгилеген баа жеткис жакшылык.

Бирок адам дайым эле бул жакшылыкты баалай бербейт. «Тилдин сөөгү жок» демекчи, тили жаман адамдар да көп кездешет. Ошондон улам тилди да тарбиялоо зарыл.

Тилекке каршы акыркы кезде тилге керектүү маани берилбей, маалымат майданында толук жана жеткиликтүү, кооз жана адептүү сөз жолукпай калды. Адамдарга берилип жаткан жалган, үстүртөн, болгондо да копол жана олдоксон маалыматтар тууралуу айтпай эле койсо болот. Андан ары адамдардын өз ара байланыштарындагы тил — «оозуна келгенди оттогондой» деңгээлге жетти.

Тилди тарбиялоодо Ислам дининин ээлеген орду зор. Аллах адамдын оозунан чыккан сөзгө өтө олуттуу маани берет. Адам бир сөз менен мусулман болот же каапыр бойдон караңгылыктын туткунунда кала берет.

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын:  «Момундун жүрөгү тазармайынча, анын ишеними бек болбойт.  Анын   тили оңолмоюнча – жүрөгү да тазарбайт» , «Мусулмандын колунан жана тилинен жамандык келбейт» сыяктуу айтылган хадистеринен анын да тилди тарбиялоого өзгөчө көңүл бурганын байкаса болот. Демек, тил – адамдын  бактысы, кээде кайгысы.

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын белгилүү сахабасы Умар ибн Хаттаб: «Адам денесиндеги мүчөлөрүнөн, тазаланып турууга тилдин акысы көп» — деген. Себеби тили жамандык – оору.

Кыргыздын: «Сөз ооздон чыкканга чейин сенин кулуң. Ооздон чыккан соң сен анын кулусуң» деген кеби бар. Өзүңдөн чыккан жаман сөздүн кулу болуу оор кесепет жана ага кабылбоо үчүн «тилге да тизгин керек».  Аны үчүн тил жөнүндө билим алуу жана аны турмушка айкалыштыруу зарыл.

Тил бүгүн да олуттуу мааниге ээ. Өзгөчө, мусулман тили үчүн өтө жоопкер. Анын үстүнө бүгүн Ислам динин жеткирүүнү максат кылган мусулман – тилинин көркөмдүгүн кынтыксыз жана  суктанаардык адепке орогону оң.  Анткени, тили кооз жана адептүү мусулмандын жанына эл чогулат. Анын тилинде заары болбойт жана ал бирөөнүн көңүлүн оорутпайт. Катасын айтып, эл көзүнчө кемсинтпейт.

Ушундан улам, адамдын ажарын жапкан, аны кемтик кылган, жеткиликтүүлүгүн азайтып, кутун качырган, анын тилиндеги кеселдиктер жана алардын кесепеттерин изилдөө муктаждыгы келип чыкты жана катар жылдар бою кесиптик тажрыйбадан, мамилелерден пайда болгон байкоолорду жыйнап, натыйжада чакан колдонмо иштелип чыкты. 

Урматтуу окурман, албетте бул эмгек дагеле оңдоолорго жана толуктоолорго муктаж. Ошондуктан автор сиз бул эмгекти карап чыкканыңыздан соң,  башкаларга да жеткирип коюуңузду өтүнөт.