МЕН КӨРГӨН НАМАЗДАР



Мен бир жолу жолум түшүп, шаардагы мечиттердин бирине намазга кирип калдым. Бир аздан соң жаныма бирөөнү жетелеп келип отургузуп койушту. Анын көздөрүнүн азиздигин намаз башталганда эле байкадым.

Намаз бүткөн соң эмнегедир дароо туруп кетким келген жок, аны кепке тарттым.  Курагы  менден жаш, кайсыдыр айылда турат экен. Көздөрү  энеден азиз туулган бул жигит, кудай жалгап балалыгынан намаз окуп, орозо кармап баштаптыр. Үй-бүлөөлүү, балдары да бар экен. Шаарга бир кажет менен келиптир. Көпкө сүйлөштүк, динди тунук өздөштүрүптүр. Адеби адамды суктандырат. Айткан сөздөрү кыт куйгандай жүрөк туйлатат. Аллахка болгон мухаббаты көзү соо адамда жолукпайт.

Сөз аягында «Сиздин бул жашоодо кандай арзууңуз бар?» — деп сурадым. Ал бир аз ойлонду да: «Балдарымдын жүздөрүн көргөм келет» — деди.

Кандай улуу сүйүү жана зор арман. Албетте, Аллах аны Бейиште тирилтет жана көзүн берет. Аны сабыры үчүн Жаннат кендери күтүп турат. Бирок, менин акылымды маң кылганы – энеден туулуп, бир түс, не бир келбет көрбөгөн адам Жаратуучусун таап, ага кулдук кылып жашаса го, көзү көргөндөр неге Жаратучусунун мөөрүн, чыгармасын, чебердигин көрбөй жашашат? Ким сокур?

***

Менин колумда окуган бир студент кызым, инисинин жакында намаз окуй баштаганын жана жума намазга мени ээрчип баргысы келип жатканын айтып суранып калды. Албетте, макул болдум. Бир өзгөчөлүгү студентимдин иниси энеден туума дүлөй жана сакоо экен.

Белгиленген күнү аны мага апкелишти. Келбеттүү, узун бойлуу, сулуу жигит, башында ак топу, мени менен кадимкидей кучакташып саламдашты. Анан экөбүз мечитке ээрчишип жөнөдүк. Айтмакчы, анын дүлөйлүгүн ушундан бил, кулагы такыр укпайт, бирок, үндү таманы менен сезет. Чакырсаң укпайт, жер тепсең карайт. Муну жолдон өтүп жатып байкап калдым. Машинелердин дөңгөлөгүнүн жол титиреткенин байкап, токтоп калат экен. Мен аны чакыргым келсе, жерди тепкилесем дароо карайт.

Мен өмүрү сакоолор менен сүйлөшүп көргөн эмесмин. Бирок, мечитке жеткенче анын үй-бүлөөдөгү абалы, кызыккандары, тааныштары, туугандары тууралуу көп нерсени билгени үлгүрдүм. Чынында Аллах түшүндүрөт дегени ушул окшойт. Мага кээде тилдүүлөр да мындай түшүндүрө албайт. Аны менен жөн эле түшүнүшүп жаттым.

Ошентип, экөөбүз жума намазга бир кана убакыт чогуу каттап калдык. Анын ички дүйнөсүн айтпа. Сезимтал, кайрымдуу, мага ал сүйлөп жаткандай сезилчү. Ал эми намазын мен да азырга чейин түшүнбөйм, катасы жок окучу. Ага ким үйрөткөн? Кантип түшүндүргөн? Ал тамга билбеген жан кантип сүрөлөрдү жаттаган? Өмүрү үн укпаган жан кандай окулаарын кайдан билди? Менимче анын жүрөгүнүн тазалыгынан Аллах ага Өзү үйрөтсө керек деп калдым.

Айланадагы миң бир түркүн үндөрдү угуп, тыңшай алгандар, не бир кооз үндүүлөр, чебер тилдүүлөр ушул энеден туулганы бир добуш укпаган балачалык Аллахын таба алышпай жашап өтүшөт. Аларга бул жашоодо не кызык?

***

Мен дагы бир намазды көрдүм. Мындан бир канча жыл мурда борбордук мечитке беш убак намазга бир жигит келчү. Тагыраагы аны коляска менен апкелип коюшчу. Жума намаздарда да көрүп калгандар болсо керек.

Жашы отуздардан өтүп калган. Ак топу менен жүрөт. Ал жигиттин эки буту, эки колу тең жок. Түбүнөн жок. Мен аны карап кантип жашаарын элестете албай кыйналчумун. Ал кантип тамак жейт? Кантип кийинет? Түнү төшөгү ачылып калса кантип аны кайра жабат? Табигый муктаждыктарын кантип бажарат?

Мына ушул жигит намаз окучу. Кадимкидей коляскасы менен сапка туруп намаз окучу. Эки буту, эки колу соо туруп Аллахына кантип кулак какпай, кантип намаз окубай койсо болот? Анүчүн чынында караңгы болуу керек!