36. СӨЗ АЯГЫ



Чындыгында, жазмачылык адамдардын жеке турмушуна тиешелүү маселерде  оңой эмес. Себеби окурмандар ар түрдүү, алардын ичинде ойчул окумуштуу да, текебер акмак да бар. Окумуштуу окуганын түшүнүп, жетпегенин толуктаар, ал эми ичи күйгөн чала акыл ар түрдүү ушак таратып, ката издегенден колу бошобойт. Саламды таратууну максат кылган адамга жолунда эмне жолукпасын токтоп калууга негиз жок.

Ошентип, ушул жупуну эмгегимде ислам никесинин пазилет жана керметтерин толук ачып бере албасам да Алла буюрган жана Анын элчиси салаллаху алайхи ва салламкөрсөткөндөй нике менен жашоонун алда канча артыкчылыгын көрсөтүүгө аракеттендим. Албетте, бул эмгекти фундаменталдуу деп атоодон алысмын. Бирок, жаш жубайлардын үй-бүлөө куруп, аны мусулманча уюштуруусуна түрткү болуу менен   Алланын ыраазылыгына жетемби деген максатым ишке ашса болгону. Ошондуктан бул эмгекти толуктап, каталары болсо оңдоп түшүндүргөндөргө Алла ыраазы болсун!

Ылайым, элибиз караңгылыктан тезирээк чыгып, бузукулуктун таасирлеринен кутулуусун ааламдар Ээсинен тилеп калчу Мыктыбек ажы Арстанбек.

 

Бек- Абад айылы, 2005 жылдын февраль айы.