СЕМИЗДИК



Семиздик чындыгында оор илдет. Болгондо да адамды байкатпай каптаган оору. Бир караганда бир аз толмоч көрүнгөн адам адатта, семире баштаганына анчейин маани бербейт жана көп өтпөй анын кан басымы көтөрүлүп, тез чарчап, дем алуусу оорлоп, маанайы кыжыл, мүнөзү тажаалданып баштаганда же тааныштары айтканда гана курсагы салаңдап, денесин май басып калганын көрөт.  

Анан кээ бирлер залга чуркашат. Күпүлдөп бир-эки ай темир көтөрүмүш болот. Аер-биерден угуп калганы бардыр, диета да кармай койот. Бирок, ашып барса тез эле кайра иштеги бошонуп, мурдагыдан бетер оорлошо берет.

Арадан ашып барса беш жыл өтпөй кан басымы 180-200, кант диабети, өтү ташка толгон… иши кылып толгон ооруусу менен дуктурга барат. Дуктур да анын акчасын алгысы келеби же кайсыдыр дары компаниясынан же аптекадан жем жеген нерсе болсо, палан миңге дары жазып берет. Ошону менен бүттү.

Эң кызыгы, эч бир семире баштаган адам өзүн «семире баштадым» дебейт экен. «Кааласам арыктап алам» деп ишенеби же семиздиктин кесепетин билбейби, айтор, айтсаң жаман көрөт. «Сенин акчаңа семирип жатамбы?!» —  деп кээде урушуп да кетет.

Мунун баары менин өз башымдан өттү. Жолугушуунун баары кафе-чайканада болуп отуруп, бир күнү карасам салмагым пилге аз эле калыптыр. Анын үстүнө кыргыздар азыр тамактын эбин да ченин да билбей калбадыкпы. Жегенибиз эт, камыр анан картошка. Этти да адал болсо болду, анын азыктык баалуулугун ким угуптур. Тамактын күчүн кечинде жейбиз. Көп бышырабыз, ашканын эртең ысытып жегени. Анан курсак толуп, кээде оонаган жерде уктап, үстүбүзгө көрпө тыштап койот. Суу ичмей жок. Суу ичем дегени да туура эмес ичет.

Бир күнү өзүмдү экрандан карасам, толгон букадай болуп калыптырмын. Алым жок, бат чарчап, кежир боло баштапмын. Кан басымды айтпа. Кыргызда «Эсиң барда этегиңди жый» — дейт эмеспи, орозо келген сайын арыктайын дейм, тараза кургур мени түшүнсө кана, грамм түшпөй кашаят.

«Издеген – табат»  — демекчи, мен да таптым. Ананан арыктадым, аз келгенсип, тамактын түрүн, мүчөзүн, көлөмүн, курамын, өзүмдүн денемди, анын өзгөчөлүктөрүн үйрөндүм. Убактымды аябадым. Чыгындым. Туура тамактанууга бел байладым. Чыдадым, тамагымды кылдадым. Эркимди башкарууга алдым. Аягы жеңдим, бат эле ондогон килолор кетти, майлар жылды, ичеги-карын тазаланып, мээ иштей баштады. Жеңил басып, уйкудан сергек турчу болдум. Аллах берген керемет денемди сезе баштадым, ал да мага ыраазы. Түстөр даана көрүнүп, кулагыма үндөр кошулат. Акыркы он беш жыл тынбай ооруган башым айыкты, күндө тебелетип уктачумун, бутумдун таалыганы калды.

Бул арада көп кызык адамдар менен жолугуштум. Салмагы жүз жетимиштеги жигиттин үй айда элүү кило таштаганын, араң баскан аялдардын жарым жылда чыпчаң басып калганын көрдүм. Дагы, дагы, дагы толгон адамдар, ыдыраганы калып, жанданып кирген тагдырлар, тунарып турганда кайра жанган көздөр… .

Устаттардан сабак алганы да жетиштим. Алардын арасында аттуу-баштуу дуктурлар, тамак жана азык адисттери, белдүү дарыгерлер да бар. Нечендеген китептер окулду, видеолор көрүлдү, сабактар окулду. Кан, белок, углевод, минерал, витамин сымал белгисиз болуп келген түшүнүктөрдү алдым.

Убакыт бат эле өттү. Айланага көз чаптырсам, мага окшогондор көп экен. Жума намазынан чыгып келатып, кыска эле аралыкта жетимиштей семиз адамды эсептедим. Кошуналарымдын дээрлик баарында маселе көп экен. Коллегаларымды,  тааныш-билишти, тууган-урукту айтпа. Кыргыздар «кыйналдык» дегенге уят го, илгери семиз көрчү эмеспиз, азыр кечээ туулган баладан бери семирип кетиппиз, катыгүн.

Анан башкаларга да айта баштадым. Илгери адалды баштаганда ар кимдин ур-токмогун көп жедим, бу сапар да ага карабадым. Кээ бирлери күлөт. Кээлери качат.  Ошого карабай үйрөтө баштадым. Эл деген ар түрдүү, абалын туура түшүнгөндөр артыңдан калбай үйрөнүп атышат, натыйжалары да сонун. Ыраазы. Кээ бирлери али да чыгына элек. Тиричилик деген ушундай, чеңгелинен оңой чыгарбайт.

Мен мунун баарын айтып жатканым, «Башка түшсө байтал жорго» — демекчи, мен башыма түшкөн экен, үйрөндүм, эми башкаларга да жетсин дегеним. Дагы мага окшогон бирөө пайдаланып, жашоосун туура өткөрсүн. Ошондуктан бул макала кимге таасир этсе байланышыңыздар. Эгер силерге кереги тийбеген болсо, семирип алып анысын билсе да билбесе да: «Ай, Мыктыбек Арстанбек деген пайгамбарыбыздын тамактануу тартибин таап алыптыр, бекер үйрөтөт экен» — деп кабарлап койгула. Сообун ала бересиңер. Болгону ушу.

 

 

 

1,175 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *