30. АЯЛДЫН ЭРИ АЛДЫНДАГЫ МИЛДЕТТЕРИ

Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа салаллаху алейхи ва саллам: «…дүйнөнүн эң жакшылыгы – туура жолдо жашаган аял» (Муслим, Ахмад) — деген. Туура жолдо жашаган аял – алгач Аллахтын алдындагы милдеттеринин аткарылуусун  жогору койот. Андан соң калган милдеттерин аткарат. Ал эми Аллах өз кезегинде аялдын алдына – үйгө байлануу, кажетсиз үйдөн чыкпоо, өз татыктуулугун арттыруу, үй иштерин башкара билүү, балдарын тарбиялоо, үй-бүлөөсүнө ыраазы болуу, орозо — намаздарын аткаруу, ырыскысына шүгүр кылуу – сымал бир катар милдетерди койгон. Бул милдеттерди жоопкердүүлүк менен аткара алган аял гана туура жолдогу аял болуп эсептелет. Андан тышкары аялдын эри алдындагы төмөндөгү негизги  милдеттери бар:

  1. Аялы ар дайым эринин укуктарын биринчи кезекке коюуу зарыл. Анткени, эринин аялынан Аллах белгилеген артыкчылыктары бар;
  2. Ар дайым (айыз, төрөттөн кийинки, ж.б. себептүү учурларды эске албаганда) аялы эринин табигый муктаждыгын канааттандыруудан баш тартпоосу зарыл. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Эри төшөккө чакырса, аялы келбегенине кыжыры келген эркек ойгонгонго чейин — ал аялды периштелер каргашат» (Бухарий, Муслим) -деген. Дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Эри чакырганда аялы мештин алдында болсо да келсин» (Тирмизий, Насаи) — деген. Мештин алдында деп — кадимки эле үй муктаждыгы менен алектенген аялды айтат.

Орозодо ооз ачканга чейин  жыныстык мамилеге тыйуу салынат. Ошондуктан Рамазандагы орозодон башка, ыктыярдуу орозолорду аял эринин уруксаты менен кармоо керек. Анткени эри каалап калса аялы орозого шылтоолоп андан качса – дурус эмес. Демек эринин табигый кажетин, ар шартка карабай аткаруу менен аны бузукулуктан сактап калуу аялдын колундагы иш. Бул жагдайга анчейин маани бербеген аялдар адатта бактысыз болушат. Анткени каалаганда өз аялынан таппаган лазатты эркек көчөдөн издей баштайт. Дегеле жубайлардын бири-бири менен шариат көрсөткөндөй ыракаттануусу — Аллага жаккан аракеттерден жана бул жуптардын бактылуулугунун ачкычы.

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Аял күйөөсүнүн уруксатысыз орозо кармабасын жана анын үйүнө уруксатысыз бирөөлөрдү киргизбесин» (Бухарий, Муслим) — деген. Азыр кээ бир аялдар эринин жогунда аяштары менен кенен кесири ар түрдүүчө азилдешип, талтаңдай бергени көнүмүш деле болуп калды. Буга эри да макул. Балким анын аялын тыйганга алы жетпейт, же досун кой дегенге духу жок. Менимче алар жөн эле караңгылар.

Ошондой эле эри жокто бирөө эшик какса ал тааныш же бейтааныш болсун эгер жакын тууган болбосо аны үйгө киргизүү туура эмес. Жакын туугандарга – ага-ини, кайни, кайнага, ата- кайнаталар жана башка нике жүрбөгөн туугандар кирет.

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламбир жолу үйгө кирип, Айша р.а. бир эркек менен сүйлөшүп отурганын көрөт. Айшанын р.а. тынчы кетип: «Бул менин эмчектеш бир тууганым» дейт. Пайгамбарыбыз салаллаху алейхи ва саллам: «Эмчектеш деп эки жарым жыл, күндө тойо беш маал бир эмчектен эмгендердерди айтат» (Муслим) — деп эскерткен.

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдан — эки бир туугандын балдары жакын туугандай кире берсе болбойбу? — деп сураганда: «Бардык балээ ошондой тууганчылыктан башталат» деген.

  1. Эринин уруксатысыз үйдөн эч кимге, жада калса өзүнүн туугандарына да эч нерсе бербөө керек. Анткени, эринин мүлкү аялына аманат жана аялы ага жоопкер. Бирок, эринен сурабай тамак берүүгө уруксат. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Эгер аялы эринин бузулбаган тамагынан садага берсе – аялына — бергендиги үчүн, эрине — таап келгендиги үчүн сооп» (Бухарий) — деген.
  2. Күйөөсүнүн уруксатысыз– иш, туугандарды, дүкөн кыдыруу, ж.б. кандай гана кажет болбосун — үйдөн чыкпоо керек. Күнүмдүк тиричилик муктаждыктарын түшүнгөн эр алдын ала көпчүлүк кыймылдарга өзү уруксат бергени оң. Бирок маанилүү маселелерди албетте, персоналдуу уруксат менен гана жүзөгө ашыруу аялдын ыйманынан. Ошондой эле күйөөсү тыйуу салган, мисалы, ага жакпаган аялдар менен мамиле түзүү да туура эмес. Анткени, үй бүлөө ыркы көбүнесе сырткы терс таасирлерден бузулаары анык.
  3. Күйөөсү Аллахтан таап келген ырыскыга ыраазы болуу, Ага шүгүр келтирүү. Тетирисинче, күйөөөсүн нүрөтүп арам тамак табууга түртүү – келечекте тозокко түшүү. Эринин адал аракетин мактап, анын анча жүрүшпөй жаткан иштеринде көңүлүн көтөрүү, ага канатташ болуу — адептен жана аны арам тамак табуудан токтотуу алгач аялдан көз каранды. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын заманындагы аялдар күйөөлөрү жумушка кетип баратканда: «Биз ачкалыкка чыдайбыз, бирок сен таап келген арамды жеп, тозок отуна чыдабайбыз» дешчү экен.
  4. Өз чырайына көз салуу жана келбетин башкалардын назарынан сактоо. Анткени, Исламда күйөөсүнөн башкага чечинүү – бузукулук деп эсептелет.

Айша р.а.: «Мен пайгамбарыбыздын: «Аялдын эринин үйүнөн башка жерде чечингени Алланын алдында шерменде болгону» — дегенин уккамын» деген хадисти Ахмад, Тирмизий, Абу Дауддар келтиришет.

Чечинүү бүгүнкүдөй ич кийимди гана чечүү дегени эмес, тетирисинче авраттын ачылуусун айтат. Эринин үйүнөн башка жер деп — көчөлөрдү, пляж-бассейндерди, сауна- мончолорду айтса болот.

  1. Тилин тыя билүү жана жакшы сөз сүйлөп үйрөнүү – аялга керектүү сапаттарга кирет. Мисалы, балдарын тарбиялаган аял сүйлөп жаткан сөздөрүнө маани берүү зарыл. Көпчүлүк аялдар өздөрү каалашпаса деле балдарын – «өлүгүңдү көрөйүн» же «өлүгүңө отурайын» ж. б. у. с. каргаган сөздөр менен тилдегени көп учурайт. Чынында, эне баласына жамандык каалабайт, бирок аялдар көбүнесе караңгылыктан мындай сөздөрдү колдонууга көнүп кетишет.

Ошондой эле, аял эрине да жакшы тилдүү болуу зарыл. «Жакшы сөз жыланды ийининен чыгарат» демекчи, сылык мүнөздүү аял сөзсүз эринин көңүлү каалап турган сөзүн таап сүйлөйт. Даайыма наалый берген аялдар бара-бара көгөрүп – шалдаакы же ажаан болуп калышат.

Пайгамбарыбыз с.а.в: «Күйөөсүнүн дайым кылган жакшылыктарын унутуп,  бир эле жолу өз каалоосундагы болбой калса — сен дайыма ушундайсың — деген аялдар бар» — деген. Ал эми пайгамбарыбыз салаллаху алейхи ва саллам Бейишти да Тозокту да көргөн жана -Тозоктогулардын көбү аялдар экен – деп, аялдар өзүн сактабаса Тозокко жакын болооруна  ишарат кылган.