2. ТАРТИПСИЗ ТАМАКТАНУУНУН КЕСЕПЕТТЕРИ



Туура эмес же тартипсиз тамактануудан адамдын денесинде, соң жашоосунда да бир катар өзгөрүүлөр пайда болот. Анын денеси илдеттерге бута болуп, аларга каршы туруу турумуна доо кетет. Клеткалары арып, ткандары, анан органдары иштен чыга баштайт. Мээнин арыганынан интеллекти алсыздап, ой жүгүртүү ылдамдыгы жана маңыздоосу төмөндөйт. Натыйжада, жашоосу өзгөрүп, мурдагы байланыштардын, баалуулуктардын ордун жалкоолук, соргоктук ээлеп калат. Мунун  эң алгачкы кесепети – семиздик.

Семиздик чындыгында оор илдет. Болгондо да адамды байкатпай каптаган оору. Бир караганда бир аз толмоч көрүнгөн адам адатта, семире баштаганына анчейин маани бербейт жана көп өтпөй кан басымы көтөрүлүп, тез чарчап, дем алуусу оорлоп, маанайы кыжыл, мүнөзү тажаалданып баштаганда гана курсагы салаңдап, денесин май басып калганын көрөт. 

Семиз адамдын жашоосу башкача. Эл уйкудан сергек турса, ал көпкө оонап, араң турат. Аракеттерин жалкоолук менен маңыроолук каптап, кыймылдагысы келбейт. Бат чарчайт, мүнөзү да кежирленип, «сиркеси суу көтөрбөйт». Жашоосунан кубаныч качып, тиричилиги кадимки түйшүккө айланган.

Көп өтпөй, аны ооруулар курчай баштайт. Мээси да азып отуруп чабалдыкка жетет. Боор, ичеги-карын, жүрөк, кан-тамырлар басымы көтөрүлүп кант диабети башталат, өтү ташка толот, буттары талыйт… . өзү кыркка чыга элек, денеси сексендегидей кыйналат. Аз келгенсип рак деле күтүп тургандыр.

Анан аптека доору башталат. А бул толук көз карандылык. Дарыга ата-энесине жалынбагандай жалооруп калат. Эми эмне кылуу керек?

Адам тегинде эле болбосо семиргени дароо эле байкала бербейт. Ошондуктан ал семиздиктин кесепеттерине кенебей барып чалынат. Өз убагында жашоосуна сарасеп салганда көп тарткылыктардын алдын алмак. Учурда семирүүнүн негизги үч себеби кеңири белгилүү:

Гипоталамус маселелери. Мээнин дененин температурасын,  уйкусун, эмоционалдык активдүүлүгүн, ачкалыгы менен суусаганын көзөмөлдөгөн бөлүгүн гипоталамус дешет. Мына ошол бөлүктө ганан дененин зат алмашуу жараяны тартиптелет. Олуттуу травмадан, инфекциядан, рак шишктеринен жана башка себептерден улам анын иштөө тартиби бузулса, адамдын иштеги дароо ачылып же буулуп калуусу ыктымал. Иштеги ачылгандар тойбой соргоктукка, ал эми иштеги буулгандар негизсиз арктык илдетине кириптер болушат. Соргоктуктан алынган тамактын өздөштүрүлбөгөн азыктык кубаты денеге майга айланып чогултулат да тыгыздалып камдала белет.

Эндокриндик илдеттер. Бул илдеттер денеге зарыл болгон гормондорду иштеп чыгарган ички бездердин ишинин бузулуусу менен пайда болот.

Гипотиреоз – зарыл зат алмашууну камсыздаган, щитовидный без иштеп чыгарган тироксин гормонунун төмөндөөсү. Мындай абалда денеге түшкөн тамактын кубатын сарптоо акырындайт. Натыйжада адам аз жесе да семире берет.

Эркектердин гипогонадизми – жыныс бездеринин ишинин төмөндөөсү, тагыраак айтканда эркек гормондорунун азаюсу. Бул илдет адатта балалыкта, уул баланын да жамбаштары «аялчасынан» семирип баштаганынан байкаса болот.

Гиперкартицизм (Иценко-Кушингдин синдрому) – бул илдет надпочечниктердин кабыгынын өтө көп гормон иштеп чыгуусунан пайда болот. Бул оболу беттин, моюндун, көкүрөктүн жана курсактын негизсиз семире баштаганынан байкалат.

Жогорудагы илдеттер тез арада дарыгерге кайрылууну талап кылат.

Сарптоодон ашык желген тамак. Бул семирүүнүн өтө көп кездешчү себеби жана анын 95% түзөт. Денеге кирген оокаттын сарптоодон ашкан кубаты майга айланат. Адатта, мындай семиргендерди шарттуу эки топко бөлүп караса болот.

Биринчиси чынында көп жегендер жана алар адатта азык кубаты талап кылгандан аз кыймылдашат. Балким, спорт залдарына барышат же физикалык оор жумуштарды аткарышы ыктымал, бирок ал да жетишсиз же мезгилдүү гана болгондуктан, кубат майга айланып отурган.

Ал эми экинчиси, аз жесе да сейрек кыймылдагандар. Булар эл катары эле жеп жатканын айтышат. Бирок, алардын жашоосунун, жумушунун кыймылсыз мүнөзүнөн улам, аз эле желген тамак кубаты да сартпталбай, майга айлана берген. 

Мындан тышкары, кыжаалаттыкта, басып жүргөндө, кино көрүп отуруп же компьютерде иштеп жатканда жейилген тамак да өлчөнбөй, көп жейилүүсү ыктымал. Ошондуктан Ислам дини тамакты атайы отуруп, белгиленген тартип менен жегенди үйрөтөт.  Айтмакчы, кыргыздын той-топуру, өлүм-житиминдеги, жакшылык-жамандык катнаштарындагы жайылган дасторконун, андагы кыстамайларын да семирүүнүн потенциалдык себеби десе боло берет.

Буга карабай, семиздик тукум кууйт дегендер да бар. Атасы же энеси семиздердин уул-кыздары да семиз болушат, же кийинчерээк семирип кетишет дешет, алар. Чынында, кан аркылуу семиздик эмес, а семирүүгө жакындык берилет. Бул аркылуу адам башкаларга караганда тез семирип кирүүсү ыктымал. Бирок, туура тамактануу менен бул тукум куучулуктан кутулса болот. Ошондой эле ата-энеден алардын адаттарын, атап айтканда көп жегенин да «мурастап калуу» ыктымал. Бул башка маселе.

Азыркы убакта дененин ар кайсы ткандарынын электр тогуна сезгичтигинин негизинде ич жана сырт майлардын, булчуңдардын, сөөктүн, суунун, зат алмашуу ылдамдыгын гана эмес, дененин биологиялык курагын да так аныктай алган биоимпеданстык таразалар кездешет.

 

405 просмотров всего, 2 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *