1. КИРИШҮҮ



Аллах адамды эң көркөм келбетте жана чебер өлчөмдө жараткан, тагыраагы анын жашоосу физиологиялык кажеттерин жана инстинкттерин туура канааттандырууга негизделген. Коркуу, сыйынуу, жан сактоо сымал инстинкттери канааттанбаса кайсыдыр мөөнөткө чейин кыжаалат жашаганы менен өмүрүнө олуттуу коркунуч жок. Ал эми тамактанбаса, уктабаса, дааратканага барбаса анын өмүрү набыт болот.

Бирок, адам көбүнчө инстинктери менен алек болуп, негизги маселеде чеккиликтерди кетирет. Өзгөчө, тамактанууга жана уйкуга анчейин маани бербегендиктен көп узабай ден-соолугуна олуттуу доо кетип, өмүрү коркунуч мизинде туруп калат. 

Аллах ошондой эле адамдын толук кандуу жашоосу үчүн ырыскы тартуулап, анын да өлчөмүн, мөөнөтүн жана жана маалын таасын белгилеген. Тилекке каршы адам дайым эле ырыскысынын кадырына жете бербейт, өлчөмүн жана маалын сактабай жеген тамагын ууга айландырып алат тура.

Анын үстүнө, акыркы жылдардагы тамак-аш өндүрүшүнүн өнүгүүсү тамактын азыктык баалуулугуна терс таасирин тийгизип, зыянын да көбөйттү. Ал эми кыймылсыз жашоо образы денени андан бетер оорлотуп, илдеттерге ыңгайлуу кылды. Натыйжада, кант диабети, жүрөк жана кан тамырлар, ичеги-карын жана башка эсепсиз оорууларга кенен шарттар түзүлдү.

Кудайга шүгүр, туура тамактануу тартибин кайра типтөө менен бул оорулардын алдын алса болот. Анүчүн эң оболу азык тууралуу керектүү маалымат алуу, тамактануу тартибин үйрөнүү зарыл.

Бул эмгекте адамдын тамагы жана азыгы тууралуу эң оболу Кураан жана Сүннөттөгү негизги абалдар каралып, андан сырткары да туура тамактануу, психология, физиология, медицина, диетология сымал адамдын тиричилигин түшүндүргөн көптөгөн изилдөөлөрдү жана эмгектерди барактап, алардан чогулган тажрыйбаларды жөнөкөй сөз менен түшүндүргөнү  аракет жасалды.

 

 

 

578 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *