13. ДАГЫ БИР ЖОЛУ ТООБА ТУУРАЛУУ



Дүйнө таанымы жетиштүү адам балалуу болсо сүйүнөт, аны бапестеп  өстүрөт. Перзент  чоңойгон  соң өзү билгендей – арак ичип, кумар ойноп, бузукулук менен жашап калса, атанын   боздоп да ыйлап да  айтканына  карабай  анын  кашыктап жыйган байлыгын чөмүчтөп сапырса, эл ичиндеги кадыр баркын кетиргени аз келгенсип, « атам жок» деп чыкса, сабырдын чеги жетип,  эл чогулуп, ата баласынан  кечип салат  жана атанын  бул чечимин баары түшүнүү менен колдойт. Анткени атаны какшата берген баланы эл сүйбөдү жана кечире албады.

Болгону адамдар, бирок кандай таарынчак жана кекчил макулуктар. Алар өздөрү бүгүн ошол эле атаны, баланы, элди да жараткан Аллахы  менен кандай мамиледе болду экен?

Аллах ар бир адамды жаратат, аны бир да көз ирмемге калтырбай түркүн ырыскылар менен камсыздайт. Ага чейин анын жашоосун тартиптеген динди да берген. Акылын туура иштеткен адам өзүнө, айланасына сарасеп салуу менен эле Аллахын табат жана Ага дароо моюн сунуп жашайт. Бирок кээ бирлери акылы туруп, Кудайын издебейт, Аны тааныбайт жана өзү билгениндей жашагысы келет. Бул динсиз жашоо аны кудайды такыр танууга, Анын динин четке кагууга алып келет.

Аллах Ыйык  Куранда: «Эй, ыймандуулар! Бардыгынар Аллахка тооба кылгыла! Балким кутуласынар!»[1]  — дейт. Ошондой эле Куранда: «Тооба кылбагандар – алар заалымдар»[2] — деген да аят бар. Андан тышкары Куранда тооба кылгандар жана заалимдер туурасында айтылган аяттар өтө эле көп кездешет. Ошондон улам Аллах адамдарды заалымдар жана тооба кылуучулар деп эки топко бөлүп караганын байкаса болот.

Зулум сөзү араб тилинен – адилетсиздик, караңгылык, эзүү, тарынтуу сымал бир нече мааниде которулат. Адам караңгылыгынан, наадандыгынан же текеберлигинен башкага гана эмес өзүнө да зулумдук кылуусу, тагыраак айтканда өзүнө да адилетсиздик кылып, акыретин кыйратуусу ыктымал.

Ал эми тооба сөздүк маанисинде  – өкүнүү дегенди билдирет. Бирок тооба диний маанисинде өзүнө – күнөөнү аңдоо, өкүнүү жана ал күнөөгө кайтпоого ант берүү шарттары сымал аткарылуусу зарыл болгон бир катар талаптарды камтыйт.

Демек, адам күнөөсүн түшүнүп, өкүнүү менен андан ант берип баш тартса тообосу кабыл болот жана аны Аллах кечирет. Тетирисинче, күнөөсүнө кайдыгердик менен маани бербей жашаган – адам өзүнө өзү адилетсиздик кылып, Аллахтын жазасына кабылат.  

Жогоруда «атам жок» дегенди атасы кечип салды. Ал эми арамга баткан, Жаратуучусун тоотпогон, Аны жокко чыгарган адамды Аллах али да жок кылып жибере элек. Анын тообасын чексиз сабыры менен күтүүдө. Бирок күтүү убактысы чектелген. Тагыраагы тооба ажал келгенге чейин гана кабыл болот. Андан соң ал үчүн тообалар эшиги жабылат. Анүчүн ким тооба кылбасын такыр кабыл болбойт.

Акылын иштеткен ар бир адам күнөөдөн алыс жашоо үчүн эң оболу Шариатты үйрөнүүсү зарыл. Ошого карабай пенделик кылып күнөө кылып алса ага дароо өкүнүп, экинчи ирет кайталабоого убада берүүсү керек. Ошондо гана анын күнөөсү кечирилет. Тетирисинче, күнөөсүн билбей же билсе да аны кенебей жашагандардын абалы келечекте оор кесепетерге дуушар болот.

Ар бир жакшылыктын башаты – тообадан башталат. Анткени, тооба – Аллахтын кечириминин – баа жеткис жакшылыктын эшиги.

 

[1] Куран, «Нур» сүрөөсү, 31-аят.

[2] Куран, «Хужурат» сүрөөсү, 11-аят.