31. ЭРДИН АЯЛЫ АЛДЫНДАГЫ МИЛДЕТТЕРИ



Кураанда Аллах: «Эй момундар… аялдарыңарга татыктуу мамиле жасагыла…» («Ниса», 19) дейт. Албетте татыктуу мамиле жүзөгө — сабырсыз ашпайт. Сабыр – ыймандын жарымы. Жубайына сабырдуулук менен жасалган мамиле сөзсүз өз түшүмүн бербей койбойт. Ошентип, Ислам Шариаты аял алдында эрдин да милдеттерин аныктайт жана алардын аткарылуусун көзөмөлдөйт.

  1. Аялына жакшы мамиле жасоо, аны менен ынтымакта жашоо, аны жаман таасирлерден сактоо. Буга пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафанын салаллоху алайхи ва саллам: «Силердин араңарда аялдарга жакшы мамиле жасагандар — асыл адамдар» (Тирмизий) дегени далил. Асыл адамдар деп өз аялына жумшак жана татыктуу мүнөздө мамиле жасагандарды айтат.
  2. Аялынын пенделик кылып кетирген кээ бир каталарына сабыр мамиле жасап, анын аялдык, зайып өзгөчөлүктөрүн эске алуу. Аялдын сабыры — табигатынан суз. Анын кыймылы көбүнесе эмоцияга негизделип, кээде чатакка да себепкер болуу мүмкүн. Буга түшүнүү менен мамиле жасоо чыныгы асыл эрдин адеби. Сахабалардын дээрлик баары, үй – бүлөөсүнө мээримдүү мамиле жасагандардын эң сонуну пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам экенин айткандары төрт имамда тең келтирилет.
  3. Аялынын көңүлүн көтөрө билүү. Аны менен тамашалашуу, аны эркелетүү, жакшы сөздөрдү айтып жибитүү да эрге коюлган милдеттерден. Бирок эри да өз чегин билүү зарыл. Эркелетүүнүн чеги өтүп кетсе башкалардын – ата- эненин, балдардын – акысына кирип кетүү мүмкүн. Ошондуктан бул маселеде эркектин Аллах берген чыныгы татыктулугу байкалат. Бирок бул татыктуулукту текебердик менен алмаштырбоо керек. Текебердик Аллахка жакпаган сапат.
  4. Аялын кызгана билүү, анын намысына доо кетирчү бир да нерсени жолотпоо жана аялынын намысын төгүлүүчү аракеттердин алдын алып кайтаруу – эркектин чыныгы вазийпасы. Анткени, намыстын тепселүүсү үй-бүлөнүн беделин түшүрөт. Коомдо балдардын, тууган- уруктарын бетин жер каратат.

Кызгануу – жапайылык – деген адашкан пикир азыр өкүм сүрүп келет да көпчүлүктү чындап адаштырат. Тетирисинче аялы эл көрүнө жарым жылаңач болгону, бирөө менен кучакташып бийлегени, өбүшүп саламдашканы, аржайланып каткыра бергени, алжыганча ичип мас болгону – жапайылык эмеспи?

Бирок чегинен аша шектене берүү туура эмес. Анткени шектенүү бара-бара аялын аңдыганга, анын ар бир кадамын текшергенге алып келет. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам өз кезегинде: «Аялыңарды аңдыганга окшоп каласыңар» — деп сапардагы эркектерди үйүнө түнү кайтуусуна тыйуу салган.

  1. Атасынын үйүнөн башка мыйзамдуу турак менен камсыз кылуу – эрдин мойнундагы чоң милдет. Анткени, Аллах Кураанда: «Өз кудуретиңер жетишинче жашап жаткан турагыңардан бергиле» («Талак», 6) дейт.
  2. Аялынын тамак аш, кийим жана башка керектүү кажетерин камсыздоо. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Аллахтан сыйлык үмүт кылып аялына каражатынан жумшаган эркекке садага кылгандай эсептелет» (Бухарий, Муслим) — деген жана мындай милдеттерин аткарган эркектерге Аллах өз соопторун убада кылат.  Ошондой эле пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Чындыгында Алла үчүн эмнени сарптасаң, аялыңдын оозуна бир чайнам тамак салган болсоң да ошого жараша сыйлык аласың» (Муслим) — деген. Бир чайнамы – эркелетип аялына тамак бергени үчүн да дегенин бидирет. Муслим пайгамбарыбыздын салаллаху алайхи ва салламдын: «Адам сарптаган динарлардын эң сонуну – өз балдарына сарптаганы» дегенин бир хадисте келтирет.
  1. Аялын динге тарбиялоо, анын такыбалыгын өстүрүү – үй бүлөөнү сактоонун негизи. Бирок тарбиялоонун да шариат жол берген усулу бар. Аялга зомбулук кылып, анын алсыздыгынан пайланып, ага күч колдонуу жеткен зөөкүрдүк жана ыймандан эмес. Пайгамбарыбыз салаллоху алайхи ва саллам: «Аялынын бетине урган тозокко түшөт» — (Муслим) деген. Эри алгач аялына жакшы мисалдар менен, хикмат аркылуу, адептүү талаш жүргүзүү менен Алла жөнүндө түшүнүк берип, Анын аял алдындагы милдеттеринин мааниси жана алардын аткарылуусунун зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү зарыл. Бара-бара жубайына мусулман жубайдын адеби жана анын артыкчылыгы тууралуу түшүндүрүү менен намаз окууну жана башка ибадаттарды үйрөтүү керек. Аллах Кураанда: «Үй- бүлөөңө намаз окууну буйур жана өзүң ага тырмышууда туруктуу бол» («Та Ха»,132) дейт. Аялын жана балдарын намаз окууга, ислам шариаты боюнча жашоого, арам адалды ажырата билүүгө үйрөтүү — мусулман эрдин мойнундагы аманат. Ошондой эле, намазкөй аялдын ибадаттырынын аткарылуусун көзөмөлдөө да эрдин милдети. Аялынын үй тиричилигинен бошоп, Аллахына сыйынууга мүмкүнчүлүк таап берүү сүйгөн эрдин адеби. Аллах Куранда: «Ыймандуулар! Өзүңөрдү жана үй бүлөөңөрдү адамдар жана таштар калануучу оттон сактагыла…» («Тахрим», 6) деген аяттары бар.
  1. Аялын кемсинтпөө, аны сөгүп, же уят сөздөр менен кордобоо. Кыз ансыз деле өксүк зат. Ал атасыныкында гана эркелебесе — эрге тийген соң бирөөнүн колун карап калат. Анын эрге башын байлап, балалыгынан түзүлгөн канчалаган байланыштардан баш тартып бир журттан башка журтка көчүп келгени — кандай зор сыйлыкка татыктуу курмандык. Адептүү  эрлер аялын өксүтпөс үчүн шариат чегинде элден кемитпөөгө аракет кылат жана анын өксүгүн тезирээк арылышына шарт түзөт.
  2. Аялынын табигый муктаждыктарын камсыздандыруу жана аны ар түрдүү бузуку таасирлерден кайтаруу да эрдин милдети. Ага дайым көңүл буру, кээ бир маселелерди аны менен чогуу кеңешип чечүү жана үйдөгү же чарбадагы кээ бир кажеттерин бүтүрүп берүү, учуру келсе аны менен сейилдеп, тууган кыдырып, аялынын коом менен жакшы байланышта болуусуна шарт түзүү зарыл. Умар ибн Хаттаб халиф учурунда, бир күнү жумушка кечигип калат. Аны издеп эл үйүнө келсе, аялына кир жуушуп жатканын көрөт.(!)

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам бир жолу: «Аялына жакшы мамиле кылган момундун ыйманы толугураак болот» деген. Демек күйөөлөр мүмкүн болушунча аялдарына боорукер, жоомарт жана алардын каталарына кечиримдүү болуулары зарыл. Ошондой эле күйөө аялына жарык жүз, ачык көңүл менен мамиле кылып, анын сырткы көрүнүшүн кандай жасантырса, көңүл дүйнөсүн да ошондой кооздоого аракет кылуусу керек. Анткени күйөө өзүнүн үй-жамаатына чабан сыяктуу. Чабан  койлоруна  кандай жоопкер болсо, эр дагы үй-бүлөсү үчүн  ошондой жоопкер. Дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын: «Биздин арабыздагы кичинелерди аябаган жана карылардын укугун тааныбагандар – бизден эмес» (Ахмад, аль Хаким) — дегени айтылат.

Умар ибн Хаттаб байлыктын кандайын дурус болорун сураганда, пайгамбарыбыз салаллоху алайхи ва саллам: «Аллахка шүгүр келтирген жүрөктү, аны көп эстеген тилди жана кимиңердин акырет ишиңер үчүн жардам берген аялыңар болсо, ошону эң жакшы байлык деп туткула» — деди. Жогорудагы хадиске жөлөп, Абу Лайс аялдардын күйөөлөрүнүн үстүндө төмөндөгүчө укуктарын келтирген:

  • Күйөөсү аялына иман, ислам, даарат, парыз, ваажип эмне экенин үйрөтүп, адал менен арамды таанытат.
  • Адалдан жедирип, ичирип, адалдан таап кийинтирет.
  • Аялына зулум кылбайт.
  • Аялы өжөрлүк, адепсиздик кылса, сабырдуулук көргөзүп, насаат айтат. Кемчиликтерин кечирип, кээ бир кемчиликтерин билмексен болуп коет.

Жубайлардын өз ара милдеттери негизинен белгилүү болсо да кээ бир учурларда, эри жамандыкка, шариатка каршы ишке баштаса, мисалы жылаңач жүрүүгө, намазын калтырууга, уурулукка, арак ичүүгө ж.б. буюрса – аялы ал ишти аткаруудан баш тартууга укугу бар. Ошондой эле аялынын туугандары ага терс таасир тийгизип, Аллахка болгон ибадатын солгундатса же үй бүлөөнүн бекемдигине доо кетирсе – эри аялынын туугандары менен катташуусуна тыйуу салууга укуктуу.

Ошентип, жубайлар өз ара мамилелерин ыйманга негиздесе гана  алардын ортосунда чыныгы сүйүү жаралып, биринин жетпегенин бири  толуктап,  алардын сезими келечектеги бейиш дарбазасына тепкич боло алат.

 

 

 

597 просмотров всего, 5 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *