29. ЭРКЕКТИН АЯЛЫ АЛДЫНДАГЫ АБАЛЫ

Аллах эркектин аял алдындагы абалы – ээлеген орду тууралуу: «Бирок эркектер татыктуулугу менен алардан бир тепкич өйдө турат» («Бакара», 28) дейт. Эркектин аялдан татыктуулугу — акылынын, эсинин, денесинин физикалык күчтүүлүгү менен белгиленет. «Аялдардын акылы, эси жана денесинин күчү эркектерден кем эмес, жада калса артыкчылыгы деле бар» дегендер азыркы күндө четтен табылат. Эркектен аял эч качан күчтүү боло албайт. Сөзсүз анын кай жеринен болбосун алсыздыгы байкалат. Алсыздыгы жок аялды – табигый кемчиликтеги эркек сымал аял (гермофродит, ж.б.) десе болот. Бирок, мындай көрүнүштөр чанда гана кезиккендиктен аларды жалпы көрүнүшкө теңдөө туура эмес. Антпесе спорттун башка түрлөрүн кой, жөнөкөй эле акыл менен ойнолчу шахматта да аялдар эркектерден бөлүнүп ойнойт. Жыйынтыгында, Алла аялдарды алсыз кылып жаратканын байкоого көп деле акылдын кереги жок.

Ал эми аялдардын массалык түрдө эркек иштери менен алектенгендери – аялдардын эркектердей күчтүү – дегени эмес. Бул убактылуу гана ар түрдүү кырдаал жана абалдардан улам келип чыгуучу социалдык катаклизмдер десе болот. Убакыт бара-бара алардын артыкчылыгы убактылуу экендигин көрсөтөт.

Эркектин жогорудагы өзгөчөлүктөрүнөн улам ага үй-бүлөө багуу, тарбиялоо, коргоо, коомду башкаруу статусу берилген.  Аллах Кураанда: «Эрлери аялдарынан өйдө турат, себеби Алла алгачкыларга экинчилер үстүнөн артыкчылык берди жана алар өз мүлкүнөн сарптагандары үчүн» («Ниса», 34) деп белгилейт.

Бирок, кээ бир эркектер караңгылыгынан — аял үстүнөн зомбулук жүргүзүүгө эркектин укугу бар деп түшүнүшөт.  Анын   аялына кол көтөрүп, аны ар дайым коом алдында кемсинткени  — эркектин  аялы алдындагы жеке авторитети — мушу экенин көргөзөт. Бул жапайылык жана жийиркеничтүү адат эркекти адептүүлүктөн четтетет. Ал эми чыныгы мусулман эр — аялына аяр мамиле жасайт. Өз милдеттерин жүрөктөн чыккан сезими менен так аткарып, аялынын абалын жакшыртууга умтулат. Анын пенделик кылып кетирге каталарына кеңдик, сабырдуулук жана кечиримдүүлүк менен карайт.

Аллах Кураанда: «Анын аяндарынын бири – Ал зат силер тынчтык (сакина) табууңар үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратышы жана ортоңордо сүйүү жана мээрим пайда кылышы. Албетте мында пикир кыла турган коом үчүн аят (үлгүлөр) бар» («Рум», 21) дейт. Демек, аялына жакшы мамиле жасаган гана эр тынчтык табат. Буга турмуш өзү деле күнүмдүк миңдеген далилдерди келтирүүдө.

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Аллахка, акырет күнүнө ишенгендерге — аялдарына көңүл буруп, сыйлап жүрүүлөрүн насыйкат кылам» (Бухарий, Муслим) — деген.  Демек, – ыймандуулар, мусулмандар Аллахтан коркконунан жана кыяматка ишенгенинен аялдарына жакшы мамиле кылууга мажбур. Антпесе алардын акыретте жооп берүүсү кыйын.

Адам өзүнө өзү ташбоор боло алабы? Ооба. Эгер ал аялына ташбоордук кылса – албетте, ал өзүнө ошол мамилени талап кылуучу. Анын үстүнө Алла мазлумдун дубасын тез кабыл кылуучу. Муну  унутпоо керек.

Аял ыймандуу болсо — эркектин Аллахтан алган артыкчылыгын тааныйт жана ага баш ийет. Анткени, эр — атадан кийинки башкаруучу. Кыз үйүндө атага тааандык жана анын чечими менен иш кылат. Турмушка чыккан соң ал эринин карамагына өтүп, анын чечимине баш ийет. Аял эринин  уруксаты болбосо —  атасынын айтканын да аткарбай койо алат.  Бирок муну ыймандуулар гана түшүнөт.

Пайгамбарыбыздын доорунда бирөө соода иштери менен көп убакытка чет жакка кетет. Бир күнү анын аялына агасы келип атасынын ооруп жатканын айтат. Аялы күйөөсүнөн уруксаты жоктугун айтып барбай койот. Дагы бир канча күндөн соң агасы кайра келип, атасынын өлгөнүн айтат. Анда да аялы күйөөсүнөн уруксаты жоктугун айтып, атасынын өлгөнүнө барбайт. Ага кыжыры келген агасы Пайгамбарыбыз салаллаху алейхи ва салламга кайрылат. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам — уруксаты жок көчөгө баспоону кызына үйрөткөнү үчүн атасынын   бүт күнөөлөрү кечирилгенин айтат.

Демек, аялдын тынчтыгы — эринин татыктуулугун таанууда жана ага толугу менен баш ийүүдө. Албетте, мындай аялдарга ар түрдүү «цивилизация» демиш, жубайлар ортосун ажыратчу жоосундар терс таасирин тийгизе албайт.

Аллах Кураанда: «Ортоңордогу жакшы мамилелерди унутпагыла» («Баккара»,237) — дейт.