1. БИЗ КИМБИЗ?



Албетте, сиз «адамбыз» дейсиз. Адам деген ким?  Бул суроого жооп берээрден мурда мен сизге ит тууралуу өз байкоомду айтып бергим келди.

Ит адамга корукчу болуп жан баккан жаныбар. Ал ээсин ушунчалык жакшы көргөндүктөн аны көргөндө баарын таштап, утурлап чуркайт, улам анын колун карап, куйругун шыйпаңдатып, жан алы калбай эркелеп кирет. Кожоюну көңүл буруп койсо өзүн койорго жер таппайт. Эгер кожоюнуна бирөө жамандык менен келатканын туюп калса аны баса калууга даяр. Ал кожоюнуна эч таарынбайт, анын бергенине ыраазы. Бербесе каниет кылып жата берет. Эң кызыгы ит кожоюнсуз калса иттик кылбай койот. Тентиген ит канчалык чоң болсо да үрбөйт. Анткени, анын кожоюну жок, демек ал иттик табиятын аткара албайт. Тагыраак айтканда ит кожоюну менен ит.

Ал эми адамчы? Адамдын да кожоюну бар. Ал да болсо аны жараткан, ырыскы менен камсыздап турган Аллах. Ал пендесинин өмүрү бүткөнчө күтөт. Бирок пендеси Аллах берген ырыскы менен жашап, Ал тууралуу ойлонууга убактысы жок.

Ошол эле учурда Жаратуучусун тааныгандар да бар. Бирок алар Анын бергенине ыраазыбы? Аны менен жолугушууга ынтызарбы? Аны ыраазы кылганы умтулабы? Кожоюнуна бирөө тил тийгизсе итчелик болсо да айбат көрсөтө алабы?

Аллах адамды улуу мухаббат жана мээрим менен жаратат. Ал ар бир адамды энесинин жатынында тогуз ай бою бир да көз ирмемге калтырбай, өтө тыкандык менен, клеткадан уюган кан, андан сөөк, эт, булчуң,  кан тамырлар … кылып отуруп, белгиленген мөөнөттө ага жан киргизип… акыры адам сүрөтүнө алып келет. Аны көтөрүп жүргөн эне талгагы менен нервин эске албаганда курсагында эмне болуп жатканын, көтөргөн баласынын мүнөзү, көздөрү, кирпик-каштары кандай болоорун, кимге окшоорун да билбейт. Ал курсагындагы каяктан кантип тамактанып жатканын да сезбейт.

Бала бул жарыкка даяр болгондо эненин толгоосу кармап, андан жаңы адам төрөлөт. Бирок адамдын жаралуусу муну менен эле бүтүп калбайт. Эненин эмчеги бош турган, бала төрөлүп, киндиги кесилээр замат эненин көкүрөгү сүткө толот. Баланын оозуна эмчек салынат. Бала бапылдатып эмип кирет жана мемиреп уйкуга кетет. Көп узабай кайра эмчек сурап ыйласа, эне кайра эмчек салат жана бул жолку сүттүн курамы мурда эмген сүттөн алда канча айырмасы бар. Анткени, баланын денеси азга болсо да чоңойду жана ага эми башка курамдагы сүт керек. Аны ким даярдап бере салды? Ал азык Жаратуучунун казынасынан улуу Мээрим жана Мухаббат менен келди.

Ошентип эненин мээримине бышырылган өзгөчө азык бала эки жашка чыкканга чейин каалаган учурда даяр турат. Андан ары балага тиш чыгып, жалмаган тамагын сиңире алгандай, өз алдынча оокаттана баштайт. Ошентсе да адамдын улам жетилип турган денесиндеги ар бир кубулуш Аллахтын түздөн-түз кийлигишүүсүндө жүрүп отурат. Адам ооруса дары ичет. Бирок Жаратуучу шыпаага уруксат кылса гана дары таасир берет. Кээде кымбат дарылардан табылбаган шыпаа, Аллахтын каалоосу менен суудан, кээде абадан деле табылыпкалат. Демек, Ал пендесин дагеле жаратып жатат.

Ит кожоюндун бергенине жетине албай, аны ыраазы кылууга жан далбастайт. Ал эми чексиз Мээрим жана Мухаббат менен өмүр берген Аллахтын ыраазылыгын көздөбөгөн адам – кимди ыраазы кыла алат жана ал ким?