Куранды устатысыз үйрөнө баштаган – каталар дарбазасын ачат. Абдуллах ибн Аббас пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын: «Ким Куран жөнүндө билбей бир нерсе айтса – жайын тозоктон даярдап алсын»[1] – дегенин айтат. Абу Бакр: «Эгер Куран тууралуу билбеген нерсемди жеке пикириме жөлөнүп айтсам, мени кайсы жер көтөрүп, мага кайсы асман саябан болот?» – деген. Умар ибн Абдуль-Азиз: «Куранды билбеген киши аны өзүнчө түшүндүрүүгө жана пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдын сүннөтүн өзүнчө өзгөртүүгө акысы жок» – деген. Демек, инсан Куранды өзүнчө чечмелөөдө аны бурмалоосуз түшүндүрүп бере алчу мугалимге муктаж. Ал мугалимдин эң улуусу – Курандын өзү. Анын бир мөжизасы – бир аятты башка аяттары чечмелеп турат. Буга Курандын: «…маанисин Аллах гана билет»[2], «Аллах адамдарга аяттарын ушундай баяндайт»[3], «Соң аны баян кылуу да албетте, Биздин карамагыбызда»[4]– деген аяттары далил. Мисалы, Курандын: «Билгин, чындыгында Аллахтын досторунда акыретте эч кооптук жок жана алар бегам болушат» ,[5]– деген аятын билимсиз киши Аллахтын достору – кайыптан Аллах менен байланыш түзгөн адам деп түшүнүп алуусу мүмкүн. Ал эми чындыгында: «Аллахтын достору – ыйман келтиргендер жана такыбалар»[6]– ким экени кийинки аятта баяндалып жатат.
Ошондой эле Куранды түшүнүүдөгү кийинки авторитет пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламга таандык жана анын даражасына Аллах: «Ал өз оюу менен сүйлөбөйт. Анын сөздөрү болгону вахий»[7], «Адамдарга аларга түшүрүлгөн нерсени баян кылып берүүңүз үчүн Сизге Зикр түшүрдүк»[8] – деп, бир канча аятта кепилдик берет. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Билгиле, мага китеп жана ошончо билим берилди»[9] – деген. Имам Шафий: «Сүннөт – Курандын чечмеси» – деген. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам үммөтүнө Куранды жеткиликтүү үйрөтүп бүткөн соң гана о дүйнө кайткан.
[1] Тирмизий
[2] «Али Имран», 7
[3] «Баккара», 187
[4]«Кыямат», 19
[5] «Юнус», 62
[6] «Юнус», 63
[7] «Нажм», 3-4
[8] «Нахл», 44
[9] Абу Дауд
867 total views, 2 views today