9. КҮБӨЛҮКТҮН КАБЫЛ БОЛУУ ШАРТТАРЫ



Ислам дини адамзатына берилген жакшылык жана жеңилдик. Аны Аллах Өзү Ислам деп атады жана аны адамдарга ыраа көрдү. Ислам адам, анын жашоосу жана аны камсыз кылган чөйрөсү тууралуу толук кандуу маалымат берет. Ошондуктан Ислам дини – эрежелердин төрөсү. Эрежесиз жашоонун тарткылыгынан өткөн кесепет жок.  Адам Аллахтын алдында дини менен гана өзгөчөлөнөт.

Ислам динин кабылдоо оңой. Бирок жоопкерчилиги зор. Т.а. «Лаа алааха иллаллах, Мухаммад расулуллах» (Аллахтан башка кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси) деп күбөлүк берген адам ыймандуу жана мусулман эсептелет жана мусулман коому анын күбөлүгүнө татыктуу мамиле жасоого милдеттүү. Аллах Кураанда: «Аллахка жана Анын элчисине ишенгендер гана ыймандуу…»[1]деп, ыйман талабын бекиткен.

Бирок, күбөлүгүн Аллах кабыл кылган адам гана толук ийгиликке жетет. Күбөлүктүн кабыл болуусу үчүн бир катар шарттар каралган жана шарттары аткарылбаган күбөлүктүн акыретте пайдасы жок. Айтмакчы, бул шарттар адамдын жүрөгү менен гана аткарылат жана ал башкаларга билинбейт. Ошондуктан алардын аткарылганын бул дүйнөдө текшерүү такыр мүмкүн эмес.

Биринчи шарты — илим алуу. «Лаа илааха иллалах» келмесинин акыйкатын аңдоо. Аллах Кураанда: «Аллахтан башка кудай жоктугун билгин…»[2]дейт. Илим Аллахтын жалгыздыгын, Анын гана сыйынууга татыктуулугун билүүгө апкелет. Кураанда Аллах: «Аллах Өзүнөн башка кудай жоктугуна күбөлүк берди. Периштелер жана илимдүүлөр да. Ал адилеттүүлүктү колдойт. Андан — Кудуреттүү, Даанышман башка кудай жок!»[3] — деп, Өзүнүн жалгыздыгына Өзү жана периштелерге кошулуп,  илимдүүлөр да  күбөлүк бергенин айтат.

Илим күбөлүк келмесиндеги «Лаа илаха» сөзүн — бардык сыйынылган буттардын жана тагуттардын кудайлыгын четке кагуу, аларды аздектөөдөн, аларга табынуудан баш тартуу зарылдыгын түшүндүрөт. Мындан сыйынууга Аллахтын гана татыктуулугун үйрөткөн илимди үйрөнүү милдети келип чыгат.

Экинчи шарты — жүрөк «Лаа илааха иллаллах» келмесинин акыйкатына – Аллахтын барлыгына, Анын жалгыздыгына жана сыйынууга Анын гана татыктуулугуна ишенүү. Аллах Кураанда: «Бул – себеби Аллах Акыйкат, алар сыйынган Андан башкалар – жалган, жана ошондой эле Аллах Улуу жана Улуу болгону үчүн»[4]деген. Муну түшүнүү мусулман үчүн эң маанилүү маселе. Анткени, мусулман билип туруп ачык каапырлык кылбайт. Бирок, Шайтан аны ишениминдеги илдетинен кармайт. Т.а. мусулман ишенимине шектенүү менен алсызданат.

Пайгамбарыбыз салаллаху алейхи ва салам: «Ким Аллахтан башка кудай жоктугун билген абалда көз жумса Бейишке кирет»[5] — дейт.

Үчүнчү шарт – берген күбөлүгүнө ынануу (инкыяс).  Аллах Кураанда: «Ыймандуулар – Аллахка жана Анын элчисине ишенгендер жана андан кийин шектенбей Аллах жолунда өздөрүнүн мүлкү жана өздөрүнүн жаны менен согушкандар. Алар так чынчылдар»[6] — дейт.

Пайгамбарыбыз салаллаху алейхи ва салам: «Ким Аллахтан башка зат жоктугуна жана менин пайгамбарлыгыма шектенбесе (якындуу болсо) Бейишке кирет»[7] — деген.

Күбөлүк бергени менен ичинде ага ынанбагандар бар. Аллахтын тыйуусун тан албай, ачык четке кагып, ээн баштыгын токтотпогонду – амалы жана түшүнүгү анык болгондуктан каапыр десе болот. Ал эми Аллахтын өкүмүн аткарбаганы менен, күнөөсүн билип, ичтен кейиген адамдын абалы башка. Мисалы, арактын арамдыгын четке кагып, аны ачык ичкен менен, ичсе да анын күнөө экенин билип, ичинен ачынган эки адамдын абалдары буга мисал.

Ошондой эле, сыртында баш ийгендей көрүнгөнү менен ичинде калыстыгы жоктор да болот. Мисалы, бирөө намаздын парздыгына, окулбаса азапталаарына ишенсе да окубайт. Ошол эле учурда намазды салт көрүп, же ишенимден сырт себептерден улам окугандын абалы башка.

Адам Аллахтын тыйуусун бузду. Иблис да Аллахтын өкүмүнө баш ийбеди. Бир караганда экөө тең күнөөкөр. Бирок, Адам кечирилди, Иблис тетирисинче кечиримден кур калды. Анткени, Адам кылган күнөөсүн сезип, тообо кылды, ал эми Иблис тетирисинче кылганын күнөө деп эсептеген жок жана  текеберлигинен каапыр (ибаа ва тастакбару) болду.

Төртүнчү шарт – Шариаттын өкүмдөрүнө ыраазы болуу. Шариаттын өкүмүнө ичтен нараазы болгон, ага наалыган мусулмандын күбөлүгүн Аллах кабыл кылбайт. Мисалы, намаздын парздыгына, уруксат берилген көп аялдуулукка нараазы болуу ж.б. Албетте, кээде алсыраган мусулманга намаз оор болуусу мүмкүн, бирок ал намаздын парздыгына наалыбайт. Ошондой эле аял күйөөсүн кызгануусу мүмкүн, бирок анын Аллахтын өкүмүнө нараазы болгону туура эмес. Ооздукталбаган кызганычтын Аллахтын өкүмүнө каршы чыкканы өтө коркунучтуу.

Мындай наразылыктын кээ бир түрлөрү бул жашоодо деле жазаланат. Мисалы, али динди кабыл кылбаган каапыр, мусулман карамагында (зимий) тынч жашай алат. Бирок, ал Исламды кабыл кылган соң, кайра динден чыгууга, же аны алмаштырууга укугу жок. Динден чыкканы аныкталган мусулманга  кайра тообо кылууга убакыт берилет. Тообо кылбаса өлүм (муртад) жазасына буйрулат. Анткени, пайгамбарыбыз: «Динин алмаштырганга өлүм» — деген.

Бешинчи шарт — күбөлүк ыклас менен берилүүсү зарыл. Ыклас жүрөктүн амалы жана анын негизги душманы мактануу (рия, сума), «эл көрсүн, эл уксун». Калыс болбогон күбөлүктү Аллах кабыл кылбайт.

Алтынчы шарт – мусулмандарды жакшы көрүү. Дос жана душманды ушул күбөлүк негизинде аңдоо. Досу менен акыйдасы бир, ал эми душман бул акыйдага кирбейт. Ошондон улам, канча пайда апкелбесин, кандай гана адептүү жана заманбап болбосун, каапырга караганда эң кылмышкер жана сабатсыз мусулман абзел коюлат. Анткени, мусулмандын жок дегенде күбөлүгү бар жана ал Аллахтын алдында күбөлүксүз каапырдан алда канча артык. Анын үстүнө каапырлык кылмыш-күнөөлөрдүн эң чоңу жана жийиркеничтүүсү.

 

 

[1] Кураан, «Нур», 62

[2] Кураан, «Мухаммад», 19

[3] Кураан, «Аали Имран», 18

[4] Кураан, «Хажж», 62

[5] Бухарий, «Сахих»

[6] Кураан, «Хужурат», 15

[7] Бухарий, «Сахих».