33. ЖУБАЙЛАР ОРТОСУН СУУТУУЧУ СЕБЕПТЕР



Жубайлардын ортосундагы мамиле бир гана түшүнүккө негизделүү керек. Ал да болсо – сүйүү жана ырайымдуулук. Бул жөнүндө Алла ыйык китебинде: «Анын аян белгилеринин бири – Ал Зат силер бирге турушуңар үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратышы жана ортоңордо мээрим жана пайда кылышы. Албетте мында пикир кыла турган коом үчүн аян – белгилер бар» («Рум», 21)

Бул негиз түптүү жана бекем болгон сайын жубайлардын байланышына эч нерсе коркунуч туудура албайт жана  алардын кээ бир ыркы келишпестиги түшүнүк жана кооптуу титирөөлөрсүз чечилет. Анткени сүйгөн жүрөк — жубайынын кемчиликтерин сабырдуулук менен кечирип,  ага болгон мээримин күн сала ашыра берет.

Ал эми жогорудагы негизге курулбаган байланыш алсыз болуп болоор-болбос  сөздөр үчүн деле урап кетүү коркунучу чыга келет. Анткени сүйүү кетип, анын ордуна орунсуз шек саноолор, көрө албастык акыры жек көрүү жүрөктү ээлеп, жубайлар ортосун кең муз океаны каптагандай суук аралап калат.

Жубайлар  ортосуна жарака кетирчү себептердин негизгиси — алардын бири бирине болгон начар алакасы жана ал көптөгөн себептерден башталат. Төмөндө келтирилген себептер балким бүгүнкү жубайларга көнүмүш болуп калгандыктан, алардын ортосун буза алчу анчейин  деле негиз катары сезилбеши мүмкүн. Бирок жакшы көңүл буруп, терең ой жүгүрткөн адам бул себептердин өтө олуттуу экенин баамдайт. Ошентип, оорууну дарылоо үчүн алгач аны аныктоо зарыл. Ошондой эле жубайлар мамилесиндеги кеселди жоготуу -анын себебин аныктоодон башталат.

  1. Кароо.

Жубайлардын башка бирөөнү суктануу менен кароосу албетте келечекте чоң кесепеттерге эшик ачат. Бузукулук – бузуку ойдон башталат. Ал эми бузуку ой башка  аялга суктануудан башат алат. Буга канчалаган мисалдар бар, жада калса бул жөнүндө миңдеген романдар жазылып, кинолор тартылып, бузуку доордун культуна айланган. Бирок, таза ой жүгүртө алган жубайлар гана бул чыгармалардан туура тыянак чыгарат. Ал эми караңгылык өкүмүндөгүлөр тетирсинче, роман, сүйүү ж.б. шылтоолор менен барган сайын өз напсисинин тереңинде жашынып жаткан шайтанын сыртка агытат. Жыйынтыгында бузулган үй бүлөө, жетим балдар жана какшаган жүрөк…. Алла өз китебинде: «… момундарга айткын, көздөрүн чоочун аялдарга кароодон тосушсун жана абийирдүү жерлерин арамдан сакташсын. Мына ушул алар үчүн таза жол. Албетте Алла алар кылып жаткан өнөрлөрдөн кабардар» («Нур»,30) деп момундарга арамдын алдын ала эскертет.

Пайгамбар Мухаммад Мустафа салаллаху алайхи ва саллам: «Зынакордук — Адам баласына аны ал өзү (арамга барып жатканын ) сезген абалынан  баштап жазылат. Көздөрдүн зынакордугу  — (башка бирөөгө, анын дене мүчө бөлүктөрүнө) кароо, кулактардын зынакордугу – (тыйуу салынган сөздөрдү, башка бирөөлөрдөн) угуп жыргоо, тилдин зынакордугу – (башка бирөөгө делебени козгогон, азгыра турган сөздөрдү) сүйлөө, колдордун зынакордугу – (башка бирөөнү, анын дене бөлүктөрүн) кармалоо, буттардын зынакордугу – (башка бирөө менен арам байланыш үчүн аттаган) кадамдары. Жүрөктүн зынакордугу — (башка бирөөнү) каалаганы, жыныс мүчөсү аны тастыктайт же четке кагат» деген. Ошондуктан ал «Көзүңдү ал!» деп, сахабаларын чоочун аялдарга кароодон тыяр эле.

  1. Аялдар менен кол алышып көрүшүү.

Негизи чоочун аял менен кол берип көрүшүү алардын кол териси аркылуу лаззат алуусунан кооптонуп, тыйуу салынган аракеттерге кирет.  Албетте бузукулукка терең көмүлгөн коомдун кээ бир  мүчөлөрүнө бул лаззат сезилбей деле калса керек. Ошентсе да мунун кесепети чоң күнөөлүү иштерге кириптер кылуу менен аял эркектин ортосундагы уят пардасынын ачылышына жана анын натыйжасында  чоочун аял менен эркек жолугушканда эч уят сезимисиз өбүшүп көрүшүүгө апкелип отурат. Акылдуу адам өз кызы же аялынын башка бирөө менен өбүшө бергенин көрүү – өтө оор абал. Бирок көптөгөн ата-энелер жана эрлер кыздарын жана аялдарынын башка эркектер менен ээн эркин буркан шаркан түшө аржайлашканын көрмөксөн болушат. Жада калса буга кийлигишүүнү жапайылык дегендери да бар. Ошентип отуруп кыздары сахнада жарым жылаңач ырдап чыкса, элге кошулуп маашыркана кол чапкан ажыкелерди да көрүп жатабыз.

Пайгамбардын с.а.в: «Мен аялдар менен кол алышпайм» дегени бар. Албетте пайгамбарды өмүрүнө үлгү кармагандар бул жоосундан баш тартышат. Бирок азыр кээ  аялдар эркектеридин колун кууп жүрүп кармашат. Кол бербей койсо «бой көтөрдү» деп жапман көрүшөт. Аялга да эркекчесинен кол сунуу — анын аялдык назиктигин байкамаксан болгону – аялга кемсинтүүчү абал. Тилекке каршы муну түшүнө берүү — анчейин оор.

  1. Дене мүчөлөрүн ачык кармоо жана жылаңачтануу.

Жабылууга муктаж болгон дене мүчөлөрүнүн эч кажетсиз, уятсыздык менен никесиз башка эркектер алдында, эл көзүнө ачык эле көргөзүү – коомдук баалуулукка айланып, жада калса «ким тез чечинет» деген конкурстар өтө баштады. Бул жорук аялдын абалын санат кылып төмөндөтүп жиберди. Натыйжада жаз келээри менен кыз-келиндердин, жада калса жашы алтымышты тегеректеп калган кемпирлердин да  келди-келбеди ар нерсени кийим деп асына салып, денесин тыртайта жылаңачтай баштаганы байкалат. Албетте, көпчүлүккө бул көнүмүш көрүнүш. Бирок, алар биздин аялдарыбыз жана кыздарыбыз да. Аларды биз асыл таш сымал, бриллианттай сакташыбыз зарыл го. Тилекке каршы, биз бриллианттарыбызды ар ким суктанып карай берсин, кармалап көрсүн деп  айбанга илип койдук. Натыйжада кудайсыз коомдун жапайы жоосундары турмушубузга кирип келди да бара-бара заманбаптык критерийине өтө баштады. Аял   канчалык жылаңач болсо – заманбап, ал эми кийимчен — ыймандуу болсо – эскилик делип калды.

Аял – мекен жана ал таза болуу керек. Келечекте таза муун күтөм деген ата – аялын таза кармоо зарыл. «Мени көп эркектер карасын» деп атайын жылаңачтана кийинген кыз кандай аял болот да андан кандай бала төрөлөт? Андайлардан көл жээги бошобойт. Ысыккөл  — чоң ванналуу спальныйга окшоп калды.  Ушунун баары — качандыр бир кезде кызы тар шым кийсе атасы унчукпай койгондон башталган.

Ислам шариаты аял эмес эркекти да  башка эркек алдында жылаңачтануудан кармайт. Анын тизеси менен киндигин ортосундагы бөлүгү аврат – уят жери деп эсептелет да башка эркек эмес кажетсиз өзүнүн кароосуна да уруксат эмес. Уяттуулук ушундан башталат. Ал эми аял кишинин ар бир мүчөсү, үнү да авратка кирген соң аны күйөөсүнөн башка эч бир жанга, өзү аял боло туруп башка аялга  көрсөтүүгө тыйуу салынган. Бул тыйуу аялды кемсинтүү үчүн эмес, тетирисинче аны бузукулук булагы болуп калуудан жана чыныгы кемсинүүдөн сактоо үчүн болгон. Азыркы жылаңач кыздардын баасы канча болуу мүмкүн да чыныгы ислам тарбиясын көргөн кыздын баркы кандай? Салыштырууга мисал издөө — ашыкча убаракердик.

  1. Коомдон оолактанып жолугушуу.

Исламда эркек менен аялдын никесиз жана оолактанып жолугушуусуна тыйуу салынган. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Араңардан эч кимиңиздер жакын тууганы жок эч бир аял менен оолктанып жолугушпасын» — деген.

Азыркы учурда бул насыйкаттар эске кирбей калды. Натыйжада  аял менен эркек эч тартынуусуз каалаган учурунда, каалаган жерде жана каалаган абалда жолугуша алат. Буга коом да эч кандай реакция жасабай калды.   Кайсы  кафеге кирбе бир эркек менен ыржаңдап отурган аялды көрөсүң. Же кайсы мекемеге кирбе аял менен эркек керелден кечке бири бирине жосунсуз тийише берген болот. Жада калса, азыр аял-эркеги чогуу отуруп, оозго алгыс ыплас анекдотторду айтышат. Бул жаатта аялдардын кызыктуурак айтканын укканда төбө чачың тик турат.  Кээде чынында бузукулук боюнча биз Американы да жолдо калтырдыкпы деп кетем.

Гезиттерге жарыяланган мейманкананлардын тизмеси — чоочун аял менен ачык эле байланыш түзүүгө толук шарт түзүп берээрин жашырбайт. Эртең менен мейманканадан чыгып келе жаткан кошунанын кызын көргөн  эркек — эч нерсе болбогондой өтүп кете берет. Канчасы кыздарын мейманканалардан жолуктуруп калып жатышат. Эч нерсе эмес өлбөй эле жашап келатышат. Бирок андай чочко жашоодон кудай сактасын!

Ал эми эркектен дос күткөн аялдардын келесоолугуна чек жок. Эркектин аялга бир гана кызыкчылыгы болот. Ал да болсо аны менен жыныстык катнашта болуу. Кээ бирлер  «ортобузда андай жок» деп карганышат. Эгер жок болсо – демек келечекте болот. Анткени эркекке — эркек гана дос боло алат. Ал эми аял ага — катындыкка гана жарайт.

  1. Аялдын иши.

Албетте азыр аялдардын эркектерге теңелип иштегени эч кимди таң калтырбаса да керек. Ошентсе аялды Алла назик кылып жараткан жана аны эркекке аманатка берип, андан аялдын укугунун сакталганын сурамакчы. Буга ыйык китепте жана пайгамбардын салаллаху алайхи ва салламхадистеринде далилдер көп. Бирок ага карабай аялдар эркекке теңелүүгө, кээде эркектен күчтүүлүгүн далилдөөгө да урунушуп, бул утопияга өздөрү да ишенип алышат. Аларды адатта тең укуктуулук жөнүндө сурашса — эркектерче мушташып, тамеки тартып, гылжып мас болууну айтышат. Жок тетирисинче тең укуктуулук — эркек кандай бактылууу болсо аял да ошондой бактылуулукка укуктуу дегенди билдирет. Андыктан, аялдын чыныгы бактысы — эринин коргоосунда каалаганын кийип, ичип, анын тукумун улоо менен Алласын ыраазы кылуу. Муну  түшүнгөн аялдар көп эмес.

Исламда аялдын иштегенине тыйуу салынбайт. Бирок, иштеген аял өзүн тың кармап, алдыңкы планга үй-бүлөөсү туруу зарыл. Антпесе, ал өз милдеттерин аткара албай калат. Коюлган маселенин кабыргасы ушул жерде ийилип жатат. Биздин  аялдар алдыңкы планга ишти коюп, калганын артка ташташкан. Алардын көбү эми үйдө отура да алышпай калды. Иштеген  аялдын тапкан маянасы — исламда жеке өзүнүн менчиги болуп эсептелет жана анын уруксатысыз же ыраазылыгысыз эч кимдин ал маянага акысы жок. Ал эми байкуш биздин аялдар Россиянын суугуна тоңуп, оорукчан болгонуна карабай тапкан акчаларын эрлерине жиберет да, алар үйдө отурганы аз келгенсип ал акчага ак чардак урушат. Натыйжада акча алдынкы планга чыккан аялдын үйү көпкө турбайт. Сыртынан жылтыраганы менен ал бүлөө эртеби-кечби ураары анык. Аны сактап калуунун жалгыз жолу —  ар ким өзүнө берилген милдеттерди аткаруу — эркек үй бүлөөсүн багуу жана коргоо, ал эми аял эрин күтүп, балдарын карап, аларга Алла тарбиясын берүү менен алектенүү.

  1. Кирди чыкты мамилелер.

Адата, үйгө бирөө келсе эшикти эркек ачат. Эгер ал жок болсо анын ордун баскан чоң уулу келген кишиге жооп кайтарат. Үйдө такыр эле эркек жок болсо эшик да такыр ачылбайт. Аял жооп берет, бирок, көпкө сүйлөшүлбөйт. Анын үстүнө, келген эркек эри жок үйгө баш бакпайт. Азыр андай эмес, такылдаган эшикти жарым жылаңач аял деле, саксайган кызы деле ача берет. Келген неме да классташым, аяшым демиш болуп, үйгө бастырып кирет да, натыйжада арактар ачылып, шампандар  чачылып, эри иштен келгенче аяштар түзүк эле жерге барып калышкан болот.

Пайгамбар салаллаху алайхи ва салламэри жок үйгө киргенге тыйуу салган эле. Сахабалардын бири «туугандар кирсе болобу?» дегенде – «Балээнин баары туугандан башталат» — деген. Тууган деген категорияга  азыр ар бир кыргызды киргизсе болот. Анткени кайсы кыргызды сүрүштүрбө ары барса алты атадан өтпөй тууган чыгат. Анын  баарын туугандыкка салып киргизе берсе балээ ошондо башталбайбы? Балээ башталып да бүттү, эми кыргыз туугандыгын сурабай эле киргизе берет. Анткени аны сүрүштүрөөр эрдин өзү — эркинде эмес.

Жубайлардын ажырап кетүүсүнө негизинен эки себеп бар, алар – экөөнүн такай жаңжалдаша берүүсү жана  жубайлардын бирөөсүнүн кайтыш болуусу. Ал эми  жогоруда келтирилген мисалдар жубайлар ортосундагы жаңжалдардын классикалык булактары. Анткени ар бир адамдын  данегинде кызгануу сезими орун алган. Адам кудайдан коркуп жана анын шариаты менен жашаса андагы кызганыч сезими аны жана жубайын бузукулуктардан сактоого керектелет. Ал эми ал динбезер наадан болсо ал өзүнүн кызганычын бара бара текебердик менен алмаштырып, андан ары жубайын тоотпоо жана кемсинтүү аркылуу өч алуу же башка жек көрүү сезимдерине алдырат да натыйжада бүлөө көз көрүнөө урай баштайт.

 

 

    

 

489 просмотров всего, 3 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *