МЫШЫК МОЛДО



Өткөндө Камчы досум чайга чакырыптыр. Көзү өткөн ата-энесине Куран окутуп койоюн деп белгилүү Абжалил дамланы да алдырыптыр. Молдоке менен көптөн бери көрүшө элек экенбиз, сөз бүтпөйт. Кеп арасында намаз окугандар жөнүндө сөз башталып кетти.

— Мурда намаз окуйт десе беш убак намазды түшүнчүбүз. Азыр бир маал эле окуйм дегендер пайда болуптур, тооба – деди Камчыке, чай куюп жатып.

— Аны айтасыз, таксыр азыр жума намазга эле каттагандар көбөйдү. Жумабай деп коюшат экен аларды, деди – Камчыкенин Сабыр аттуу кошунасы.

— Айт намазына гана чыккандарчы, Айтбайлар – деп Камчыкенин дагы кошунасы сөз кошуп өттү.

— Азыр Шайлообайлар да чыкты. Алар шайлоодо гана намаз окушат – дедим, мен да келе калган сөздү койо бербей. Эл каткырып калды. Буга чейин алманын кабыгын аарчып отурган Абжалил дамла колундагы бычагын майлыкка сүртүп жатып:

— Ээ, ажым буларды мышык молло десе болоттор – деди. Дасторкондогулардан бирөө – Ийи вей, шондою да барбы, дамла? О кандай мышык экен? – деп сурап жиберди. Элдин баары кулак түрүп, дамла тарапка карады. Дамла колундагы бир кесим алманы оозуна салып, шашпай чайнады. Ал аны жутканча эл унчукпады, күтүп отурду. Дамла чайнаганын жутуп, анан оозун сүлгү менен сүртүп, чапанынын этегин тартып, малдаш токуган тизесин жапты. Анан тамагын тазалагандай какап да алды, калпагын да түздөгөнү үлгүрдү. Эл ошого чейин үн катпай күтүп отурду. Анан гана сөзүн баштады.

— Бир мышык болгон экен, таксырларым. Ол жөн мышык эмес, өтө аяр мышык экен. Анын аярлыгынан чычкан аттуу кутулбайт имиш. Онун аярлыгыны эгеси да билет экендер. Бир күнү мышыктын эгесинин дан кампасына чычкан толуп кетиптир. Данды ташып кетпесин деп о киши баягы мышыгыны кампага камап, эшигинин тышыдан кулптап коюптур.

Мышык кампада ары басыптыр, бери басыптыр. Эч ким жок. Өзү зеригиптир. Караса эгеси али-бери келбейт. Анан кылаарга иши жок, акыры намаз окумак болуптур. Бир жерден бир лата тааптыр, анын четинен кыркып, башыга селде кылып ороптур, калганыны жайнамаз кылып жайыптыр. Четте бир идиште турган суудан таарат алып баштаптыр.

Муну бекинип алып карап турган чычкандар: «Ээ бу мышык таарат алып атат ко, бу раса кызык болду ю. Ниме эми намаз окуйбу экен аа?» — дешип өтө таң калышат имиш. Айткандай эле мышык тааратты катырып алып, дубасын окуп, анан шашпай басып келип, жайнамазга туруптур. Колдорун көтөрүп такбир айтып намазга кириптир. Намазын өтө берилүү менен окуп баштаптыр. Муну карап турган чычкандар маң.

—  Эй, бу намаз окуп атат, тооба, караңыздар!

— Ой тооба, караң. Мышык намаз окуп атат! Ээ кудай, ушундай күн да бар экен аа!?

— Ээ , бу мышык тообо кылган экен даа эй, тообасы кабыл болуптур, бечаара. Кудай муну туура жолго салган экен! – дешип чычкандар, мышыктын мурда аларды зарлатканы, какшатканы эстеринен чыгып, анын намаз окуп жатканына жетине албай, кээ бирлери көздөрүнө жаш алып да жүгөрүштү.

— Эй, туугандар койгулачы, ушу ууру качан эле намаз окусун, мунун бир айласы бар да. Бу шүмшүк жөн намаз окубайт – дептир ичинен бир кыраакысы. Бирок чычкандар анын сөзүн жактырышпай – Эй паланча аке, сизге эч нерсе жакпайт. Эми тообасы кабыл болгон болсо, окуса окуйт да. Акыры биз көргөн көзүбүзгө ишенишибиз керекпи? Калганын кудай алдында өзү жообун берет да акыры – дешип, ал чычканды сүйлөтпөй коюшуптурлар.

— Майли, ондо жанига барып кошулуп намаз окуңуздар, көрөсүздөр бу мышыктын тообасыны – дептир акыры, о чычкан туугандарыны жеңе албай.

Чындап эле чычкандар мышыктын окуп жаткан намазына жетине албай, акырын бирден бирден чубулжуп барышып, анын артына турушуп, ага уюп, намаз окуй башташыптыр. Мышык бир окуйт имиш намазды, кыраатын да келтирет, саждада да көпкө башын көтөрбөй турат, ар бир сөзүн көз жашы менен чыгарат. 

Мышыктын намаз окуп калганын уккан сырттагы чычкандар да кампага чогула башташат. Алар да анын артына уюшуп, көз жашын көл кылып окуп жатышты. Мышыкка уюп намазга тургандар кампага батпай да калды дейт.

Мышык бир кезде башын саждага коюп, көзүнүн кыры менен караса эки тарап толо чычкан. Чатынан караса арты да толо чычкан. Шапп ыргып туруп, колу жеткенче, секириги жеткенче, чапчыганы жеткенче чычкандарды сулайта-сулайта чаап жатты. Намазда алаксып калган чычкандар эмне болуп кеткенин билбей да калышты. Эптегени качып кутулду. Калганы мышыктын олжосу болушту.

Шонтип, мышык жүздөй чычканды шашпай мойсоп жеди. Анан, курсагы тойгондо, чалкалап жатып, тишин көөлап атып: «Бул селдеде кеп бар» — деп койду дейт.

Таксырлар, бул шайлөөдө намаз окуп калган депутаттар шо молло болгон мышыктай. Добуш алыш үчүн намаз окушаттар. Анан шайлөөдөн кийин олорду таап көр. Шорлуу эл, шорлуу эл – деп дамла сөзүн бүтүрдү.

Күлөсүңбү, ыйлайсыңбы, сындайсыңбы, сөгөсүңбү – чындык ушундай.