АТА–ЭНЕНИ УРМАТТОО ЖАНА СЫЙЛОО



Адамдын аброю жана чөйрөсүндөгү орду ага болгон урмат жана сый менен өлчөнөт. Урмат анын чыныгы татыктуулугун белгилесе сый ага жараша мамилени аныктайт. Тагыраак айтканда урматка жараша сый көрсөтүлөт.

Ата-эненин үй-бүлөдөгү ордуна башка эч кимдин даражасы жетпейт жана алардын урматы да эң жогору турат. Демек, алар башкаларга көрсөтүлбөгөн сыйга татыктуу.

Ата-эненин урматы – эң оболу алардын аброюн коргоо жана ага сөз тийгизбөө менен камсыздалат. Уулу же кызы уят кылса ата-эненин аброюна доо кетип, эл алдында бети жер карап, сөзгө сөлтүк боло баштайт. Аргасыз, көчөгө чыгып, элге кошула албай, кошулса да бирөөдөн тил угуудан корунуп, чүнчүйт. Жарыгы өчүп, куту кетет.

Урматына доо кеткен ата-энеге элдин сыйы да кете баштайт. Мурда сый төрүндө жүрсө эми улагага жакындай берет. Демек, ата-энени урматтоо жана сыйлоо – аларды элдин алдында урмат-сыйда жүрүүсүн камсыздоо дегени. Ошондуктан уул жана кыз эң оболу ата-эненин аброюн ойлоосу зарыл.

Азыр тилекке каршы, ата-эненин аброю эмес, өзүнүн деле жеке адамдык татыктуулугун танган адам сөрөй айбандар чыкты. Алардын кээ бирөөлөрүнүн кылган кылыктарын айтууга тил бурулбайт. Аларды уул деп атоого болбойт.

Ал эми кээ бир кыздардын кылганын ата-энеси билсе өздөрүн тирүүлөй мууздап алышса керек. Шаарга келгенден баштап кимден кандай «билим алып» жүргөнүн кызын окууга жиберген ата-энеге көргүлүк кылбасын. Айтууга тил уялат. Эртедир-кечтир элге баары жетет. Ата-эненин аброюна кеткен доо аларды соо калтырбайт.

А негизи ата-эне дайым уулу менен сыймыктангысы келип, уулу жөнүндө бирөөдөн жакшы сөз укканы умтулат. Издегени чыгып, уулу тууралуу жакшы кеп укса ата мардайып, көкүрөгүн керип басып калат. Эне айыл аралап мактанып чыгат.

Андан ары уул ата-энесин бапестеп бакса, асветтеп караса – алардын аброю сакталат. Баркы көтөрүлөт. Уул дайым ата-энесинин аброюна кам көрүүсү зарыл. Ошондуктан, ал ата-энесинин кемчилигин жашырат, жакшылыгын жарыялайт. Алар тууралуу бирөөлөргө жаман сөз айтпайт. Аларга дайым жакшы мамиле жасайт, башкалардын көзүнчө аларга өзгөчө сыпайылык кылат. Уулунун урматтаганын көргөн бөтөндөр ал ата-энеге батынып сүйлөгөндөн корунуп турат.

Ата-эне кандай гана кырдаал болбосун уулдун сыпайы жана милайым мамилесине татыктуу жана уул аларга жылмайып гана сүйлөгөнү – аларга болгон урматынын белгиси. Ал эми төргө чыгарып, тамактын асылын аларга сунуп, ордуна бирөөнү отургузбай коруганы – аларды сыйлаганы.

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам сахабаларына кайрылып: «Эң чоң күнөө эмне экенин билгиңер келеби?» деп сурайт. Алар: «Эй, Аллахтын Элчиси! Албетте, билгибиз келет» — дешет сахабалар. Анда Аллахтын Элчиси: «Бутпарастык жана ата-энени сыйлабоо – чоң күнөө» деп жооп берет.

Аллах эгер кааласа пенде кетирген күнөөлөрдү кечирет, бирок ширк кечирилбейт. Тагыраак айтканда Жаратканга башка нерсени шерик кылуу кечирилгис күнөө. Жогорудагы хадисте ата-энени сыйлабастык ширк менен бир катарда туруп калганы да бекеринен болбосо керек.

Ата-энесин урматтап, сыйлаганды каалаган кыз, чыккан жеринде тынат жана ата-энесине сөз тийгизбей жашайт. Тетирисинче, кайын журту төркүнүнө ыраазы боло тургандай тиричилик курат. Кайната менен кайненесине өз ата-энесиндей кызмат кылат жана алардын келинине ыраазылыгы – кыздын ата-энесин урматтап, сыйлаганы.