7. АЛЛАХТЫН ИМПЕРИЯСЫ



Адамзатынын тарыхы изилдегенге өтө кызык. Андагы ар бир кубулуш тыкан иликтөөнү талап кылат. Акыркы убактарды Ислам дини, анын табийгаты, мусулман коому, анын башынан өткөн тарыхый баскычтар көптөгөн изилдөөчүлөрдү өзүнө үңүлтүп, кылымдар бою маанилүүгү артып келген илимий мурастардын жаралуусуна шарт түзөт.

Ислам тарыхы өтө кызык ачылыштарга бай кубулуш. Аны түшүнүү үчүн алгач анын калыптануусун шарттаган  Араб жарым аралынын Исламга чейинки саясий, экономикалык, социалдык абалын, жарым аралды курчаган ири мамлекеттердин таасирлерин, аны жерлеген урууларды, алардын ички жана сырткы байланыштарын, ишенимдерин, каада-салтын толук караб чыгуу зарыл. Анткени, Ислам тарыхы ушул көрсөткүчтөр менен маанилүү.

Араб жарым аралын жерлеген калкты араб дешет. Кээ бирлер бул ат алардын Йеменден чыккан түпкү атасынын атынан десе, кээ бирлери байыркы арамей тилинде ысык, суусуз жана чөл дегенди билдирген жер аталышы дешет. Канткенде да арабтар тарыхта жоголуп кеткен, таза кандуу жана арабташкан арабтар деп, үч топко бөлүнүп каралат. Жоголуп кеткен арабтар тууралуу маалымат жокко эсе. Бирок, калгандары тууралуу жетишээрлик маалымат табылат.

Таза кандуу арабтар Йеменден чыккан жана ар кандай тарыхый шарттарда Араб жарым аралынын ар кайсы чөлкөмдөрүн отуруктап калган калк. Адатта алардын урпактарынын бир бөлүгү  каардуу чөл шартына ыктап жашай алган көчмөндөр катмарын түзсө, кээ бирлери мамлекеттер негиздеген династияларга айланган. Тарыхта алардын бир канчасы тууралуу маалыматтар сакталган. Алардын ириси кахтандын урпактары эсептелген бир катар уруулар Араб жарым аралын дээрлик каптаган. Азд уулдары Оман, Бахрейнден тартып Тихамага чейин отуруктаган. Ляхм уулдары түндүк батышка жүрүп отуруп, Ирактын чегине жетип, Персиянын вассалдыгын алган Хийра бийлигин негиздешкен. Ал эми Жафндын уулдары түндүк чыгышка  Византиянын вассалдыгында турган Гассанийлердин Шам бийлигин орнотушкан.

Арабташкан арабтар деп тарыхта Ибрахим пайгамбардын уулу Исмаилден тарагандарды аташат. Ибрахим пайгамбар халдейлердин илгерки Ур шаарында (анын чалдыбары Ирактын Насирия шаарынан 15 чакырым аралыкта азырга чейин сакталып калган) төрөлгөн жана бойго жетип, жалгыз кудайлуулукту таратып, Кичи Азия, Шам, андан ары Египетке чейин жер кыдырган. Египетке болгон көчүүсүндө анын бүлөөсүнө фараон тартуу кылган (фараондун кызы деп эсептелген) Ажар кошулат. Башынан эле перзент көрбөгөн Саара Ибрахим пайгамбарды Ажарга өзү демилге көтөрүп үйлөйт. Ислам булактарында Ажар Исмаилди төрөгөн соң, Ибрахим пайгамбардын аларды Хижаздын какыраган чөлүнө калтырып кеткени айтылат. Азыгы түгөнгөн Ажардын айласы кетет. Ачкалыктан тыбырчылап ыйлаган баланын таманы тийген жерден булак атып чыгат жана эне бала ал булакты жерлеп калышат. Ошол кезде Йеменден чыккан журхум уруусу да суу издеп, чөл кезип келаткан. Асманда учкан куштардан улам булакты таап, анын боюндагы Ажардын уруксаты менен алар да аны бойлоп турактап калышат. Ошону менен ал жерде Мекке шаары башталат.

Ажар көз жумган соң бойго жеткен Исмаил журхум уруусунан үйлөнүп, 12 уулдуу болот жана алар Йеменден чыккан таза кандуу арабтар менен Ибрахим пайгамбардын канынан жуурулган жаңы – арабташкан араб калкынын башаты деп эсептелет. Алардан Набит жана Кайдардан башкасы тууралуу тарыхта маалымат жокко эсе. Кайдардын урпактары таза кандуу арабтардай эле чөл кезген көчмөн урууларга тарайт. Ал эми Набиттин урпактары жарым аралдын түндүгүнө айтылуу Набатея (борбору азыркы Йорданиянын түштүгүндөгү Петру шаары) падышалыгын тургузган.

Араб жарым аралынын саясий абалы негизинен аны тегеректеген ири мамлекеттердин  мамилелери менен шартталган. Персия менен Рим  чөл аралап түндүккө жана чыгышка  кеткен кербен чыйырларын эске албаганда бул жарым аралга дээрлик кызыккан эмес. Ошондуктан бул эки держава тең, христиан (несторианство) динин кабыл кылган араб уруулары негиздеген вассалдары Шам жана Хийра бийликтери жүргүзгөн мамилелер менен чектелген. Айтмакчы, бул эки бийлик тең бир атанын балдары жана  христиан болгонуна  карабай, Персия менен Римдин ортосундагы мамилелерде өз ара согушканга чейин барышкан.

Ошол эле учурда Аравиянын маанилүү алкактарынын  бири Хижазда илгертен диний элита эсептелген Исмаил пайгамбардын урпактары тейлеген Мекке бийлиги да өкүм сүрүп турган. Меккенин борборунан орун алган Нух пайгамбардын доорундагы топон сууда ураган жана анын ордуна Ибрахим пайгамбар уулу Исмаил менен кайра тургузган Кааба жарым аралды жерлеген дээрлик бүт арабтардын диний борбору эсептелген жана аны тейлеген курайш уруусу Мекке төбөлдөрү катары каралган. 

Андан тышкары Аравиянын ички аймактарында уруу башчылык кенен тараган. Уруунун ички жашоосу кичи мамлекетке ошогон түзүмдү элестетет. Анын башчысы көчүү, согуш, тышкы ж.б. байланыштардан сырткары уруунун ар бир мүчөсүнүн жеке жашоосуна чейин кийлигише алган. Бирок, уруу да өз кезегинде ката кетирген башчысын айдап (же өлтүрүп), ордуна жаңысын  шайлай алган. 

Йемен илгертен, бекеринен  Бактылуу Аравия деп аталбаса керек. Анын түштүгүндөгү Араб деңизин бойлогон булуңдарына дүйнөнүн төрт тарабынан келген кемелер бул чөлкөмдүн экономикалык жана саясий абалына зор таасирин тийгизген. Ошондуктан, ич ара (кахтан, химяр) уруулар ортосундагы согуштарды эске албаганда да Византиянын колдоосундагы Аксум (азыркы Эфиопия) жана Персия бул чөлкөм үчүн айоосуз күрөшүп келген. Андан тышкары да Маариб дамбасынын жарылышы, Римдин Египетти басып алуусу, ага Аксумдардын кол салуусу сымал окуялар Йемендин тарыхый баскычтарында орду бар.

Ал кездеги социалдык көрсөткүчтөр аялдардын коомдогу абалы менен түшүндүрүлөт. Араб коомундагы аялдар эки негизги катмарга бөлүнгөн. Ак сөөк, эркин аялдар жана укуксуз күңдөр. Эркин аялдар эркектердей эле көпчүлүк укуктарга ээ болгон жана алардын сөзү басымдуулук кылган учурлар да кездешкен. Ал эми күңдөрдүн абалы өтө оор болгон.

Коомдогу аял эркек ортосундагы мамилелер (нике) байланыштар аркылуу тартипке салынган. Ал кезде никенин бир канча түрү болгон. Кийинчерээк Ислам дини никенин бир гана түрүн бекемдеп, калгандарын жокко чыгарган.

Ошол  кездеги белгилүү диндердин дээрлик баары арабтардын жашоосунда кездешчү. Түндүк жана батыштан христиан дини, чыгыштан отпарастык, ичинен жөөт диндери таасир берип турганына карабай, арабтар негизинен бутпарас келген жана алар бутпарастыкты Ибрахим пайгамбардын дини деп эсептешкен. Андан тышкары арабтарда ырым-жырым да кенен тараган.

Арабтар менталитетинде сөзмөр, берешен, колу ачык, март келип, убадасына, намысына жана аброюна бекем турган, каардуу табигат менен камыр-жумур жашай алган эл жана алардын бул өзгөчөлүктөрү Ислам дининин калыптануусуна зор таасирин тийгизген.

Ислам дини Араб жарым аралындагы эң байыркы уруулардын бири курайштын Хашим уулдарынан тараган Мухаммад ибн Абдуллахка б.з. 570-жылы Меккедеги Хиро тоосундагы үңкүрдөгү алгачкы алты аят («Икро») менен башталат. Бул аяттар Мухаммедке анын пайгамбарлыгын табыштайт жана көп өтпөй «Мудассир» сүрөөсүндөгү аяттар ага элчиликти да кошо тапшырат.

Меккеде жаңырган жаңы дүйнө тааным барган сайын анын калкын гана эмес бүткүл тегеректеги урууларга чейин жетип, ага кызыккандардын саны арта баштайт. Буга албетте бийликтеги Мекке аксөөктөрү кыжаалат болбой койбойт. Анткени, жаңы дин биринчи кезекте алардын кылымдар бою каңкуулап келген жөрөлгөлөрүнө, дүйнө таанымына сокку уруп, арабтар арасындагы ээлеген ордуна коркунуч туудура баштайт.

Алгач Мухаммад пайгамбардын артынан анын жакын туугандары, достору гана ээрчиген. Бирок, бийликтин ого эле күчөгөн кысымынан, аларга кошулгандардын саны артып, коомдо эки тарап ортосунда тирөшүүлөр башталат. Жаңы коом мүчөлөрү бийликке туруштук бере албайт  жана Мухаммад пайгамбар өз тарапташтарын жашыруун жолугушууларда тарбиялоого аргасыз болот.

Арадан көп узабай мусулмандарга болгон кысымдар оорлойт. Бийликтеги курайштар тегеректеги арабтардан сестенип, жаңы дин менен болгон тирөөшүүнү уруу ичиндеги пикир келишпестиктей көрсөткүсү келет. Бирок, дин  тарап, мусулмандардын саны арта берет. Өзгөчө, Умар ибн Хаттаб, Хамза ибн Абдул Мутталиб сымал абройлуу курайштар мусулманчылыкты кабыл кылып, мындан мусулмандардын кубаты артып, кыймылы улам жанданат.

Пайгамбарлыктын жетинчи жылынан баштап мусулмандар меккеликтердин каршылыгынан Абу Талибдин короосунда үч жыл камоолдо  жашайт. Камоол кайра эле Меккенин беделдүү катмарынын каршылыгынан алынат. Камоолдун оор кесепетинен пайгамбарды кепилдигине алып келген абасы Абу Талиб жана жубайы Хадижалар көз жумат.

Убактылуу болсо да эркиндиктен пайдаланып Мухаммад пайгамбар Ислам дининин калыптануусу үчүн өзгөчө шарт издеп, чет аймактарга кайрылат. Анын сунушун дээрлик бүт уруулар четке кагат. Тойиф эли аны таш бараңга алып кууйт. Бирок, бул сунушту Йасриб тургундары кабыл алат жана мусулмандарды жер которууга чакырышат. Бул тууралуу уккан курайштар башка жакка чогулган мусулмандардын кесепетинен кооптонуп, аларды кармап калууга аракеттенишет. Мусулмандар эч нерсеге карабай жер которуусун токтотпойт. Курайштар ушул кыймылдын борбору жана тиреги болгон Мухаммад пайгамбардын көзүн тазалоого киришет.

Григориан жылнаамасы боюнча 622-жылдын рабиуль авваль айында Мухаммад пайгамбар жакын сахабасы Абу Бакрдин жана жол көрсөтүүчүнүн коштоосунда Йасрибке жашыруун аттанат жана сегиз күндө  анын босогосундагы Куба айылына кирет. Аны көптөн бери күткөн йасрибтиктер зор салтанат менен тосуп алышат жана ушундан баштап адамзат тарыхында али тарых билбеген жаңы үлгүдөгү коом – мусулман үммөтү пайда болот.

Айтмакчы,  Ислам жылнаамасы да пайгамбардын көчкөн — хижра жылынан эсептелет. Ал эми Йасриб Мадийнати Набавий (мадийнати расул Аллах) – Аллахтын элчисинин шаары же кыскартканда Мадийна деп аталып калат.

Кураан аяттары аркылуу жаңы гана түптөлүп келе жаткан мусулман коомунун бийлиги башатынан эле толугу менен  Аллахка жана Анын пайгамбарына бекитилет. Мухаммад пайгамбар жаңы жерде кыска мөөнөт ичинде жергиликтүү мусулмандар (ансарлар-жардам бергендер) менен көчүп (мухажирлер – жер которгондор) келгендерди туугандаштырып,   арасын буза алгыс кылып сахабалардын жаңы коомун түптөп, мусулман үммөтүнүн (коомунун)  жаңы саясатын калыптоого киришет.

Ал  алгач үммөттүн ички жана сырткы байланыштарын тартиптеп, ынтымак бекемдигин кепилдеген келишимди кабыл алат жана анын аткарылуусун камсыз кылат. Бул келишим маңызында мусулман коомунун алгачкы жана негиздүү конституциясы болуп калат. Андан көп узабай ал Мадийнаны тегеректеп жашаган жөөт уруулары менен да өз ара карым катнашты тартиптеген келишимдерди түзүү менен шаарды мусулман борборуна айландырат жана ал борбор көп узабай алгачкы мусулман мамлекетине айланат.

Мусулман мамлекетинин калыптануусу бир катар оор шарттагы жүрүштөр менен  коштолот. Ал согуштарда пайгамбардын көптөгөн сахабалары шейит болот. Аравиянын ичиндеги жүрүштөрдүн эң маанилүүсү  Меккенин ачылуусу жана бул жеңиш менен мусулман коому жарым аралдагы жалгыз саясий күчкө айланып, аны жерлеген дээрлик бүт уруулар алардын эркине баш ийүүгө аргасыз болот.

Арадан жылдар өтүп, башатында кыркка жетпеген сахабасы менен баштап, жыйырма үч жылдык пайгамбарлыгында Араб жарым аралын жана аны тегеректеген ири державаларга чейин динин жеткирген Мухаммад пайгамбардын да өзү айткандай катардагы пендедей ичээр суусу бүтүп көз жумат.

Мусулман коомунун алдында эң зор сыноолордун бири – пайгамбарга мураскор (халиф – орун басар) тандоо түйшүгү пайда болду. Сахабалар үч күндүк талкуунан натыйжасында пайгамбардын эң жакын досу, кайнатасы жана кээ бир маселелерде чындыгында анын ишаараттарын алган Абу Бакр Сыддыкты халифтикке дайындап, ага баят беришти.

Халиф бир эле учурда Мухаммад пайгамбардын ишин улантуучу, аскер башчы, имам жана үммөттүн чарбасын жүргүзүүчү милдеттерин, бир сөз менен мусулмандардын толук жетекчилигин аркалап калды. Абу Бакрдин халифтиги негизинен жарым аралдагы араб урууларынын диндеги бекемдигин камсыздоо жана пайгамбардын көзү өткөн соң Ислам дининен баш тарткан урууларды динге кайтаруу аракеттери менен аяктады.

Ал эми анын осуяты менен мураскор (халифтин халифи делген) дайындалган Умар ибн Хаттабдын доорунда  (634—644) халифат  доордун саясий майданындагы алптар менен күрөшүүгө өттү. Пайгамбардан сабак алган, анын тартиби менен жашап, тарбияланган алгачкы муун, Аллах ыраазылыгы үчүн малын, мүлкүн жанын да аябаган мусулман кошуунун таптап чыгарды. Мусулман аскерлери чөл шартына ыкташа алган, аскет, акырет үчүн аянбаган жоокерлерден туруп, алардын урааны менен сүрөөнүн уккан Рим жана Перс империялары үрөйү учуп, көпкө жетпей багынып берди. 

Умар чындыгында залкар саясатчы катары халифаттын мамлекеттүүлүгүнө зор салым кошту. Ал колго кирген жерлерди мурдагыдай жоокерлерге бөлүп берүүнү токтотуп, Исламды кабыл алган жергиликтүү коомчулукка кайра табыштап, алардан салык гана өндүрүп турууну салтка айландырды жана дыйкандар катмары келечекте халифаттын зор тирөөчү болуп чыга келди. Анын  доорунда мамлекеттик кеңселер пайда болду. Аскер жана мамлекеттик кызматтагыларга маяна белгиленип, кары-картаң, жаш балдарга жана жетим-жесирлерге жөлөк пулдар каралды. Христиан жана жөөттөргө (китеп ээлери) дининде жашоого тыйуу салынган жок жана алардан жизья салыгы гана алынып турду. Отпарастардан  китеп ээлерине караганда көбүрөөк салык салынчу болду.  

Умарга кол салынып, анын көз жумаар алдында ага да мураскор дайындоо түйшүгү пайда болду. Ал өлүм төшөгүндө жатып сахабалардан кеңеш чакырды жана алардын кеңеши боюнча белгилүү Умайй уруусунан, Усман ибн Аффанды (644—656) халифтикке дайындады. Усман бир эле учурда пайгамбардын кайнатасы жана күйөө баласы да болгон. Анын үстүнө пайгамбар Усманга берген улуу кызы Рукия көз жумган соң, ага кийинки кызы Умм Кулсумду да берген.

Абу Бакрди «пайгамбардын халифи», андан соң Умарды «пайгамбардын халифинин халифи» дешкен. Бирок, кийинкилерди атоо ого эле ыңгайсыз болуп, келээрки халифтерди жалпысынан «момундардын амири» деп атоо салтка киргизилди.

Усмандын демилгеси менен Кураан бир кыраатка топтолуп, китеп катары толук калыптанып бүттү. Аны белгилүү диндарлыгына карабай өтө эле жумшак да болгон дешет. Андан пайдаланган туугандары улам кеңейип жаткан жаңы мамлекеттин чечүүчү бийликтерине дайындалып жатышты. Алар илгери Меккедеги барчылыкта жашап көнгөн кылыктары коомдо нараазылык туудура баштады.

Натыйжада 656-жылдын май айында Египет, Куфа жана Басрада жайгашкан мусулман аскерлеринин тандалма топтору мындай тууганчылыкты токтотууну талап кылып, Мадийнага  кирип келди жана халифтин коргонун камоолго алышты. Жергиликтүү калк бул жаңжалга аралашкан жок. Бирок, кээ бир кызыкдар топтордун демилгеси менен Усманга күтүүсүз кол салынып, өлтүрүлдү жана халифтикке пайгамбардын дагы бир күйөө баласы жана аталаш тууганы, улуу сахабаларынын бири Али ибн Абу Талиб дайындалды.

Усмандын өлүмүнө тиешелүү деген шекте албетте Алинин халифтигине ичи чыкпагандар да болгон. Алардын жоон тобун жетектеген пайгамбардын сүйүктүү жубайы Аиша менен болгон тирөөшүүнү Али жеңди. Бирок, ага али баят бере элек Сириянын валийи Муавия ибн Абу Суфйан  Усмандын өчүн талап кылып баш көтөрдү. Ал бир чети Усмандын уруулашы болсо, экинчиден жаңы халиф Усманга кол салгандарды жазалоону кечиктире бергенине нараазы болуп, аягында бул иште Алинин өзүн айыптап чыгат.

Натыйжада, 657-жылдын июль айында,  эки тараптын (мусулмандар) аскерлери Сирия менен Ирактын ортосунан өткөн Ефрат дарыясынын оң жээгиндеги Сиффин түздүгүндө  беттешти. Муавиянын айлакерлигинен Али кылычын кайра кынга салып, өкүлчүлүк келишимине макул болду.  Алинин бул чечимин коркоктук деп нараазы болгон он эки миңге жакын аскер андан бөлүнүп кетти. Алар тарыхта «харижжийлер» (чыккандар, көтөрүлгөндөр) деген аталыш менен таанымал.

Келишимде Муавиянын өкүлү айлакерлик кылат жана Али ызаланып келишимди четке кагат жана эки тарап курал кармап кан төгүүгө кайра беттешет. Ошол эле учурда Али харижжийлерге да каршы согушат. Алар жеңилгенине ызаланып, эки тараптан тең өч алуу үчүн Али менен Муавияны өлтүрүүгө адам жиберишет. Муавия мындан сактанып калат. Бирок, Али 661-жылдын 19 январындагы   таңкы намаздан кайткан жолдо күтүп турган желдеттин кылычынан жарат алып, көпкө жетпей көз жумат.

Алинин  сөөгү ал учурда халифаттын борбору Куфанын четиндеги Нежжеф деген жерге коюлуп, анын мазары азыр шииттердин негизги зыяратканасына айланган. Шииттер пайгамбарлык береке, Мухаммадтын көзү өткөн соң токтогон эмес, тетирисинче анын аталаш тууганы Алинин урпактарына (пайгамбардын жээн-неберелери — ыйык имамдарга) өткөн жана алардын эң акыркысы азыр да тирүү, убактысы келгенде кайра чыгып, жер жүзүн бузукулук менен зулумдуктан бошотуп, ордуна адилеттүүлүк кайтат дешет. «Шиит» деген сөз маанисинде, арабтын «шия» тарапташтардын шериктиги дегенди туюндурат. Алар суннийлердин  «ар курайш халифтикке татыктуу» деген тыянагынан айырмаланып, жер жүзүндөгү бийлик Алинин урпактарына гана таандык дешет.

Али көз жумган соң, анын уулу Хасан да бийликтен баш тартат жана халифтикке эч каршылыксыз жеткен Муавия 661-жылы жаңыланган мамлекеттин борборун Дамаскка негиздейт. Ошентип, алгачкы төрт халифтин («аль-хулафа ар-рашидун») доору бүтүп, тарыхта Умайй уруусунун атынан (латын айтылуусунда омеяд) аталган династиясы башталат.

Бул аралыкта болуп өткөн ич ара саясий тирешүүлөргө карабай, мусулман үммөтүнүн аброю жана зоболосу, мусулман мамлекетинин бедели көз жеткис даражага көтөрүлөт.

Андан ары бүт бийликти өз колуна чогулткан Муавия, мусулман мамлекетинин кубатын үммөттүн ич ара ынтымагынан көргөн жана ага жетүү үчүн  келгиндердин, араб эмес уруулардын жана башка диндегилердин укуктарын катуу көзөмөлдөгөн. Ал Алинин тарапташтарын куугунтукка алган жок, тетирисинче аларды да башка араб урууларындай эле кымбат белек, сыйлыктар менен өз катарына тартууга аракеттенген. Ал Византиянын мамлекеттик түзүлүшүнөн таасирленип, алгачкылардан болуп, өзү тирүү туруп, бийликти уулу Йазидке мурастап,  халифтикти мураскорлук менен өткөрүүнү салтка айландыган.

Тилекке каршы мураскорлору анын ишеничин актай бербеди. Убакыт өтүп Муавиянын доорунда анчейин кубаттанып калган араб эместер катмары, анын мураскорлорунун доорунда «мавали» (кулдуктан бошотулгандар) делип, арабтар тарабынан ачык басмырлана баштады. Аскер кызматындагы «мавалилер» «таза кандуулардан» айырмаланып, маяна да алчу эмес. Ал эми аскерден тышкаркылар, мусулмандыгына карабай башка диндегилердей жизья төлөп жашашчу. Бул жагдай көпчүлүк арасында нараазылыктарды пайда кылды.  

Ирандын жана Орто Азиянын чоң бөлүгүн камтыган Хорасанда (халифаттын бир аймагы) кырдаал өзгөчө курчуй баштады. Анткени, умаййилер мурда дин таратып келип, жергиликтүү дыйкандар менен сиңишип кеткен арабтарга да үстүртөн карап, жек көрүнүп алышкан.

Ошондой эле шииттер менен харижжийлердин катарында омеядтарды да «бузукулукка азгырылды» деп, дин илимин билген аалымдар, уламалар жактыра беришчү эмес. Акыры булардын катарына пайгамбардын абасынын уулу Аббастын урпактары кошулуп, жашыруун хашимия кыймылы түзүлдү жана анын башында турган Мухаммад ибн Али ибн Абдуллах ибн Аббас (740-жылдары көз жумган) жер-жерлердеги тарапташтарына адам чаптырып, көтөрүлүшкө даярдык башталды.

VIII-кылымдын  40-жылдарынын аягында аббасийлер чечкиндүү аракетке келип, көтөрүлүш чыкты жана ал кошуна Иракка да өттү. Акыркы умаййи халифи Марван ибн Мухаммад (744—750) улгайганына карабай тетик келип, көтөрүлүштү басканга аракеттенет. Бирок, анын көпчүлүк тарапташтары атаандашына өтүп, өзү Египетке качып, кайсыдыр кармашта көз жумду. 749-жылы Мухаммад ибн Алинин  ас-Саффах (зыяпаттар үчүн төө канын аябаган) лакаптуу уулу — Абуль-Аббас Куфадагы бийликке отурду жана халифат тарыхында аббасийлер династиясынын доору башталды.

Бийликке келген аббасийлер умаййилерди ушул кезге чейин адам көзү көрбөгөн мыкаачылык менен кырды. Андан кутулгандар аз эле болгон, алардын бири халиф Хишамдын небереси Абдур-Рахман (756—788) Андалуска (Испания) качат жана көз карандысыз бийлик орнотууга киришет. Бирок, өзү көзү өткөнчө тууган жери Сирияны сагынып өтөт. Аны жергиликтүү эл да ад-Дахил (келгин) деген лакап менен атаган.

Халифаттын чеги, ички жетишпегендиктерге карабай,  Муавиянын мураскорлорунун доорунда Кытай менен Римдин гүлдөгөн кезиндеги чегинен да ашып кеңейген жана умаййилердин доорунда Ислам көптөгөн жерлерди ачып, кенен тароого жетишкен. Ал эми аббасийлерден чыккан халифтердин дээрлик баары башында диндар келгени менен, барган сайын Ислам динин таасири алда канча басаңдап кирген.

Аббасийлердин экинчи халифи ас-Саффахтын иниси Мансур (754—775) мамлекеттик орундарга негизинен «мавалилерден» (перстерден) дайындай баштайт жана акыры ажамдар (араб эместер) мамлекеттик негизги кызматтарды ээлеп калышат. Айтмакчы, Мансур ошондой эле, Ислам ураткан перс бийлигиндеги сарай тартибин үлгүлүү деп, сарай салтанаттулугун адатка киргизген. Бул салтанаттуулук халифаттын өтө начарлаган доорунда да көргөндү титиреткен зоболосу менен белгилүү.

Мансур  Багдатка жакын жерге жаңы бийлик маданиятына шайкеш  Мадийнат ас-Салам (тынчтык шаары — Кураанда Бейиштин дагы бир аталышы) аттуу шаар курдурат жана ага 762-жылы сарайын көчүрөт. Бул шаар VIII-кылымдын башында эле жүздөгөн мечиттер, жармаңкелер, таш көчөлөрү, салкын бактары менен таанымал болгон, мусулман мегаполисине айланат. Ага катарлаш Басра, Египеттеги Александрия жана Фустат, Тунистеги Кайруан, Шамдагы Дамаск, Орто Азиядагы бир катар шаарлар аабат болуп чыга келишет. Муну ошол доордогу Европа мамлекеттерине салыштырууга туура келбейт.

Андан ары Мутасим (833— 842) өзөгү түрк кулдары – мамлюктардан (айтмакчы, бул термин ошол доордо пайда болгон) турган жаңы аскер кошундарын түзгөн. Бирок, андан кийинки бийликке келген Мутаваккил (847—861) ошол эле мамлюктардын колунан каза болуп, ордуна башка бирөө тактыга отургузулат. Ошентип, барган сайын халиф аскер ак сөөктөрүнүн колундагы куурчак башкаруучуга айланат. Андай «куурчактардын» көбүн өлтүрүшкөн да эмес, болгону көздөрүн оюп, өмүр бою Багдаттагы атайын «өкүнүч үйүнө» камашкан. Ошентип, бир эле короодо тактыга умтулган атаандаштар жолугушуп калган учурлар да болгон.

Күтүлгөндөй эле дүркүрөп өскөн шаарлар, саясий өңүттөгү абал менен тең келбеди жана IX-кылымдын экинчи жарымында Иранда, Орто Азияда, Египетте жана Түндүк Африкада мурдагы валийликтердин ордуна, борборго расмий гана баш ийген өз алдынча мамлекеттер пайда боло баштады. Аббасийлер алардын кээ бирлери (Ихшидадтар) менен согушкан, бирок баарын бир бийликте кармап турууга кудурети жетпеди.

910-жылдын башында, Магрибте (соң Египетте) шиит фатимийлеринин бийлиги орноду. Алар алгачкылардан болуп өздөрүн халиф деп жарыялашкан. Бул халифат эки кылымдай өкүм сүрдү. Анын борбору Кайир азыр дүйнөнүн ири шаарларынын бири бойдон калган. Аларды туурап, 929- жылы Абдур-Рахман III (912—961) да өзүн Кордова халифи деп жарыялаган.

1040-жылдын тегерегинде аббасид халифатынын чыгыш тарабында да баш аламандыктар башталды. Көп узабай  огуз түрктөрүнүн бир бутагы селжуктардан (X-ХI-кылымдарда жашаган Селжуктун тукумдары) чыккан Тугрул-бек (1038—1063) өзүн султан деп жарыялап, халифаттан Орто Азия, Иран жана Азербайжанды бөлүп алды. Султан наамы кийинчерээк халиф тарабынан бекитилген бийлик мансабына айланды. 1071-1081-жылдар аралыгында  селжуктар Византиядан Кичи Азиянын чоң бөлүгүн өзүнө каратышты. Кийинчерээк, бул султанат негизги эки — Багдатка чейин караткан Улуу Селжуктар жана Босфор менен Дарданеллага жакын жайгашкан Кония султанаттарынын пайда болуусуна өбөлгө түздү.

1136—1160-жылдары аббасий халифи Мустакфи II кайрадан баарын халифатка кайтаргысы келип, Иранды  каратууга киришти. Бирок, Чынгызхандын небереси Хулагунун 1258-жылкы жортуулу халифаттын жүрөгүнө чейин жетип, Багдат талкаланып акыркы халиф Мустасим анын кылычынан курман болду.

Бирок, Багдат талкаланганы менен халифат али тирүү эле. Аны Египетте тынып жаткан мамлюктар Захир Дин Бейбарстын башчылыгында  коргоп киришти. Алар халиф тукумдарынын  Багдаттан качып кутулган бирөөсүн таап, Мустансир деген ат менен тактыга көтөрүп, халифтин мамлекеттик башкарууга кийлигишүүсү өтө чектелгенине карабай, халифаттын туусун кайра желбирей баштады.

XVI-кылымда чыгышта монголдор талкалаган Кония султанатынын чалдыварында дагы бир халифат принцибиндеги Осмон (1299-жылы көз жумган) негиздеген жаңы мамлекет пайда болду. Бул бийлик барган сайын күч алып,  тегеректеген жана доорунда таасирлүү делген дээрлик бүт державалардын үшүн алган зоболосу бийик мамлекетке жетти.

1517-жылы султан Каардуу Селим Египетти өзүнө каратып, акыркы аббасий халифи Мустансирдин акыркы тукуму  Мутаваккилди колго алып, үй-бүлөөсү менен көпкө өзүнө чогуу алып жүрдү. Кийинчерээк аны Кайирге коюп жиберди жана акыркы аббасий халифи 1543-жылы көз жумду. Ал эми халифтик табериктери —  пайгамбардын чепкени, аса таягы жана шакеги жаңы бийликке өттү. Алар көп убакыттар бою ыйык табериктер катары сакталып келген. Тилекке каршы халифат (1924) ураган соң бул табериктер музейлерге, андан соң Стамбулдагы султан сарайында (Топ капы) азырга чейин  экспонат катары коюлуп келет.

Ислам мыйзамдарынын негизинде бийлик жүргүзүп келген Осмон падышалыгы затында халифат экенин эч ким четке какпайт. Бул бийлик ар кандай чет элдик кийлигишүү жана тынымсыз аракеттерден алсыздап, 1924-жылы урап, акыркы султан (халиф) 1964-жылы  Францияда качкында жүрүп, көз жумду.  Чыныгы  Ислам динине негизделген бийлик уратылган күндөн баштап, дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүндө мусулмандардын ар түрдүү кыймылдары күчкө келип, халифатты кайра тургузуу аракеттерин көрүп келишет. Акыркы убактарда бул кыймыл ого эле күч алып, өзгөчө жакынкы чыгыштагы жаңжалдардын чыгуусун да шарттап турат.