2. ҮММӨТТҮН ТӨМӨНДӨӨ СЕБЕПТЕРИНЕ САРАСЕП



Мусулман үммөтүнүн бүгүнкү төмөндөөсүн  түшүнүү үчүн анын тарыхый себептерин изилдөө зарыл. Анткени, азыркы абалдын тамыры илгертен башталганы сыр эмес.

VIII-кылымдын ортосунда, халиф Маймундун доорунда байыркы грек (юнон), рим философторунун эмгектерин араб тилине которуу кыймылы башталган. Андагы которулган эмгектер аркылуу үммөткө акыйда маселелеринде жат пикирлер жайылган. Ага чейин мусулман пикиринде Аллахтын заттык жана сыпаттык касиеттеринде, тагдыр маселелеринде кайчы пикирлер болгон эмес. Которулган эмгектерден алынган таасирлер мусулман дүйнө таанымына анчейин жаңылыктарды киргизип, адамга, коомго, жашоого, дүйнөгө, Жаратуучуга, өз алдынча баа берген пикирлерден турган жаңы дүйнө тааным (калам,фальсафа) пайда болду.

Андан ары Ислам идеясын түшүнүүдө  бурмалоолор башталды. Кийинки кылымдарда үммөт Ислам дининин негизги каражаты болгон араб тилинен алыстап кирди. Натыйжада, Кураан жана Сүннөттөн түзүлгөн кырдаалга өкүм чыгаруу – ижтихад токтоду.  Ижтихадтын токтоосу менен үммөтүн өнүгүүсү да басаңдады. Бул мусулман үммөтүнүн жогорку татыктуулуктан төмөндөй баштаганы эле.

Мусулман коомунун зоболосун пайгамбарыбыз жогорку деңгээлге жеткирип, анан гана  оо дүйнө аттанган. Али да анчейин алсыз үммөт ошол доордогу Рим, Византия, Персия сымал дүйнө титиреткен улуу бийликтерге жана алардын Хабаш (Эфиопия), Шам, Хийра, Йемен сыяктуу вассалдарына  Ислам динин таңуулай алган. Ал бийликтердин кээ бирлери жаңы динди ошол эле учурда өз ыктыяры менен кабылдашса, калгандары  кийинки халифтердин доорунда баш ийүүгө аргасыз болгон. Мусулман коомунун зоболосу динин таңуулоодон тайманбаганында эле.

Тааңуулоо — пайда жана зыянды түшүндүрүү менен сунуш кылуу. Ислам түшүнүгүндө акыретке пайдалуу гана бул дүйнөгө пайда апкелет деп эсептелет. Тетирисинче, акыретте зыян келтирчү – бул дүйнөдө да утулушка жетелейт. Ошондон улам Ислам динин жеткирүү акыретке пайда, демек бул аракет зарыл деп түшүнүлгөн. Сунуш кылынган тарап аны каалабаса (тоотпосо) жана кабыл кылбаса анда жеткирүү келеээрки баскычка көтөрүлгөн. Мусулман үммөтү мына ушундан тайманган эмес. Анүчүн жанын сайган жана ушул талаада шейит болсо, Бейиш төрүнө чыгаарына ишенген жана аракетинде  шыктанган.

Барган сайын Ислам динин сунуш кылуу жөн гана жеткирип койууга айланды жана мусулман коому мурдагы аракеттеринен солгундап, шариат милдеттерин аткаруу менен  гана чектелип калды. Караңгылыктын андан аркы таасиринде мусулман ойун  жат пикирлер ээлеген сайын, анын дүйнө таанымы ого бетер булганып, үммөт динин жайуу жана жеткирүү эмес, кантип жан сактап калууга жан далбастап калды. Караңгылык ушундан пайдаланып, анын илгерки зоболосуна умтулуусунан коркуп баш көтөртпөй келет.

Бул убакыт аралыгында үммөттүн татыктуулугун кайра көтөрүү үчүн көптөгөн аракеттер болду. Бирок, алардын баары максатына жеткен эмес жана ар бир аракет көпкө жетпей ийгиликсиз токтой берди.  Ислам динин изилдөөчүлөр бул аракеттердин ийгиликсиздигин бир катар себептер менен түшүндүрүшөт. Алардын биринчиси — мусулман өзүнүн негизги максатын — жашоосунун маңызы болгон Ислам динин адамзатына жеткирүүнү унутуп, диний милдеттерди аткаруу менен чектелип гана калды.

Ал аракеттер ошондой эле мусулман коомунун татыктуулугун көтөрүү жолдорун да так белгилей алган эмес. Мисалы, Ислам борборунан ыраак жайгашкан аймактарда (Мавераннахр-азыркы Борбордук Азия элдери) уурунун колу кесилбей калган учурлар болгон. Анын ордуна анын бетине көө сүртүлүп, эшекке тетири мингизилип эл айландырылган же ары барса кайсыдыр мөөнөткө зынданга ташталган. Себеби: «Борбордо жашоо жеңил жана ал жерде уурулук кылуу чынында кылмыш. Ал эми мындай ыраак чөлкөмдө жашоо оор жана уурунун кылыгын да кыйынчылыктан деп, жеңилдетүү керек» — деген пикирлер өкүм сүрүп турган. Бул чынында Аллахтын өкүмүн аткаруудагы чеккилик эле.

Зекет  Исламдын бир түркүгү жана аны төлөөдөн баш тарткан динден чыгат. Ал эми дининен кайткандар Исламда өлүм менен жазаланат. Ошондуктан Абу Бакр Сыддык өз доорунда зекет төлөбөгөндөргө согуш жарыялаган. Ал согуштарда канчалаган мураттаб карылар шейит болгонуна карабай зекет төлөөнү кайра ордуна коймойунча тынчыган эмес. Бул жихадтар зекеттен түшкөн каражаттан мусулман үммөтү кубаттануусу же андан баш тартса мамлекет алсырап калуусунан эмес, терисинче зекет Жаратуучунун өкүмү жана аны аткаруу милдет болгону үчүн жүргүзүлгөн.

Ислам үммөтүнүн татыктуулугу Аллахтын өкүмдөрүн бурмалабай так аткаруу менен көтөрүлөт. Анын үстүнө аракеттин багыты да так болуусу зарыл. Умар ибн Хаттаб кыркынчы мусулман болгонун өзү эскерет. Ал динди кабыл алаары менен сахабаларды колтуктап, Каабага ачык бет алган. Болгондо да сахабалар Кураандын «Абу Лахабтын колдору курусун…» («Масад» сүрөсү) деген аяттары менен чыгышат. Абу Лахаб ал кезде Меккенин эң кудуреттүү байларынан жана курайштын алдуу башчыларынан эле, балдары да ар түрдүү мансаптарды ээлеп турган, тууган уругу да көп болгон. Бирок, мусулмандар анын кудуретине, байлыгына, ээлеген ордуна, тууган уругунун көптүгүнө карашкан жок. Анткени, Аллах Өзү аны каргап жатат, демек андан коркуу туура эмес деп билишкен.

Бүгүнкү дин жеткирүүдө тетирисинче алдууларга, бийлик ээлерине дин жеткирүүгө даай алган адам жок. Анын маанайынан коркушат жана эң аянычтуусу бийликке жагуу үчүн илимдүүлөр бирин-бири тебелеп, аброюн төккөнгө чейин барышат.  

Ошентип, ар бир мусулман динин жеткирүүнү — жашоосуна маңыз кылып, ага убактысын, мүлкүн жада калса жанын да курман чалмайынча, караңгылыкка даап динин так сунуш кылмайынча жана аны пайгамбарыбыз көрсөткөндөй аткармайынча, мусулман коому бүгүлгөн тизеден туруп, аны кылымдар карыткан зор зоболосуна кайра көтөрүү мүмкүн эмес.

 

14.06.2014-жыл. Бишкек