12. ТООБА ТОЗОКТОН КУТКАРАТ



Адам балалуу болсо сүйүнөт, анын келечегине суктанып, андан жакшы жана пайдалуу адам чыгаарынан үмүттөнүп бапестеп өстүрөт. Убакыт өтүп, перзентти бойго жетет. Бирок, ата-эненин мүдөөсү акталбай, ал өзү билгендей жашап, арак ичип, кумар ойноп, бузукулукка сүңгүп кирет. Атанын боздогонуна, айтканына карабай анын кашыктап жыйганын чөмүчтөп сапырды, эл ичиндеги кадыр-баркын кетиргени аз кетирди. Ата-эненин сабыры түгөп, акыры уулунан түңүлүшөт.

Же дагы бирөө аялынан эч нерсени аябады. Айтканын айткан замат аткарат, каалаганын орундатат. Эч нерседен кем кылбайт. Мүнөзүндөгү кополдуктарын да көтөрөт. Баарына чыдайт. Бирок бир жолу аялы башка эркек менен мамиле түзсө, же эринин «көзүнө чөп салса» – эри заматта андан баш тартат. Аялынын саткындыгын жана жийиркеничтүү күнөөсүн  кечире албайт.

Же кыйышпас достор. Алар да бири-бирин өзүнөн абзел көрүп чоңоюшат. Өзүнөн мурда досун ойлошот. Досу ач отурса тамагынан оокат өтпөй калат. Досу чакырса ичип жаткан тамагын жерге коюп чуркайт. Ушундай ынтымак достор да ортосунда жарака кетсе, бири-бирин кечире албай, көңүлдөрү сууп, кээде бири-бирин өлтүрүүгө даяр, элдешкис душманга айланышат.

Болгону адамдар, а кандай таарынчак жана кекчил келишет. Бирок алар ошол эле ата менен баланы да, баланы да, эрди-катынды, эгиздей болгон досторду да жараткан Аллах  менен бүгүн  кандай мамиледе болду экен?

Аллах оболу адам үчүн ааламдарды, анда атайын абалуу, суулуу, топурактуу Жерди жаратты. Андан мезгилдердин тартибин орнотту жана аны кармап туруу үчүн бүт ааламды ишке салды. Күн Жерге жылуулук жана жарык берет. Асман Жерди космостон келген кооптуу таасирлерден коргойт.

Андан ары Аллах Жерде адамдын ырыскысы үчүн сан жеткис дарактардын, өсүмдүктөрдүн, жан-жаныбарлардын, канаттуулардын түрлөрүн жаратты. Алардын ар бири башкасы үчүн ырыскы болуп отуруп, аягы адамга ырыскы болчудай мыйзамдарды койду.

Анан Адам атаны өтө кооз сүрөттө, Улуу Сүйүү менен жаратты. Ага бүт периштелерди сажда кылдырып, анын мартабасын көтөрдү. Бир гана Шайтан бой көтөрүп, адамды тоотпой, ага сажда кылуудан баш тартты. Аллах адамдын даражасын тан албаганы жана буйругун аткарбаганы үчүн Шайтанды Бейиштен чыгарып салды.

Кийин Аллах Адам атанын өзүнөн  Обо энени жасап берди. Аларга Бейишти ыраа көрдү жана аларга Шайтандын душмандыгын эскертти. Аллахтын адамга болгон зор урматына жана берген жакшылыктарына сөз жетпейт.

Тилекке каршы Бейиш тургундары Аллахтын эскертүүсүн унутушту жана өз душманына азгырылышты. Буга Аллахтын каары келди. Аларды да Бейиштен кууп чыгарды. Бирок аларды жок кылып жиберген жок. Болгону аларга Бейиштин баасын, Шайтандын адамга анык душмандыгын көрсөткүсү келди жана аны түшүнгөн адам затын Бейишке кайра кайтарууну убада кылды.

Аллахтын жакшылыктары ушуну менен токтоп калган жок. Ал адам затын курчап турган чөйрөсү, ааламдар тууралуу пайгамбарлары аркылуу билдирип турду. Анын Элчилери ошондой эле адамдарга тамак бышырып, кийим тиккенден, ажатканда отургандан мамлекет башкарганга чейинки тартипти, андагы жакшы жана жаманды, пайда жана зыянды да үйрөтүп беришти. Мындай камкордук жана сүйүү дагы кимдин колунан келет?

Бирок, адам заты дагеле наадан жана анын жаны өзү каалагандай жашагысы келет. Бул каалоо барган сайын адамды караңгылыкка жетелеп, акыры «кудай жок, мен маймылдан жаралгамын» дегенге жеткирди. Ата уулунан түңүлдү, эри катынын кечире албады, эки дос бири-бирин өлтүргөнү турат, бирок Аллах адамды кечип, кырып, жок кылып жиберген жок. Ал: «…Баарыңар Аллахка тооба кылгыла! Балким (Тозоктон) кутулаарсынар»[1] — деп, пендесинин тообосун жана Бейишке кайтуусун Сабырдуулук менен күтүүдө.

Айтмакчы, адамдын тооба кылуу үчүн эч кандай ортомчунун кереги жок. Ошондой эле тооба кылуу үчүн өзгөчө, жер, кийим же убакыт да талап кылынбайт. Адам каалаган учурда, каалаган абалда, каалаган убакытта тооба кыла алат. Болгону ал тообанын негизги шарттарын билүүсү гана зарыл. Алар: кылынган иштин күнөөлүгүн билүү, ага кейүү жана аны кайталабоого убада берүү. Ушул үч шарт аткарылган тообаны Аллах эч тоскоолдуксуз кабыл алат. «…Аллахка чыныгы ыкластагы тообаңар менен кайрылгыла, балким Эгеңер силердин күнөөңөрдү кечирет…»[2] — деп, тообасы кабыл болгондун күнөөлөрүн кечирип, кемсинүүдөн, азаптан куткарат.

Аллах пендесинин тообасына кубанат. Бул тууралуу Анас ибн Малик пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын: «Чындыгында Аллах Өз пендесинин тообасына, чөлдө төөсүн жоготуп, кайра тапкан адамдан бетер кубанат»[3] дегенин айткан. Ошентип,  Алла кааласа кечирет жана кечиргенине кубанат.

Бирок буга Аллах, Анын кечиримдүүлүгү жөнүндө кабары жоктор: «Канча күнөө кылганына карабай, Аллах кечире береби?» деп таң калышат. Албетте, Аллах кечиримдүүлөрдүн Кечиримдүүсү жана чын ыкласы менен тооба кылгандарды кечиргенди жакшы көрөт.

Аллах ошондой эле күнөөсүнө карабай тооба кылган пендесинин сүйөт дагы. Бул тууралуу Куранда «Чындыгында Аллах тооба кылгандарды сүйөт»[4] жана башка ушул сыяктуу аяттар өтө көп кездешет.

Демек, адамдын бүгүнкү караңгылыгы аны келечекте кемсинтет, уят кылат жана мартабасын төмөндөтөт. Бирок кылмышын сезген адам  Аллахтан коркуп, дароо тооба кылса Аллах аны Акыреттеги кемсинүүдөн тообасын кабыл алуу менен  куткарат.

Кечиримдин натыйжасы – Бейиш, ал эми белгиси – Ислам.

 

[1] Куран, «Нур» сүрөсү, 31-аят.

[2] Куран, «Тахрим» сүрөсү, 8аят.

[3] Мухаммад Бухарий, Муслим.

[4]  Куран, «Бакара» сүрөсү, 222аят.