Алдыда биз карай турган маселелерде «бай» жана «кедей» деген сөздөргө көп токтолууга туура келет жана бул сөздөргө биз кандай маани берээрибизди алдын ала тактап коюу туура болот. Анткени, бул сөздөр менен кандайдыр катмарды же анчейин каражаты аз адамдарды кемсинтүү, аброюн төмөндөтүү, же байларды кедейлерден жогору сапаттоо максатынан алыспыз. Бир сөз менен айтканда, бир көтөргөн маселелерде байлар кедейлерге караганда жакшы деп каралбайт. Болгону экөөсүнүн ортосундагы айырмалар, өзгөчөлүктөр гана изилденет.

Байларды көпчүлүк өзгөчө адамдардай, ал эми кедейлерди келесоолордой карашат. «Эгер акылдуу болсоң эмнеге кедейсиң?» — деп да коюшат. Бул чоң ката. Чынында бай-кедей маселесинде кеп ойлонуу деңгээли тууралуу гана болот. Тагыраак айтканда, даанышмандык, чебердик, тажрыйба, чечимдердин көп түрүн жана сапаттуусун таңдай билүү жөндөмдөрү тууралуу кеп болот. Мисалы, кедейге миллиондогон акча берсе ал аны эмнеге сарптайт?  Дароо эле «коротуп салуусу ыктымал» дешет, анткени, анын чоң акча сарптоо тажрыйбасы, аны менен иштөөгө эби жок.

Ал эми байдан ошол эле миллиондогон акчаны алып койсочу? Маселе эмес, ал дароо эле аны таап алуусу ыктымал. Анткени, ал акчаны жоготкону менен ойлонуу өзгөчөлүгүн жоготкон жок. Тагыраагы байдын ойлонуу стратегиясы башка. А акча болгону ойдун жыйынтыгы. Демек акчага айлана турган ойду ойлоно билүү жөндөмүн өөрчүтүү зарыл.

Адам жашоосунда окуу, үйлөнүү, там салуу, унаа алуу мүдөөлөрдү койо берет жана аларды чечүүгө аргасыз. Анүчүн адам эмнени эмне кылганда эмне келип чыгаарын билүүсү, эсептөөсү жана талдоосу зарыл. Тилекке каршы ушул жерде көп чеккилик кетет. Анткени, кандай гана тапшырма болбосун аны чечүүгө акыл калчоо керек. А тапшырмага назар ныкталбаса – акыл калчанбайт жана күткөн чечим чыкпайт. Бир сөз менен айтканда маселе тапшырманын татаал же оордугунда эмес, а анын үстүндө ойлонууда. Маселенин чечими ойлонуу менен гана табылат жана ушул оор. Ошондуктан адамдар ойлоно алуусу менен гана өзгөчөлөнөт.

Бирок ойлоно билүү менен да баары бүтүп калбайт. Туура чечим табылса аны ишке ашыруу үчүн эрк, умтулуу, тайманбастык, көктүк талап кылынат. Демек, мүнөз маселеси келип чыгат. Бир сөз менен айтканда чыныгы ийгилик үчүн ойлонуу, мүнөз, билим, жөндөмдөр жана эп чогуу аракетке келүүсү зарыл. Булар өз ара өтө тыгыз байланышта. Ойлоно алган адамдын мүнөзү, билгени, эби, жөндөмдөрү туура айкалуусу керек. Ошондон улам дайым  алардын деңгээлин көтөрүү менен алек болуу зарыл. Антпесе, эрксиз мүнөз, сабатсыздык, же эпсиздик – туура чечимден деле жакшы натыйжа бере бербейт. Мүнөз, билим жана эп – адамдын негизги дасмиясы жана чечимдердин сапаты ушулардын деңгээлинен көз каранды. Булардын бириндеги кемчилик сөзсүз башкасына залакасын тийгизет. Мисалы, эрки алсыз адамдын толук ойлонууга да эрки жетпейт, же билимсиз адам жөндөмүн өстүргөндү да билбейт.

Айтмакчы, Аллах ар адамга көптөгөн жөндөмдөрдү берген. Бирок, көпчүлүк өзүнүн жөндөмдөрүн таппай жашайт. Аларды табууга урунбайт да.

А жөндөмдүн күн сайын өсүп отурчу касиети бар. Жөндөмдөрүн издөө, аларды табуу жана өөрчүтүү – адамдан кажыбас кайратты, тайманбастыкты жана өжөрлүктү талап кылган зор түйшүк. Буга өзүн жеңген гана жетет. Бирөөнү жеңген күчтүү болсо, өзүн жеңген кубаттуу делет. Өзүн жеңүү – зарылды жасоодо – алсыздыгын жеңүү. 

Адамдын жашоосун анын ою калыптайт. Демек, ойду жогорудагы комбинацияга жана убакытка байлоо – байлыкка шарт түзөт. Байлардын сыры ушунда. 

 

от webilim

Яндекс.Метрика