ИБРАХИМ ПАЙГАМБАР ТУУРАЛУУ



Ибрахим пайгамбар азыркы Ирактын  аймагында мындан 4 миң жылдан ашуун убакыт мурда, көзү ачыктык, палчылык, бутпарастык адатка айланган, жашоо нугу бакшылардын (жрецтердин) ырым – жырымдары менен башкарылган коомдо төрөлгөн. 

Теги чоң бакшылардан чыккан, белгилүү бут[1] устанын уулу Ибрахимди да аталарынын жолун жолдоп, келечекте чоң бакшы болоорун күтүшкөн. Бирок Аллах ага башка тагдырды ыроолоп,  ал бала чагынан эле аалам, аны башкарып турган парда артындагы Күч тууралуу ойго батып, эли сыйынган кудайларга ишене бербеди. Көп суроолорго жооп издеп, тынчы кетти.       

Күндөрдүн биринде ал үйдөгү буттарды талкалап салды жана балтаны бир айкелдин  колуна кыстарып койду.  Бул туурасында Куранда: «Коркутууларга жооп кылып жана буттардын алсыздыгын далилдөө үчүн ал аларды өз колу менен талкалады»[2] — деп айтылат. Атасы: «Буларды ким талкалады?» — деп сурады, ачуусу менен кыйкырып. «Балта кимдин колунда турса, ошол талкаласа керек» — деп жооп берди тестиер Ибрахим. Атасы: «Бул кудайларды эмнеге талкаладың?» — деп кайра сурады, чындыгын билгиси келип. «Эгер бул кудай болсо, мен кантип аларды талкалай алайын? Анын үстүнө алар өздөрүн коргой алышпайбы? Анда эмнеге силер өздөрүн коргой албагандардан коргоо издейсиңер?» — деп атасынын суроосуно суроо менен жооп берди. Бул Ибрахимдин келечегин аныктаган окуя болду.

 Убакыт өтүп, ал: «Эй, эли журт! Ага (Аллахка) шерик кылганыңарга   менин   тиешем жок. Жүзүмдү асмандар менен жерди Жаратканга бурдум, ага тазамын жана  бутпарасттардан эмесмин»[3] — деп элине ачык жар салды. Андан соң ага оор сыноолор башталды. Аны коому батырбады, атасы да үйүнөн кууп чыкты. Ал: «Мен билген билим сага берилбеди.  Ошондуктан, мен сенин артыңдан, а сен менин соңумдан ээрчише албайбыз»[4]— деп өзүнүн келечек жолун атасынан айырды. 

Буга кыжырынданган бакшылар падышага даттанышты. Падыша аны тирүүлөй өрткө ыргытууга өкүм кылды. Ибрахим: «Силердин менин үстүмөн бийлигиңер жок. Менин  падышам бир гана менин эмес, силердин да тагдырыңар, жада калса, күн дагы Анын мыйзамына баш ийген зат»[5] — деп жооп берди. 

Айткандай эле Аллах аны өрттөн тирүү сактап, ал аялы Саараны, жээни Лутту ээрчитип, алдынан чыккан элди Жалгыз Кудайга сыйынууга чакырып жер кезип жөнөдү. Халебде, Дамашкта, Филлистинде турду. Чакырыгы менен Мисрге чейин жетти.

 

[1] Сыйынуу үчүн алтындан, күмүштөн же колодон, баалуу таштардан, темирден, чоподон, жыгачтан жана башка заттардан атайын жасалган айкел

[2] Куран, «Анбия», 57-70

[3] Куран, «Анаам»,79-80

[4] Куран, «Мариям»,  41-45

[5] Кураан, «Баккара», 258