6. ЖИХАД ТУУРАЛУУ  ИЗИЛДӨӨДӨН ҮЗҮНДҮ



Жихад арабчадан сөзмө сөз умтулуу деп которулат. Ислам бул сөзгө өзгөчө маани берип, Аллах жолундагы тырмышуу деп түшүндүрөт жана Кураанда ат атооч катары 4, ар кандай этиш формасында 29 аятта кездешет. Ошого карабай көпчүлүк Ислам изилдөөчүлөрү бул түшүнүккө куралдуу согуш маанисин гана берип, жихаддын чыныгы табияты ачылбай, тетирисинче диний экстремизм катары гана каралып калды.

Батыш Ислам изидөөчүлөрүнүн бири Даниель Пайпс[1]: “Жихад Ислам динин жайылтууга гана эмес, көз карандысыз Ислам бийлигинин таасир чөйрөсүн кеңейтүүгө жана мусулманчылыктын бүт дүйнөгө үстөмдүк кылуусуна багытталат” — дейт. Орус изилдөөчүсү И.Хохлов[2]: “Мурда жихад мусулман өлкөлөрүндө диктатордук режимге каршы колдонулса, азыр негизинен АКШга жана Израилге каршы коюлуп жатат” — деген. Ал эми дагы бир изилдөөчү Боаз Ганор[3]: “Азыр мусулмандардын каапырларга глобалдык жихады башталды” – дегени да бар.

Ошондой эле мусулман окумуштуулары да кээ бир хадистерге негиздеп жихадка эки маанини – кичи[4] жана чоң[5] деп карашат. Чоң жихад албетте алдыңкы орунга коюлуп, андан тышкары да колдун, тилдин, илимдин жихады деген түшүнүктөр да бар. Ал эми кээ бир аалымдар жихадды: “Динде зордук жок” — деген аятка негиздеп, “коргонуу концепциясына” такап коюшкан. Алар да жихадды түшүндүрүүдө реалдуулуктан корккону байкалат.

Бир сөз менен айтканда акыркы учурда жихад маселеси чындыктан алыс, күңүрт  түшүндүрмөлөргө оролуп, көмүскөдө калганы байкалат. Ошого карабай, жихадды туура түшүнүү үчүн оболу Исламдагы бийлик ж.б. маселелердеги өзгөчөлүктөргө токтолуу зарыл.

 

Ислам жана бийлик

Аллах пайгамбары Мухаммадка алгач: “Оку”[6], анан гана: “Тур жана жеткир[7] – деген буйругун берди. Пайгамбарга караңгылыкты ойготуу, жарык келечекке жетелөө үчүн биринчи буйрук менен пайгамбарлык, экинчиси менен Элчилик жүктөлдү жана буга чейинки доктриналардан айырмаланган Ислам дини калыптана баштады.

Ислам дини арабдарга гана эмес, жалпы адамзатка даректелгени жана Аллах арабдардын гана кудайы эместиги, Анын бийлиги момундар менен гана чектелбегени, бүт адамзатты Жаратуучусунуна гана табынууга, Андан гана коркуп, Ага гана кайрылууга, Ага гана кулдук кылууга чакыруудан даана байкалат.

Адамдардын пикирлерин жана ишенимдерин караңгылык, материалдык ресурстар, саясат менен бекемделген акча авторитети бийлегенине карабай, Ислам дааваты адамдардын маанайларын жана ишенимдерин өзгөртө алат жана аларды дүйнө кордугунан куткарып, Жаратуучунун гана кулдугуна жеткирүүчү, адамдарды чыныгы эркиндикке чыгаруучу түзүм.

Болгондо да Ислам адамдардын улутуна, расасына, мансабына карабай, Жаратуучуга кылган ибадаты менен бириктире алуучу идеялогиялык, прикладдык түзүм. Анын негизинде чыныгы эркиндикке жеткен элдер тарых барактарында көп жолугат.

Мусулман үммөтү башка коомдор менен укуктук тыгыз байланышы анык принциптер менен тартиртелген. Мисалы, мусулмандар менен каапырлар бир мамлекетте, коомдо, мейкиндикте жана убакытта чогуу отурукташы мүмкүн. Ошол эле учурда Ислам дааваты ар бир адамга эч тоскоолдуксуз жеткирилүүсү талап кылынат. Жер шарынын ар бир жашоочусу Жаратуучунун акыркы дини тууралуу так, анык маалымат алууга укуктуу жана каапыр да Ислам  маалыматынын таралуусуна каршылык көрсөтүүгө укугу жок. Анткени, ар бир адам ибадат түрүн, дин же динсиздик, Ислам же башка диндерди өз алдынча тандап алууга Аллахтын дини толук түшүндүрүлгөн соң гана укуктуу болот.           

Светтик же секулярдык коомдо адамдардын маанайлары адатта, эркиндикке байланышкан түшүнүктөр менен чайкалат. А чынында мындай түзүмдө эркиндик бир катмарда гана болуп, калганы алардын мыйзамдарынан көз каранды. Бийлик мыйзам чыгаруу демилгесин демократиялык мандаттар менен канчалык оробосун, анын актылары ошол гана топтун кызыкчылыгын тейлегенин карапайым элден жашыра албайт.

Демократиялык, светтик саясий пропаганда эмне гана дебесин, затында адамды адам башкарат жана эркиндигин адам чектейт.  Исламда деле адамдар башкарат, айырмасы мыйзамдар Аллахтан алынат, светтик системада ал мыйзамдарды башкаруучу катмар токуйт.

Белгилүү Ислам окумуштуусу Сайид Кутб: «Исламдын чыныгы миссиясы адамды Жаратуучусунун мыйзам карамагына өткөрүү менен аны кордук-зомбулуктан бошотуп, чыныгы эркиндикке жеткирүү. Аллахтын бийлигин орнотуу – адамдардын Жаратуучусу берген табигый укугун реализациялоо, т.а. кайсыдыр шылуун топтор саясий технологиялар менен узурпациялап алган бийликти өз Ээсине тапшыруу» — деп түшүндүрөт.

Буга жетүү үчүн адамдарды чакыруу, ынандыруу усулдары жетишсиз. Адамдардын жашоосун бийлеп алган караңгылык өз тактысынан оңой менен түшүп бербейт жана албетте, ал ар түрдүү айла амалдардан баштап, зөөкүрдүк, зомбулук, зулумдуктарга чейин барат. Демек аны менен жалаң диспут, маданий талаш талаасында отура берүү мусулман үммөтүн жок эле дегенде алаксытат. 

Талаш даават эмес, болгону анын бир усулу. Ал эми чыныгы даават адамдардын маанайын колго алуу жана аны коомдук пикирге айландыруу. Бирок, адамдардын жашоосу даават менен гана өзгөрүп калат деген да жаңылыштык. Анткени, даават оң натыйжа берүү үчүн адамды караңгылыктын “дааватынан” куткаруу, т.а. анын таасир булагын жабуу зарыл.

Албетте, мындай дааватка зор тоскоолдуктар болот жана алардын таасиринде даават көксөгөн максатына жетпейт. Анткени, дааваттын табияты жеткирүү гана болгондуктан, өз жолундагы каршылыктарды жеңүүгө алы жетпейт.Буга башка кыймыл зарыл. Ал да болсо жихад. Демек, жихадты туура түшүнүү муктаждыгы келип чыгат.

Даават тоскоолдуксуз шартта жүрсө гана дин ар бир адамга түшүнүктүү жеткирилет.  Анан гана адам өз эрки менен дин, ишеним тандоого укуктуу болот жана ал кааласа момун, кааласа каапыр бойдон кала берет. Бир сөз менен айтканда, жихад – адамдардын дин эркиндигин амалкөйлүк, карамүртөздүк менен атайын чектеген күчтөрдү күч менен жеңүүчү материалдык каражат жана дин тандоого мүмүкүнчүлүк берүүчү кыймыл.

Чакырык менен күч аракети кол кармашса гана караңгылык бийлигиндеги чийеленишкен жердешчилик, мекенчилдик, улутчулдук, ж.б. динден алыс принциптерге адекваттуу жооп берип, каршы тура алат. Даават адамдарга Жаратуучунун буюрганын жеткирет. Ал эми жихад ошол чечимдерди башка күчтөрдөн коргойт жана анын даректүү жеткирилүүсүн көзөмөлдөйт. Ал чечимдер адамдарга жеткен соң гана, аны кабылдап, же баш тартып, Жаратуучусунун сотуна жооп берүүгө милдеттүү болушат.

Даават менен жихадтын байланышы үзүлөөрү менен аракеттин таасири басаңдап, бара-бара дин жеткирүү руханий чакырыкка, ал эми  жихад күңүрт максаттарды аркалаган  стихиялык  кыймылга  айланат. Ошентип, даават адамдардын акыл жүгүртүүсүн жолго салса, жихад дааватка болгон тоскоолдукту жолдон алат. 

 

            Жихаддын этаптары

Жихад маселесин тыкан изилдеген адам, пайгамбарлык башталгандан тартып, анын олуттуу тартип менен, бир канча баскычта калыптанган ички өзгөчөлүктөрүн байкайт.

Пайгамбардын чакырыгынын алгачкы баскычында, Меккеде али Исламдын чыныгы саясий, экономикалык, социалдык, илимий, таалим ж.б. табияттары толук ачылып, мусулман үммөтүнүн өз ара жана башка коомдор менен мамилелери али калыптанбагандыктан, анын укуктук базасы да жок эле. Алгачкы Ислам дааваты Ибрагим пайгамбардын дининин калдыктарын  жамап жашаган доорго туш келди. Эл кадимки жапайылыгын аңдый бербегендиктен, бийлик Ислам чакырыгын алгач анчейин тооткон эмес.

Мындан пайдаланып пайгамбар  Ислам чакырыгын жеткирүү үчүн курмандыкка даяр, дилгир жана акылы зирек адамдардан турган топту түзүп, аны лидерге жана бекем тартипке баш ийе билген өзгөчө мүнөздө тарбиялаганы жетишти. Ал топ жарым аралда али эч ким уга элек жаңы жашоо тартибин айтып чыкканда гана бийлик солк этти жана аброю үчүн кабатыр болуп мусулмандарга адам акылы көтөрө алгыс кордуктарды көрсөтө баштады.

Оор зулумдукка, кордука  карабай Аллах: “Сен “Колуңарды тарткыла (согуша көрбөгүлө), намаз окугула  жана зекет төлөгүлө”-деп айтылгандарды көрбөдүңбү?”[8]-деп азапка чыдабаган мусулмандарга куралдуу каршылыктан тыйып турду. Мындан мазлумдарды колдоону сыймык көргөн, араптардын табигый болушчаактыгы ойгонду жана Мекке коомунун Умар ибн Хаттаб, Хамза сыяктуу мыктылары Исламды кабылдап, келечекте анын алдыңкылары болду.

Жаңы күчтөн пайдаланып, мусулмандар куралдуу каршылыкка өтсө, кан төгүлүп, өтө текебер курайш уруусунда “канга кан” принциби ойгонмок же бирдиктүү борборлошкон бийлик күч колдонуп, жалпы граждандык тирөшүү башталмак. Бул дин тууралуу кабар  али сыртка жетишээрлик тарай электигинен, Мекке тегерегиндегилер бул жаңжалды бир уруу ичиндеги маселе деп, мусулмандарга болушмак да эмес жана  Исламдын мааниси да такыр төмөндөп же Ислам али турбай атып куурамак.

Мындай кагылышууну ырбатпоо жана ага шылтоо бербөө  үчүн пайгамбар сахабаларына бекинип намаз окууну буюруп, алар менен болгон жолугушууларын да жашырды. Андан ары мусулмандардын Йасрипке көчкөнүнө чейин куралдуу каршылыкка эч кандай уруксат да, ага ишаарат да болгон жок.

Убакыт өтүп, Йасрип Ислам борборуна айланды жана чөлкөмдө жаңы саясий тартип орноп, анын туусу желбиреди. Ошондо да Мадинада алгач куралдуу күрөш буюрулбады, анткени, анын али муктаждыгы жок эле. Анткени, Мадинада жана анын тегерегине отурукташкан жергиликтүү жөөттөр жана каапыр араптар менен түзүлгөн келишим даават үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр ачкан. Анын үстүнө, жогорудагы келишимдин негизинде согуш жарыялоо, аны токтотуу демилгеси мусулмандар коомуна, т.а. пайгамбарга таандык болгондуктан  Исламдын таралуусуна эч кандай борборлошкон каршы күч болгон эмес жана адамдардын дин тандоо эркиндиги мусулмандардын кепилдигинде турган. Ошондой эле, бүт Арап жарым аралы мусулмандардын абалын өтө дыкат күзөтүп турган. Кырдаалдан пайдаланып, пайгамбар бүт дараметин жаңы коомдун түптөлүүсүнө багыттап, башкага алаксыбады. Бир канча убакыт өтүп, жаңы коом өз ордун бекемдеп, тегереги менен орношуп алган соң гана куралдуу күчкө шарт түзүлдү.

Мадинага мусулмандар чар тараптан күн сайын агылып келүүсү, ансыз да тартыш менен жашаган шаар жашоосун оорлото баштады. Жаңы коомдун экономикалык абалын оңдоо үчүн пайгамбар алгач мухажирлер менен ансарларды бир туугандаштырды жана бул жөрөлгө мусулмандардын абалын дароо бекемдеди. Ошентсе да, абалды такыр оңдоо үчүн тегеректеги соода мамилелерин колго алуу зарыл болду жана пайгамбар соода жолдорун бойлоп жашаган уруулар менен келишимдерди түзүп, ал жолдорду мусулмандардын кармагына алды.

Натыйжада, буга чейин ал жолдор аркылуу Шам, Йемен, Персияга эркин каттаган соода кербендердин ээлерине мусулмандар менен эсептешүүгө туура келди. Өзгөчө бул абал Мекке экономикасына зор таасирин тийгизди.

Көп узабай Мадинага көчкөн мусулмандардын дээрлик баарынын Меккеликтер күч менен ээлеп алган мүлкүн кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү жана пайгамбар Меккелик кербендерди колго киритүү үчүн тегерекке чалгын жибере баштады. Алгачкы жүрүштөрдүн бири Абдуллах ибн Жахштын чалгыны кандуу кагылышууга дуушар болду. Андан ары хижраттын 2- жылында Бадр согушу жүз берди.

Андан кийин гана: “Силерге каршы согушкандар менен Аллах жолунда согушкула…”[9]деген аят менен мусулмандарга куралдуу жихад, ал эми аягында “…Аллах мушриктердин жек көргөнүнө карабай Өз жарыгын аягына чыгаргандан башкага жол бербейт”[10]деген аят менен мусулмандарга жихадты жайылтуу буйрулду. Бирок, Кураанда жихадты жокко чыгарган же аны токтотуу тууралуу бир да аят жок. Демек, бул буйрук али күчүндө.

А чынында Ислам жихады Жаратуучунун динин ар бир адам баласына толуккандуу жеткирүү үчүн шарт түзгөн, өзгөчө кыймыл катары каралышы керек. Ыйык Куранда: «Аллах жолунда акыретти бул жашоонун эсебинен сатып алгандар согушсун! Алах жолунда согушкандарга жана каза болгондорго же жеңгендерге Биз улуу сыйлык беребиз. Эмнеге силер “О, Кудай! Бизди зулумдар башкарган бул отуруктан чыгара көр жана Өзүңдөн болгон коргоочу бер жана Өзүңдөн болгон жардамчы жибер” -деп жалбарган алсыз эркектер, аялдар жана балдар үчүн Аллах жолунда согушпайсыңар? Ыйман келтиргендер Аллах жолунда, ал эми ыймансыздар тагут жолунда согушат. Шайтандын достору менен согушкула; алардын айласы алсыз”[11].

“Ыйман келтирбегендерге – “Токтоно алышса буга чейинкилери кечирилет, кайтышса алгачкылардын мисалы эскирди. Жана алар менен азгырык токтоп, бүткүл дин Аллахка карамайынча согушкун” деп айткын. Эгер алар токтошсо… Аллах алардын кылып жаткандарын көрүүчү. Эгер качышса, Аллах силердин коргоочуңар экенин билгиле. Эң сонун коргоочу жана эң сонун жардамчы! ”[12].

Бул аяттардан жихадтын максаты – Аллахтын өкүмдарлыгын жана бийлигин орнотуу, дүйнө иштерин Жаратуучунун осуяттарына ылайык уюштуруу, шайтандын күчүн, жашоо амалдарын түп тамыры менен кууратуу жана адамдардын өздөрүндөй макулуктар басынтканын токтотуу экени айкын көрүнүп турат.

 

Жихадтын ички себеби

Жихадтын ички себеби Исламдын табиятына негизделген. Адам жашап көнгөн түшүнүктөрүнөн жеңил баш тарта бербейт жана каршылыктарга туруштук гана бербестен андан жеңүүчү болуп чыгуу –дааватты жана жихадты туура түшүнүүдөн көз каранды.

Ошентип, Аллахтын бийлигине жөнөкөй адамдардын үстүнө минип алган динсиздиктин каршылыгы табигый көрүнүш жана мындай шартта адамды Жаратуучунун гана дини эркиндикке чыгаруучу бирден- бир мыйзам экенин жалпы масса эркин акыл калчай ала тургандай түшүндүрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, Ислам көмөккө жихадты чакырат жана ал адамдардын дин жөнүндө кенен маалымат алып, аны эркин сиңирип, анан гана тандоосуна чейин караңгылык колун тосуп туруучу кыймылга айланат.

Кайсыдыр чөлкөмдө дин адам бийлигине каршы күрөшүн токтотсо, балким, Ислам душмандары да динге каршы күрөшүн тототот. Бирок, бул Ислам эмес. Анткени, Ислам жихады турганда адамды караңгылыктан куткаруу үчүн, аны менен “тынчтыкта жашоо” тууралуу келишим түзүлбөйт жана аны менен күрөштү токтотуу Исламды сатуу дегенди билдирет.

 

Ислам жихадынын эки негизги концепциясы

Ислам жихадды бир өңүттөн караңгылык каршылыгына туруштук берүүчү жана экинчи өңүттөн динди жайылтуудагы негизги жана сөзсүз керек болгон кыймылдар катары карайт.

Бир караганда эки кыймыл тең айырмасы жоктой сезилет. Бирок, экөөнүн ортосунда терең жар байкалат. Биринчи өңүттөн каралган кыймылды кээ бир окумуштуулар коргоо жихадына айландырып коюшту. Тетирисинче, Ислам жихады коргонуу үчүн эмес, экинчи концепция айтып тургандай караңгылык менен келишим түзмөк түгүл, аны жоюуда ага катуу чабуул коючу кыймыл катары каралат. Анткени, Аллах адамдарды Өзүнүн эрежеси менен жашоосун буйуруп, аларга бейиш убада кылды.

Демек, адамдар качан гана келечек тууралуу толуккандуу маалымат алмайынча, алардын жашоосу караңгылык туткунунда, адам бийлигинде тебеленип кала бербөөсү үчүн жихад буйрукка айланып олтурат.

 

14.05.2008-жыл

 

[1] «What is Jihad?» New York Post, 31.12. 2002-ж

[2] «Исламский терроризм – глобальный джихад Салафи»

[3] Ганор Б. «Угроза глобального джихада». Мат-лы 4-го Всемирного антитеррористичекого форума

[4] Аллах жолундагы газават куралдуу согуш

[5] Нафс  менен

[6] Кураан, «Аль-Алак», 1

[7] Кураан, «аль-Мудассир», 3

[8] Кураан, «Ниса», 77

[9] Кураан, «Бакара», 190

[10] Кураан, «Тооба», 29

[11] Кураан, «Ниса», 76-78

[12] Кураан, «Анфал», 39-41