Курандын аяттары негизинен тафсирлөө менен түшүндүрүлөт. Тафсир – араб тилинен которгондо – бекитилген нерсени табуу дегенди билдирет. Куранды окуп, тафсирин билбеген – караңгыда падышадан буйрук келип аны окууга чырагы жок адамга  окшойт. Мужахид: «Аллахка Ал түшүргөндү билүүчүрөөгү сүйүктүүрөөк» – деген.

Имам Суютий: «Куранды тафсир кылуу үчүн араб тилин, сарф-наху каадаларын, балагат, кыраат, дин жана укук усулдарын, хадис, аяттардын түшүү учуру жана себептерин, насых жана мансых сымал илимдерди билүү – шарт » – дейт. Курандын аяттары түшкөн учуру жана шарты – асбабу нузул, вахийдин түшүүсүнө күбө, балким себепчи болгон сахабалар же алардан бул жөнүндө түздөн-түз угуп үйрөнгөн табеиндердин   рабаяттары тафсирдин  негизи. Аларды билүү Куранды түшүнүүдө өтө маанилүү орунду ээлейт.

Курандын түшүү себептерин билүүдө эң жогорку ишенич сахабаларга берилет. Куранды тафсирлөө – Курандын өзүнө, пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын сүннөтүнө, сахаба-табеиндердин рабаяттарына жана турмушта окшоштугу бар көрүнүштөрдөн кыяс алууга   негизделет.

Андан сырткары уламалар: «Муфассирдин өтө адеп-ахлактуу жана такыба болуусун, кылып жаткан амалынын калыс Аллах үчүн гана  аткарып, андан шоорат жана мертебе көздөбөстүгүн» эскертишет.

 273 total views,  1 views today

от webilim

Яндекс.Метрика