ИШТЕРДИН ЭҢ АБЗЕЛИ – КЕЛЕЧЕКТЕ ПАЙДА БЕРГЕНИ



Күндө жаңыланып турган миң түркүн техника, акыл карыткан технологиялар, асман –жерди чиелеп салган байланыш каражаттары, кийсе чечкиң келбеген кийимдер, көз жоосун алган имараттар, кыял жетпеген тездик… сымал жетишкендиктер  азыркы заманбап адамдын жашоосун чырмооктой ороп, бир караганда кызык көрүнөт. бирок, үңүлгөн адам, тетирисинче андагы өлкөн түйшүктү байкайт. Дайым чуркамай, убакыт тартыштыгы… эми эле бир ишти бүтүрсө, анын артынан дагы катар толгон иштер күтүп турат. Кээде иштердин тизмеси жазылган бойдон жылбайт. Демек, ал иштер тартиптөөгө муктаж.

Тартип – иштин зарылын жана аны  аткарууга керектүү каражаттарды жана анын мөөнөтүн белгилөөдөн турат. Булардын ар бирин өз алдынча үйрөнүп, адатка айландырмайынча, кандай гана болбосун күтүлгөн ийгиликке жетүү кыйынга түшөт.

Иштердин зарылын тандай билүү өтө маанилүү. Анткени, ийгилик зарылдыкты күн башында эле туура аныктоодон көз каранды. Ийгиликке жетип үйрөнгөндөр эң оболу тиричилигин зарыл иштен башташат. Көпчүлүк зарыл ишти маанилүүлүгү төмөн иштер менен чаташтырып алышат. Муну төмөндөгү чарчы менен оңой түшүнсө болот:

 

 ТЕЗ  ТЕЗ ЭМЕС
ЗАРЫЛ I чарчы

Аткарылбаса чоң түйшүк башталат, анын кесепети да оор болуусу ыктымал.

II чарчы

Аткарылса келечекте чоң пайда. Өзүнө, байланыштарына жана мамилелерине алдын ала кам көрүү.

 ЗАРЫЛ ЭМЕС III чарчы

Ар түрдүү (маанилүүлүгү аз) жолугушуулар, жакшылык-жамандык катнаштары.

IV чарчы

Көп уктоо, кино, соц.торлор, оюн, көңүл ачуу, базарлоо.

 

I чарчы – булар  тез арада аткарылбаса тиричиликтин калыптанган нугуна оор кесепетин тийгизет. Мисалы, ден-соолукка керектүү көңүл бурулбай, бышып жетилген ооруу, үй-бүлөөдөгү маселелер, доолап келген карыз ж.б. Булар өз убагында аткарылбай топтолуп калгандыктан эми башка ишке киргизе койбой колду кармайт жана маанайды да башкарып алган.

II чарчы – бул келечектеги ийгиликке багытталган, кырдаалдын алдын ала, утурлап жасалган иштер. Мисалы, ден-соолукта – туура тамактануу, үй-бүлөөдө – уул-кыздын тарбиясына жакшы көңүл буруу, бизнесте – алдыдагы кырдаалдарды моделдөө, мамиледе – байланыштарды алдын ала бекемдеп жүрүү ж.б.

III чарчы – булар адатта алаксыткан иштер. Бир караганда маанилүү жана керектүү көрүнгөнү менен, алдыдагы максатка эч тиешеси жок иштер. Кызыгы, бул иштер максатка таасир берчүдөй көрүнөт. Анткени, бизге жагат жана бул иштерди адатта өзүбүз каалайбыз. А чынында ашыкча гана убаралык. Мисалы, шеринелер, ар кандай отуруштар, пайдасыз жолугушуулар, пайдасыз билим алуу ж.б.

IV чарчы – булар такыр керексиз иштер, бирок көпчүлүк ушул чарчыда алаксыйт. Натыйжада, келечекте үзүрүн бере турган иштер өз убагында аткарылбай, I чарчыдагы иштердин тизмеси көбөйө берет.

А негизи I чарчыдагы иштерди тез бүтүрүп, II чарчыдагы иштерге олуттуу маани берүү зарыл. Анткени, ушул чарчыдагы иштер гана келечекке багытталган.

 

 

 

429 просмотров всего, 3 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *