35. ТАЛАК МӨӨНӨТҮ ЖАНА ҮЧ ТАЛАК



Кандайдыр  жүйөлүү себептер менен эри аялына талак койгон болсо, ал аял талак убактысы бүтмөйүнчө башкага турмушка чыгууга акысы жок.  Бул убакытты  шариата – идда – дейт да ал  төрт ай 10 күнгө созулат. Бул учурда эгер аялдын жатынында түйүлдүк болсо ал чоңоюп, көзгө көрүнүп калат. Убакыттын  коюлганы биринчиден энени ар түрдүү ушактардан сактаса, экинчиси – төрөлө турган баланын атасы анык болуп, анын атасына болгон укуктарын шариат коргоп бере алат. Бул учурда аял эринин үйүндө жашоо акылуу да милдетүү да болот.

Эри талак коюп алып, бирок аялдын идда мезгили өткөнчө аны менен кайра жашап кетсе аларга кайра нике кыйдыруу муктаждыгы жок. Бирок идда өтүп кетсе, мисалы, ажырашканына беш ай же андан да көп болсо — нике кайрадан кыйылып, келишим кайрадан түзүлөт. Муну биринчи талак дейт. Экинчи талак деле ушундай мүнөзгө ээ. Бирок үчүнчү талактан соң эри ал аял менен кайра жашоого акысы жок. Үчүнчү талактан соң ажырашуу толук өкүмүнө кирет да ал аял иддасы бүткөн соң башка эрге тийүүгө толук акылуу.

Эгер  мурдагы эри аны менен кайра жарашкысы келсе, ал аялдын башка эрге тийип, аны менен кадимкидей ажырашып, иддасы бүткөн соң гана кайра үйлөнүүгө укуктуу болот. Кээ  бирлер көз бойомочулук кылгысы келип, досуна же таанышына төшөккө жаткырбай эле нике кыйып, кайра талак бергизип алгандарын угуп жүрөбүз. Бул келесоолор кимди алдайм деп жатышат. Бул  мыйзамды адам эмес Алла чыгарган жана анын көзүн бойоо мүмкүн эмес. Бул жорук эң чоң күнөөгө кирет. Анткени нике куруунун максаты ажырашуу болбош керек. Тагыраак айтканда ажырашаарын билип туруп өз никесине алып жаткан досу да, аны ага түрткөн берки экөө тең чоң күнөөгө батышат.

Элдеги айтылып келчү «Үч талак » мына ушундан чыккан. Кээ бирлер бирдениге «Үч талак» дешип аялдарын дароо кетиришет имиш. Ал болгону бир талакка жүрөт. Чыныгы үч талак качан жубайлар үч жолу ажырашып-жарашып, акыркы талак өз өкүмүнө киргенде ишке ашат.

Бирок, ошентсе да ажырашуу жөнүндөгү сөздөрдү кандай учур  болбосун колдонуудан качкан жакшы. Антпесе тамашалап ажырашкан деле – ажырашканга жата берээрин оокуганыбыз бар.

Ислам никеси жөнүндө маалыматтар  фикх — укук эмгектеринде толугураак камтылгандыктан биз бул маселени бир аз үстүртөн карап өттүк.

 

 

 

328 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *