ИБРАХИМ АДХАМ ОКУЯЛАРЫ



Орто кылымдарда кол астындагы аттарынын туягы дүйнөнүн төрт тарабына чапкан улуу мусулман аскери, миңдеген сарай кызматкерлери, дүңгүрөп өсүп турган мусулман шаарлары бар Басранын өкүмдарынын сарайынын чатырында түн ката бирөөнүн ары бери чуркаган үнү угулат. Таттуу уйкуда жаткан султан чатырдан угулган үнгө чочуп ойгонот. Буга чейин мындай болгон эмес, эмне болуп кетти?» — деп султан таң калат. Анан төшөктөн туруп, чатырда бирөөнүн басып жүргөнүн түшүнөт: «Султандын ак сарайынын чатырында түнү сейилдеп жүргөн не деген коркпостук» — деп султан кыжыры келет.

Ал ачуусу менен терезеден башын чыгарып: «Эй, султандын чатырында чөлдө жүргөнсүп баскан ким?» — деп өйдөнү карай кыйкырат. «Бул мен, төөмдү издеп жүрөм!» — дейт бирөө чатырдан. Бул эмне деген наадандык. Ибрахим эми ачуусун жашырган жок. «Эй, наадан! Султандын сарайынын чатырында төөгө балээ барбы?! Ушундай да келесоо болосуңбу?» — деп кыйкырат султан. «Сен деле Аллахтын ыраазылыгын жибектен тигилген жумшак төшөктө жатып алып, кинтар-кинтар алтын менен күмүштөн, мармар менен берметтен издеп жатасың го. Сен эмне келесоо эмессиңби? Сенин султандын чатырынан төө издеген адамдан кандай айырмаң бар?» — деген жооп угулат кайра чатыр тараптан.

Көп өтпөй султан бүт сарай кызматкерлерин бутка тургузат. Бирок чатыр эмес сарай жана анын тегерегинен жогорудагы жорукка даай алган эч бир жан табылбайт. Ошентип таң атат.

Султан бул күнү да адаттагыдай эле вазирлерин чакырып, мамлекеттик маанидеги маселелерди чечкени отурган. Бир кезде сарайга эч кимди көзгө илбеген, кең далылуу, карылуу, ноочо келген бирөө бастырып кирди. Анын сымбатынан сүрдөп, эч ким токтотмок турсун, атын сураганы даабады. Ал туура султан чогулуш өткөрүп жаткан чоң канага кирип барды. Султан буга чейин мындай коркпостукту, көзгө илбестикти жолуктурган эмес. Бейтааныштын бул кылыгы аны өзүнөн чыгарды.

— Эй, сен кимсиң? Бул жерде эмне кылып жүрөсүң? — деди султан чыдай албай катуу үн менен.

— Мен жолоочумун жана ушул жерге бир нече күн токтоюн деп чечтим — деди бастырып кирген киши кебелбей.

— Сен эмне кылып жатканыңды билесиңби? Кимдин үйүнө кирип келдиң? Бул сага мейманкана эмес, а менин сарайым — деди султан эми чындап ачуусу менен. Бирок жолоочу бул жолу да кебелген жок. Ал акырын султандын алдына басып келди. Анан ага карап:

— Кечиресиң, бул сарай сага чейин кимдики эле? — деп сурады.

— Менин атамдыкы болчу! — деп жооп берди султан өзүн араң кармап.

— Ага чейинчи? — деп дагы кебелбеген үн менен сурады жолоочу.

— Анын атасы, менин чоң атамдыкы болчу! — деп жооп кайтарды султан дагеле өзүн араң кармап.

— Алар азыр каякта?

— Алар азыр жок. Көздөрү өткөн – деди султан. Эмнегедир бу сапар султандын үнү бир аз басаңдап калды. Дагы бир аздан соң анын көздөрүндө кандайдыр белгисиздиктин жышоону пайда болду.

— Көрдүңбү? Бул сарайга бирөө келип, бирөө кете берет турбайбы. Бул кантип мейманкана болбосун?! — деди жолоочу. Ары бурулуп.

— Сен кимсиң? — деди султан дагы бир жолу.

— Мен Кызырмын — деди жолоочу. Султан тактысына шалдайып жыгылды.

Ошентип, султан менен Кызыр бир канча убакыт сүйлөшүп отурушту. Анан Кызыр келген жагына кайра кайып болду.

Бул окуя султанга оор из калтырды. Ал басса турса Кызыр менен болгон окуяны унута албай кыйналып жүрдү.

 

***

 

Көп өтпөй султан жан жөкөрлөрү, сарай кызматкерлери менен ууга чыкты. Бир кезде алар алдынан чыккан эликти кууп жөнөштү жана султандын аты алдыга обдулуп дароо элден озду. Шамалдай качкан эликти кууп султан токойдо өзү калды. Күтүүсүздөн асмандан: «Эй, Ибрахим! Көзүңдү жумаардан оболу ойгонсоң боло!» деген үн угулду. Бул үн ага ар тараптан угула баштады. Султандын көзү тунарып, ээси ооп кулады.

Көзүн ачса маңдайында жанагы элик туруптур. Султан башын көтөрүп, жаасын керип, жебени койо бергени калганда эликке тил бүтүп: «Эй, Ибрахим! Чын эле сен мени уулаганы келдиңби? Жок, мен сага олжо болгону эмес, а сени уулаганы келгенмин!» — деди адамдын тили менен. Султан мындайды күткөн да көргөн да эмес. Анын үрөйү учуп, кара терге батты. «Сени Аллах ушундай сайрандар үчүн гана жаратты деп ойлойсуңбу? Сен балким башка максат үчүн жаратылгандырсың, жок дегенде ойлоп койбойсуңбу?» — деди кайберен дагы сөзүн улап. Ал бул сөздөрүн бир нече ирет кайталады. Анын акыркы сөздөрүн султанга жетип келген жан жөкөлөрү да уккандай болду.

Султан калчылдап чыкты, анын каптаган коркунуч жүрөгүн ээледи. Көзүнөн тынбай аккан жашы кийимин былчылдатып суу кылды. Ал алды артын карабай сарайга жөнөдү. Заматта, бүт бийлигин, байлыгын, мансабын, кийимин, аттарын, бүлөөлөрүн тапшырып, өзү бир чапан, бир кур менен жалгыз башын көтөрүп, тоо арасында буга чейин дервиштер байыр алган  үңкүрдү көздөй жол тартты.

Элик менен жолуккандан баштап анын көз жашы тыйылбады. Ал Раббысын тапты жана жүрөгү жарылчүдай өпкөлөп ыйлачу болду. Жолдо анын көз жашы тамбаган жер калбады. Анын аты Ибрахим Адхам эле.

 

***

 

Ошентип, Ибрахим Адхам ал үңкүрдө тогуз жыл турду. Андан жумасына бир эле күн чыгат. Анда да токойдон отун терип, шаарга түшүп аны менен жандаш турган дервиштерге азык сатып келет. Анын такыбалыгы тууралуу элге кеп тарайт. Аны менен жолугушууга куштар болгондордун саны көбөйүп, анын үңкүүрүнө агылган эл көбөйөт.

Акыры ал үңкүрүн таштап башка жактарга кетүүгө аргасыз болот. Бирок алгач Меккеге ажылыкка барууну чечет.

Айтмакчы, арадан бир канча жыл өткөн соң, анын жолун жолдоп, бийлигин таштап, дервиш болуп кеткен дагы бир Абу Саид аттуу султан да ушул үңкүргө келип туруп калат. Ал ушул үңкүргө келгенде Ибрагимдин убагындагы мускустун жыпар жыты дагеле кете элегин эскерген.

 

***

Ибрахим Адхам дервиш болуп, жер кыдырып жүрүп, бир күнү кайсыдыр шаарга туш келет. Кеч күз экен, ал шаардын бир мечитине жетип, ал жерде куптан намазын окуйт. Намаз бүтүп эл үйүнө тарайт. Бирок Ибрахимдин бараар жери жок, мечиттин азанчысынан ушул мечитте түнөп калууга уруксат сурайт. Азанчы:

— Силер ушинте бересиңер, анан мечиттин буюмдарын уурдап кетесиңер!- деп уруксат бербейт.

 — Менин бараар жерим жок, тааныштарым да жок, курсагым ач. Эшик суук тоңуп өлөм го! – Ибрахим азанчыга жалдырайт. Азанчы анын сөзүн укпайт. Акыры аны желкесинен алып, сыртка сүйрөп чыгып, көчөгө түртүп салат да мечитти кулптап өзү үйүнө кирип кетет.

Айласы кеткен Ибрахим шаар аралап жөнөйт. Бир убакта бир ачык дарбазадан от көрүнөт. Жакындап барып, дарбазадан кирсе ичинде отко темирин улам кызытып, темир уста бир нерсе жасап жатыптыр. Ибрахим салам айтат. Бирок темир уста алык албайт. Болгону «тиги жерге отуруп тур» дегендей ишаарат кылат. Ибрахим темир уста жаңсаган жерге отуруп, аны артынан карап отуруп, ойго батат. «Бул киши менин саламыма алик албады. Кандай адам болду экен? Шордуу башым дагы бир митайым туш болбосом экен. Улам эки жагын каранат. Меи өлтүргүсү келип жаткан жокпу, деги?» — деп кабатыр да боло түшөт.

Ошол учурда темир уста да ишин бүтүрүп, колун чайкап бурчта отурган Ибрахимдин алдына басып келет. Эми алик алат. анан өзү да көчүк басат. Буга таң калган Ибрахим:

— Уста сен неге жана алик алган жоксуң, саламымдын жообун эми берип жатасың – деп сурайт.

— Мен бирөөнүн жалган кызматкеримин. Анын берген тапшырмасын аткаруу үчүн алик алганы да убакыт кетиргим келбейт – деп жооп берет уста.

— А эмнеге улам эле эки тарабыңды карана бердиң?

— Мен Ибрахим Адхам деген дервиш тууралуу көп уктум. Анын Аллахка болгон сүйүүсү мени да шыктандырды, менде да Аллахка болгон сүйүү артты жана аны Аллах жолунда жакшы көрдүм. Ошондуктан Аллахка: «Оо, Аллахым! Мени Ибрахим менен кучакташтырып саламдаштырмайынча жанымды алба!» — деп дуба кылгам. Ошондон бери «Ибрахимди көргөнгө чейин Азрейил келип калбадыбы экен?» деп улам каранам – деп жооп берди уста. Буга жүрөгү оолуккан Ибрахим чыдай албай:

— Эй, дубасы кабыл болгон пенде. Аллах сенин дубаң үчүн сага Ибрахимди желкесинен сүйрөп апкелген тура – деп кыйкырып ыйлап жиберди. анан экөө көпкө кучакташып турду. Анан көпкө сухбатташып отурушту. Бир кезде уста: «Эй, Аллахым! Пендең Сага ыраазы! Эми андан аларыңды алсаң болот» — деди жана көп узабай өлүм периштеси келип устанын жанын Ибрахимдин кучагында алды.

Аллах жолундагы сүйүү Аллах аркылуу гана өлчөнөт!

 

***

 

Бир сапар Ибрахим Адхам кайсыдыр шаарга жетип келгенин уккан эл, ал токтогон мечитке топтолот. Ага азыркы султандын зулумдугу, бийликтин ач көздүгү, адилетсиздиктер тууралуу айтышып, өздөрүнүн абалына наалышат. Ибрахим алардын ар биринин сөзүн бузбай кунт коюу менен угат. Акырында элдер:

— Эй, Ибрахим! Сен көп эл көрдүң, эчендеген жерлерди кыдырдың. Аллахтын дини үчүн тактыны, бийликти, бул дүйнө жыргалын кечкен тыштаган адамсың. Айтчы, биздин мындай абалыбызга эмне себеп болду? Эмнеге биз мусулмандар мындай кор болуп жатабыз? – деп Ибрахимден азыркы абалынын себептери тууралуу сурашты. Ибрахим, бир азга унчукпай отурду. Анан алардын абалынын он себебин атап берди:

Силер Аллахты билесиңер, бирок Ага баш ийбейсиңер.

Силер Аллахтын Элчисин тан аласыңар, бирок анын Сүннөтүн ээрчибейсиңер.

Силер Куранды билесиңер, бирок анын буйруктарын аткарбайсыңар.

Силер ырыскыны Аллахтан аласыңар, бирок Ага шүгүр кылбайсыңар.

Силер Бейиш бар дейсиңер, ага даярданбайсыңар.

Тозок бар дейсиңер, андан качпайсыңар.

Шайтанды душман дейсиңер, аны менен доссуңар.

Өлүм бар дейсиңер, ага даярданбайсыңар.

Өлүктөрдү көмөсүңөр, андан сабак албайсыңар.

Көзүңөдү ачкандан баштап бирөөлөрдүн каталары менен алексиңер, өзүңөрдүкүн оңдобойсуңар.

Элдер Ибрахимдин сөздөрүн аягына чейин угушту. Анан көпкө унчукпай отурушту. Кээлери бышкырып ыйлай да башташты. Анын сөздөрү түбөлүккө айтылгандай болду.

 

 

604 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *