15. ӨЗГӨРҮҮ ДЕГЕН ЭМНЕ?



Кыргыздын эзелтеден Ислам менен жашап келгени ар кандай дейди пикирлерге карабай, далилдерге өтө бай. Бүгүн деле кайсы кыргызды сураба – атасы, чоң атасы же баба-бубасы чоң молдо болгонун айтат жана өзүн мусулманмын дейт. Кудайга шүгүр, динин тааныйт. Уул үйлөп, кыз чыгарса никесин кыйдырат, сөөктү жаназа менен узатып, Куран окутат. Барган сайын арактан да тыйылууда, мечитке каттай баштады. Жума намаздарында эл жык. Бул өзгөрүүбү?

Албетте , кечээкиге салыштырганда чоң өзгөрүү. Бирок бул өзгөрүү ушундай баш аламан, саясий күн карамалык, кубаты күчтүү өлкөлөргө күнкорлук кылып, ички келишпестик күч алып,  арам-адал чаташкан доордо элдин жашоосун  өнүгүүгө багыттай алабы?

Менимче, багыттаса болот. Эгер эл Жаратканы, Анын дини тууралуу туура маалымат алып, аны менен жашоосун уюштура алса. Анткени, акыйкатта динде гана адилеттүүлүк, жеңилдик жана  жакшылык бар. Демек, кептин баары аны туура жана өз убагында жеткирүүдө.

Ким жеткирет? Коомдун  алдыңкылары, алар – мусулман интеллигенциясы. Т.а. светтик системанын саясий, социалдык, экономикалык, билим берүү табияттарын түшүнгөн жана диний дүйнө таанымдын негизиндеги жашоону да толук, жеткиликтүү түшүндүрүп, аны турмушка киргизүүнүн жолдорун көрө алган саясий функционерлер, агартуучулар жана менеджерлер.

Философиялык дүйнө таанымдын, радикалдуу илимий атеисттик билимине сугарылган, академиялык ой жүгүрткөн интеллигенцияга жана анын жетелөөсүндө бараткан диний караңгы  көпчүлүккө кантип Жараткандын чакырыгын жеткирсе болот?

Албетте, азыркы жетишкендиктер ийгилик эмес, тетирисинче кесепет экенин, алардын дүйнө таанымдарынын элди кыйроого алып баратканын олуттуу аргументтер менен далилдеп, андан баш тартпаса келечектин кооптуулугун түшүндүрүү менен.

Бир караганда бул өтө эле оор түйшүк. Бирок аткарса боло турган иш.  Араб  жарым аралында кылымдар бою калыптанып калган жапайы бутпарастык түзүмүндө пайгамбарыбыздын  алгачкы чакырыгы күндүзү чайыттай ачык асмандан урган чагылгандай болгон. Буга чейин мындайды угуп көрбөгөн арабдар алгачкы чакырыктытүшүнгөндө делдейип, нес болуп калышкан.

Азыр деле Ислам саясаты, экономикасы жана башка табияттары тууралуу али укпагандар көп. Бирок адам заты акыйкатка умтулган зат, сөзсүз арасында  акыл зиректери табылат жана алар Ислам интеллигенциясынын негизи.  Мына ошолор менен иш алып баруу зарыл жана аларды Ислам тууралуу окутуп, ал окууларды андан ары жеткирүү аракетине келтирүү негизги маселе.

Алар элди ойготот, ар бир адамдын бактылуу болууга укуктуулугун түшүндүрөт, ага жетүү жолун көрсөтөт жана Аллахтын убада кылган эсепсиз сыйлыктарын алышат.

Аллах: «Мен эч кайсы коомду өзгөртпөйм, ал коом өзүндөгүнү өзгөртмөйүнчө» — дейт.

Демек, өнүгүү Аллахка, динге, акыретке болгон мамилесин өзгөртүү менен камсыз болот. Мына ошондон кийин гана ийгилик башталат.