Курандын түшүү тарыхын  үйрөнүүдө анын аяттарынын белгилүү бир окуяга багытталганына карабай,  танапис менен түшүрүлүп турганын да байкаса болот. Куран   Аллахтын өзгөчө китеби болгондуктан – өзгөчө абалда пайда болгон. Бул жөнүндө Аллах Куранда: «Биз Куранды мубарек кечеде пайда кылдык…»[1], «Биз Куранды Кадыр кечесинде пайда кылдык»[2] – дейт. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Ибрахимге түшүрүлгөн сухуф Рамазан айынын биринчи кечесинде, Тоорот Рамазан айынан алты күн өткөндө, Инжил Рамазандан он үч күн өткөндө, Фуркан рамазандан жыйырма төрт күн өткөндө пайда болгон»[3] – деген.  Аллахтын «пайда кылдык» деген сөзү – Аллах Кадыр түндө Куранды бирдениге дүйнө асманына түшүрүп, анын аяттарын андан ары Өзүнө гана  белгилүү убакытта жана белгилүү окуяларга төптөп түшүрүп турганын билдирет.

Кээ бирлер: «Эмнеге пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламга Куран Дауд а.с.га Забур, Муса а.с.га Тоорот же Иса а.с .га Инжил түшкөндөй бирдениге берилген эмес?» – деп сурашат. Куранга ээрчүүдөн баш тарткан  Мекке мушриктери да ушуга окшогон суроолорду көп беришкен. Алар жөнүндө Аллах Куранда: «Каапырлар –  ага Куран бирдениге түшкөндө эле – дешет. Биз бул менен жүрөгүңдү бекемдөө үчүн ушундай жана аны дааналап окуп бердик»[4]– дейт.

Айша: «Курандын алгач «Муфассал» сүрөсүнөн баштап, бейиш жана тозок жөнүндө эскерткен аяттар, соң адамдар Исламга даяр болгондо гана адал-арам пайда болду. Эгер бирдениге аракка тыйуу салынганда алар аракты таштабайбыз  дешмек»[5]– деген.

Аллах Куран көрсөтмөлөрүн адам жашоосу үчүн  түшүргөн. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын  тегерегиндегилердин дээрлик көпчүлүгү сабатсыз болгонуна карабай,  ортосунда бир окуя жүз берсе анын шарияттагы өкүмүн чыдамсыздык менен күтүшкөн жана түшкөн өкүмгө моюн сунушкан. Эгер  Куран бирдениге түшкөндө алар аны өздөштүрө алмак эмес. Кала берсе Куран бөлүнүп түшүп тургандыктан сахабалар аны  жаттоого, жүрөктөрүнө киргизүүгө жана ишке ашырууга жетише алган. Анын үстүнө мунафыктар пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламды маскаралашып,  токтоосуз азар беришип турган шартта Жибрийл а.с.дын тез–тез вахий апкелүүсү пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламга жана анын тегерегиндегилерге чоң далдаа болуп, Аллахтын динин жеткирүүдө эрдик менен илгерилөөгө шарт түзгөн.


[1] «Духан», 3

[2] «Кадр»,1

[3] Ахмад

[4] «Фуркан», 32

[5] Бухарий

 287 total views,  5 views today

от webilim

Яндекс.Метрика