ДАГЫ БИР ЖОЛУ АТАНЫН ДАРАЖАСЫ ТУУРАЛУУ



Үй-бүлөөдө атанын укугу чоң.  Себеби Аллахтын алдында атанын балдары, жубайы жана үй-бүлөөсү үчүн   жоопкерчилиги да зор. Анын милдети – үй-бүлөө мүчөлөрүнүн  курсагы ток, үстү бүтүн, бирөөнүн зомбулугусуз жашоосун камсыз кылуу, аялына жакшы кароо, балдарын  коомго пайдалуу кылып өстүрүү, а негизгиси Аллахтын алдындагы жоопкерликке тарбиялоо. Бул тапшырманы аткаруу  үчүн атага балдарынан талап кылуу укугу берилген жана  анын аткарылуусу – атанын акысы.

Атанын  талабын аткарбоо – анын акысын бербөө. Тагыраагы атанын Аллах алдындагы укугун тебелөө. Шариатта бирөөнүн укугун бузганды зулум дейт.

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Атасын кулдуктан бошотсо гана анын акысынан чындап кутулат» дегени бар. Эркиндикте, ыйманы бекем, ак сакалын жайпалтып, намазы жана неберелери менен гана убара болгон атанын акысынан  кутулууга убара болбой  эле койуңуздар,  андай атанын акысынан кутулуу мүмкүн эмес.

Бирок пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Атасы кулдукта болсо» деп, акылдуу жигитке ойлонууга жем таштады.  Аллахка баш ийүүгө моюну жар бербей, арактын, кумардын, аңгиликтин туткунунда жүргөн аталарды чыныгы туура жолго кайтаруу – туткундан чыгаруу болуп жүрбөсүн. Атасынын  акыретин оңдоону каалагандар ойлонсун жана Аллах андай уулдарга өзү колдоо көрсөтсүн!

Ошого карабай, атанын караңгылыгы зээнди кейинсе да ага жакшылыкты гана тилеп, ага атадай мамиле кылуу зарыл. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: “Атаңарга жакшы мамиледе болгула, уулдарыңар да силерге жакшы мамиле кылышсын” — деп айткан.

Атанын даражасын Ибрахим пайгамбардын уулу Исмаилдын мамилесинен байкаса болот. Ибрахим пайгамбар аялы Сааранын кызганычынан  Аллахтын каалоосу менен Хаажарды жана чөргөктөгү Исмаилды Аравиянын какыраган чөлүнө бир чанач суу, бир калта курма менен калтырып кетти. Көп өтпөй, эне-баланын  суусу да курмасы да түгөнүп, Хаажар «бирөө жарым көрүнүп калабы» деп жан далбастап улам бир адырдан экинчисине чуркады. Алардын ачкадан айласы кеткенде, курсагы ачып тыбырчылаган бөбөктүн таманы тийген жерден Аллахтын каалоосу менен суу атып чыкты жана эне-бала бул суу менен жан сактап, андан ары ал булакты бойлоп жашап калышты.

Ошол учурда Йеменден чыгып, чөл кезип жашаган Журхум уруусу да бул булакка туш келип, Хаажардын уруксаты менен анын жанына отуруктап, Замзам булагынын тегерегинде азыркы Мекке шаары пайда болду.

Жылдар өтүп, бул аралыкта Ибрахим пайгамбар түндүктөн миңдеген чакырымдарды жөө басып өтүп, жубайы жана баласынан кез-кези менен кабар алып турганы маалым. Ал кайсыдыр келгенинде Аллах ага сүйүктүү уулу Исмаилды курмандыкка чалууга буюрду. Буга аялы да баласы да макул болушту.

Бирок Шайтан адам түспөлүндө келип алгач Ибрахимдин өзүн, анан Хаажарды, соңунда Исмаилды да азгырууга аябай аракеттенди. Анын жан далбастаганына карабай, алардын эч кимисин азгыра албады.

Уулун сойгону жетелеп бараткан атаны элестетиңиздер. Буга эне да уул да макул. Бул эмне деген тарбия?! Азыр ата уулуна бир шапалак урса, болушчак эне чуу салат. Бели бешиктен чыга элек бала даттанып, атасын сотко бергендер да пайда болду.

Арадан дагы жылдар өтүп, Хаажар көз жумду. Сүймөнчүк болуп бойго жеткен Исмаил Журхум уруусунан араб тилин үйрөнүп, алардын бир кызына үйлөндү. Ал бир күнү ууга кеткенде атасы Ибрахим пайгамбар кыдырып келип калган экен, келининен аны-муну сурап, кепке тартты. Келини Ибрахимди тааныбаса да дароо жашоосуна наалып кирди. Буга нараазы болгон Ибрахим Исмаил келсе «босогосун алмаштырсын» дегенди насыйкат кылып, өзү кайтып кетти.

Уудан кайткан Исмаил жубайынын сөзүнөн атасынын келгенин жана анын аялына нараазы болуп кеткенин түшүндү. «Босогосун алмаштырып» аялына талак берди. Бул эмне деген уулдук?! Элестетиңиз, али көптөн бери дайыны жок атасы келип: «Аялың мага жаккан жок, ажыраш» — десе, атасын көрбөсө да анын сөзүн эки кылбай жубайына жооп берди. Бул эмне деген тарбия?! Аялы ата-энесин тоотпой, көз көрүнөө кордоп атса да үн ката албаган, аз келгенсип алардан бөлүнүп, өзүнчө орозгер курган уул сөрөйлөр жөнүндө сөз жок.

Андан дагы убакыт өтүп, Ибрахим пайгамбар Меккеге дагы бир сапар келди. Анда да уулу Исмаил дагы үйдө жок болчу. Ибрахим пайгамбар уулунун үйүндөгү жаңы келинди байкады жана аны да кепке тартып андан аркы-беркини сурады. Аягында бул келиндин каниеттүүлүгүнө ыраазы болуп, Исмаилга «босогосун бекемдөөнү» табыштап кайтты. Сапардан кайткан Исмаил атасынын дагы келгенин жана анын аялына ыраазы болгонун түшүнүп, кубанычы койнуна батпай сүйүндү.

Ибрахим пайгамбар акыркы жолу келгенинде Исмаил Замзамдын боюнда жебе камдап отурган жана атасын алыстан көрөөр замат ага өрмөлөп барып, аны кучактап тосуп алат. Бул эмне деген сагыныч?!

Кийин ата-бала Аллахтын буйругу менен Каабаны тургузду, ага адам затын ажылыкка чакырды. Соң Ибрахим пайгамбар уулунун шаары,  келечек насили үчүн дуба кылды жана Аллах анын дубасын кабыл кылып, Меккени – дүйнөдөгү эң саламат шаар кылды жана  акыркы пайгамбарды  Исмаилдын урпагынан чыгарды.

Бул окуяны бүгүнкү барлыкка салганда какыраган чөлгө таштап кеткен ата, аларды караган да жок, алимент төлөбөдү, бакпады жана бир кезде келип баласын сойгону калды, анан бир күн келип «аялыңа талак бер» деди.  Ушуга карабай, сойом десе жатып берген, аялына талак берип, анын алдына чөгөлөп барып кучактап тосуп алган уул барбы?!

Менимче, Аллах уулдуктун үлгүсүн көрсөткөн Исмаилдын даражасын кандай көтөрсө, Исмаилдай уулдук кылган уулдун даражасын да андан кем эмес көтөрсө керек.  Элде: «Ата ыраазы – Аллах ыраазы» — деген сөз бекеринен эмес.

 

827 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *