11. КУРМАНДЫК ТУУРАЛУУ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ



Курмандык чалуу ар бир элдин ишенимине жараша байыртан болуп келген маарасимдерден. Кыргыдар да бул маарасимди кенен колдонгон бирок, Ислам дининин тароосу менен курмандык диний тартипке келген. Курмандыкты түшүнүү үчүн анын негизин, т.а. ажылыктын бүтүүсүнө байланган курман айтты кароо зарыл.

Ажылык[1]  – тилдик маанисинде макталган жерге ниеттенүү, умтулуу, ал эми диний  маанисинде — жылдын белгиленген мөөнөтүндө азыркы Сауд Аравиясынын карамагындагы Мекке шаарындагы Харам мечитин[2] зыярат кылуу, андан анчейин алыс эмес жайгашкан Арафат тоосунда туруу, Мина жана Муздалифа өрөөндөрүндө түнөө дегенди түшүндүрөт.

Ажылык  ислам дининин күбөлүк, намаз, орозо жана зекеттен кийинки бешинчи түркүгү жана Аллах тарабынан хижраттын тогузунчу жылы: «Мына Биз Ибрагимге үйдүн ордун көрсөттүк: «Мага эч нерсени шерик кылба жана менин үйүмдү айлануучулар, туруучулар  жана баш ийүүчүлөр үчүн тазала жана элдерге ажылык жөнүндө кабар бер!  Алар сага  жөө жана арыктаган төөлөр менен алыстан келишет, себеби, алар пайдалууга  күбөлүк келтиришет  жана аныкталган күндөрү аларга белек кылынган мал үстүндө Аллахты эскеришет. Андан жегиле жана бактысыз кедейди жедиргиле!»[3]деген аяттары аркылуу милдеттендирилип, шарттары пайгамбарыбыз с.а.в. тарабынан тартиптелип, бекитилген.

Ажылык маалы ар жылы ай санагы боюнча жылдын тогузунчу — зуль хижжа[4] айынын башында башталат. Пайгамбарыбыз салаллоху ва саллам: «Ажылык бир өмүрдө бир эле жолу шарт. Андан көп аткарганга ыктыярдуу ибадат катары жазылат» — деген. Ошондон улам ажылык бир гана жолу, чын ыклас менен аткарылуусу шартталган.

 

АЖЫЛЫКТЫН МААНИСИ — КУРМАНДЫК

Ажылыктын тарыхы Адам ата менен Обо энеден башталат десе туура болот. Анткени,  алар бейиштен куулуп, көп убакыт бирин-бири жер кезип издешип, Аллах алардын тооболорун кабыл кылган соң Арафат тоосунда жолугушат.

Илгертен айтылып келаткан бул окуя бир караганда жөнөкөй туюлганы менен түпкүрүндө ажылыктын башатындагы зор курмандыкты айгинилеп турат.

Ажылык ибадатын  изилдеген адам анын Жаратуучунун адам затына берген жакшылыгынын туу чокусу экенин, анын калыптануу тарыхы жалаң гана курмандыктардан турганын баамдайт.

Чындыгында, Адам ата менен Обо эненин тообосу, алардын бири-бирин издөөсү жана табышкан соң, жер шартына ылайыкташып, насил улап,  үй-орозгерин куруусу зор курмандык.  Адам ата Аллахтан үйрөнгөнүн урпактарына өзү жеткиргени үчүн аны алгачкы пайгамбар делет. Алгачкы пайгамбар жердеги жашоосун Арафат тоосунан баштаган жана ошондуктанбы, айтор  бул  тоодо туруу ажылыктын негизги парзы болуп эсептелет. Анткени, пайгамбарыбыз салаллоху ва саллам: «Ажылык –бул Арафат»[5]-деген.

Адам атадан кийинки эчендеген пайгамбарлардын  маңдай тери менен чөл сугарып, канчасынын сөөктөрүн кум жашырып жатат. Чол канча эрдин кадам изин эстеп калгандыр. Алардын мээнети адам көтөрө алгыс курмандыктардын үлгүсү.

Ибрагим пайгамбар Аллахтын буйругу менен аялы Ажарды жана уулу Исмайылды келечектеги Каабанын ордуна алып барып калтырды жана аларды убакты-сааты менен зыярат да кылып турду. Аллахтын буйругун аткаруудагы Ибрагим пайгамбардын берилгендиги, Ажардын сабыры, Исмайылдын татыктуулугу, эр менен аялдын, ата менен уулдун ортосундагы мамилелери зор курмандык.

Исмайылдын урпактары араптарды Жалгыз Аллахка сыйынууга талыкпаган чакырып, аларга   Ибрагим пайгамбар көрсөткөн ибадаттарды үйрөтүп келди. Бул кол кыла алгыс курмандык.

Кураандын алгачкы аяттары түшө баштагандан тартып, алгачкы мусулмандардын  мушриктердин зомбулугуна, караңгылыктын кесепетине чыдап, аны менен күрөшүп алпурушкан Меккедеги он үч жылдык жашоосу да зор курмандык.

Андан ары мусулмандар Мадинага өз борборун түптөп, пайгамбарыбыз салаллоху ва салламдын акыйкат сабактарынан таасирленип, өз дининин дөөлөтүн бекемдөө үчүн канчалаган кандуу салгылашууларды баштан кечиргени,  эбактан жер жүзүн баш көтөртпөй муңкуратып келген улуу дөөлөттөрдү чөгөлөткөн согуштары, каны менен чөл кумун жууруган эрдиктердин үлгүлөрү да зор курмандык.

Мекке мусулмандарга жана динге ачылып, келечектеги ажылыктын бермети Кааба жүздөгөн буттардан тазалануусу, мусулмандардын жаңы эрежелер менен жасаган алгачкы умрасы, пайгамбарыбыз салаллоху ва саллам менен өтөгөн алгачкы ажылыгы Аллахтын адамзатына ыроологон жакшылыгынын салтанаты үчүн зор курмандык.

Бул курмандыктын дарбазасы азыр деле ачык. Болгону ажыга аттангандын баары эле ушул дарбазадан чыгып жатабы? Кеп ушунда. Ажыга аттанаарда бир айга жетпеген алдыдагы саякаттын акыреттеги сообу түбөлүктүүлүктү камтыганын түшүнүү зарыл. Антпесе, ажылыгы үчүн курмандык кылбаган адам, анын маанисин да түшүнбөйт. Бул сапар ага шаар кыдыруу, уйку жана ушак менен бүтүп, үйүнө чарчап кайтат. Бизди мындан Аллах Өзү сактасын!

 

КУРМАНДЫКТЫН НЕГИЗГИ АМАНАТЫ

Кураан ажылыкты Ибрагим пайгамбардан башталганын  баяндайт. Арадан канча кылым өтпөсүн, адамдар Аллахтын буйругун аткаруу үчүн, бул чөлкөмгө дүйнөнүн төрт тарабынан катташат. Бир сөз менен айтканда, Ибрагим пайгамбардын адамзатына салган чакырыгынан баштап ушул күнгө чейин Кааба жалгыз кала элек жана аны тооп кылгандардын саны арбыса арбыгандыр, бирок кемий элек. 

Ажылыктын  тагдыры да кызыктуу. Караңгылык доорундагы  ажылык ар кандай кошулмалар, ширк менен оролуп отуруп, түпкү нускасынан эбак тайган жана Ислам гана бул ибадатты адам затынын татыктуулугуна айлантты. Кураандын алгачкы аятынан башталган жаңы ажылык Ислам динин туу чокусуна жеткирүү менен калыптанды жана мусулман Аллахтын алдындагы милдеттеринен ажылыгы менен гана кутулмай болду.

Пайгамбарыбыз салаллоху ва салламдын сахабалары Аллахтын бул жалгоосуна ээ болуу үчүн, баштарынан  жыйырма үч жылдык сыноону кечиришти. Алардын ичинде моюнуна чейин кумга көмүлүп, көз алдында энесинин ауратына найза сайып өлтүргөнүн көргөндөр, колдорун керип, жылаңач курсагына кумда кызыган таш басылгандар, чок үстүнөн жону менен сүйрөлгөндөр, Ислам дини үчүн журт которгондор, Аллах жолундагы согушта шейит болгону аз келгенсип, кулак-мурдулары кесилгендер, дин үчүн бүт байлыгын сарптап, өздөрү ачкалыктан  курсагына таш байлагандар, көмүлгөндө кепинге кийими жетпей чөп менен оролгондор бар эле. Алардын ар бири пайгамбарыбыз с.а.в.дан — Ислам динин булак башынан алгандар жана Аллах алдындагы алдыңкылар. Алар он үч жыл бою Меккеде муршиктердин азабына, кордугуна  карабай мусулман коомун түзүштү, анын негизи жана пайдубалы болушту. Аллахтын буйругу менен киндик каны тамган шаарынан жаңы жутрка көчүштү жана калган он жылы Ислам дөөлөтүн тургузушту. Аны коргошту жана беделине жеткиришти. Эми алардын алдында – Ислам динин — Аллахтын пенделерине жасаган кайрылуусун, жакшылыгын калган адамзатына жеткирүү тапшырмасы турду. Аны алганы алар жыйырма үч жыл даярданышты жана пайгамбарыбыз с.а.в. белгилеген күнү, мээ кайнаткан аптапка карабай,  баштары жылаңач, денесин болгону эки кулач кездеме кепинге ороп: «Лаббайк, Аллахумма лаббайк! Эй, Жараткан Аллах, биздин Ээбиз, Кожобуз, акыреттин Падышасы, ааламдардын Раббысы, биз Сага лаббай деп келатабыз. Сенин буйругуңа даярбыз! Сенин кандай гана каалооң, Сенин ар бир буйругуңду кандай гана каршылык, оордук болбосун аткарууга даярбыз!»,- деп келатышты. Бул убада  сахабалар сегиз күн бою Мадинадан чыгып,  жанар тоо аткан кырдуу лавалардын бут кескенине, суусап эстен тая кулаганына карабай, көздөн учкан Каабага жолукмайынча бир көз ирмемге да токтогон жок.

Сагынычтан Каабаны көз жашын мөл төгүп тооп кылышты, андан ары Мина өрөөнүнө чыгышты,  Арафат тоосунда турушту. Мына ушул жерде пайгамбарыбыз салаллоху ва саллам үммөтүнөн: «Аллахтын аманатын мен силерге жеткирдимби?», — деп сурады. Үммөтү: «Ооба»,-деп жооп берди. Пайгамбарыбыз салаллоху ва саллам колун көтөрүп, алаканын асманга жая: «Аллахым сен күбөсүң, аманатыңды мен буларга жеткирдим!»,-деди. Анан элге кайрылып: «Калгандарга жеткирүү эми силерге аманат», — деди. Бул сөздү түшүнгөндөр ажылык бүткөн соң, үйлөрүнө кирбей, алган аманатын жеткирүү үчүн жер тытып тарап кетишти. Алардын кажыбас кайраты, баа жеткис мээнети менен жеткен Ислам эми бизге да аманат!

Аллах ажылыкка чакырган мусулман гана Анын ыйык Үйүндө конок болуп кайтат. Бул ардактуу ишеним жана анын артында зор аманат турат. Анткени, ар бир ажы «лаббайк» айтып, Жаратуучусунан тапшырма алганы барат. Мына ошонун урматына Аллах ажылыгы кабыл болгондордун бүт күнөөсүн кечирип, амал китептерин жаңылайт. Ажылыгы кабыл болгон мусулман үйүнө энеден жаңы төрөлгөндөй жаңыланып кайтат. Бул баа жеткис сый!

Пайгамбарыбыз салаллоху ва саллам: «Ажылыгы кабыл болгон адам, тааныган-тааныбаганга  саламды таратып калат», — дейт. Салам — тар маанисинде «Ассалому алейкум!» деп саламдашуу, кең маанисинде Ислам. Демек, ажыдан кайткан мусулман элине Аллахынын саламын алып келет жана аны таратат.

Ажылыктын аманаты зор. Муну түшүнбөгөн уктап барып, уктап келет. Ортосунда базар кыдырып, ушакташып, жаңжал менен алек болот. Алар адатта самалеттон түшөөр менен: «Кана ушубу мейманкана? Шарты начар экен, суусу жок, төшөгү жука, базары алыс экен»-деп наалый башташат. Ибадатын «сүйрөгөн иттей» аткарышат. Ар кимди сындап, кайрап, сооп ордуна толтура күнөө менен кайтышат. Кайтканда да бир-эки ай ажы болумуш болот да, мурдагы «таз кейпин» кийишет. Бир хадисте пайгамбарыбыздын: «Ажылыгы кабыл болгон адам мурдагы күнөөлөрүнө кайтпайт», — дегени айтылат. Ажылыкты татыктуу аткаруу менен мусулман ыйманын бекемдейт, ибадатын кооздойт жана Аллахтын алдында даражасын көтөрөт.

 

[1] Арабча — хажж — зыярат

[2] Масжид аль-харам

[3] Кураан, «Хадж», 26-28

[4] Арабча — зуль-хижжа- ажылык ээси

[5] Аль-Бухарий, «Сахих»