БИЗДИН ЖАШОО ЧЫНЫНДА КЫЗЫК



Күндүн бейнесин издеген мамилелердин түркүнүн көрөт. Алардын арасында суктантканы, жашытканы, кыжырдантканы жана кубантканы сан жеткис. Бирок ошол эле учурда жооп издеткени да толтура. 

Мисалы, 

Биздин имараттыбыз бийиктеген сайын сабырыбыз төмөндөп барат.

Жолдорубуз кеңейген сайын көз караштарыбыз тараюуда.

Көп коротобуз, көптү сатып алабыз, бирок коротконубузга нараазыбыз, сатып алганыбызга кубанбайбыз.

Чоң үйлөрдү салабыз, а анда жашагандар аз. Чоң үйлөр салынган сайын чоң үй-бүлөөлөр азаюуда.

Жашоо ыңгайлоо менен убарабыз. Ал ыңгайлашкан сайын убакыт да эч нерсеге жетпес болду.

Билимдин күчтүүсүн алабыз, бирок акылыбыз аз иштейт.

Билермандарыбыз көп, андан проблемаларыбыз азайып калган жок.

Медицина өнүккөн сайын ден –соолугубуз начарлап барат.

Юмор көп, бирок жылмайган адам аз.

Көп уктайбыз, бирок эс албайбыз.

Унааларыбыз тез жүрөт, бирок туугандарга такыр жетпейбиз.

Билимге умтулабыз, бирок баалуулуктарды жоготтук.

Көп сүйлөйбүз, бирок түшүндүрө албайбыз.

Аз сүйөбүз жана көп жек көрөбүз.

Туура жолду билебиз, бирок кыйналып жашайбыз.

Өмүргө жылдар кошула берет, бирок ал жылдардын жаны жок, өлүк денедей, агып кете берет.

Космос жөнүндө адашпай сүйлөп бере алабыз. Бирок бир адам менен он жолу телефондошуп, араң табышабыз.

Чоң иштерди сүйлөйбүз, кичине иштерди кыла албайбыз.

Жаратылыштын экологиясы  деп кыйкырабыз, жаныбыздын экологиясына кам көрбөйбүз.

Көптү пландайбыз, азга жетебиз.

Шашканды үйрөндүк, бирок күткөндү унуттук.

Инетернетте досторубуз көп, жашоодо эч кимибиз жок.

Эмнеге?

 

 

 

559 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *