Жетишпестик – бул жашоодогу дайым (убакытты, укуктун, жыргалдын, акчанын, орундун, ишенимдин   ж.б.у.с.) кайсыдыр бир нерсенин жетпегени. Бир караганда жетпегендей, тартыштай көрүнгөнү менен, чынында айланада баары жетиштүү. Бирөөгө жетпей жаткан убакытты – башка каякка сарптаарын билбей убара. Акча анда жок болгону менен – башка аны ысырап кылат. Буга жетпей жаткан кубатты – тиги каякка ишетээрин билбейт. Иши кылып, айланада баары мол, бирок адам жетпейт деп өксүй берет. Анткени, жетишпестик анын кыялында, пайда болуп, оюнда калыптана берген жана ал чынында барган сайын жетишпестикти гана көрүп, өксүк жашоого көнүп калган. Натыйжада, ал өз күчүнө ишенбейт, мүмкүнчүлүктөрүн билбейт жана дайым жеңилдикке эле умтула берген ач көзгө айланган.

Эмне кылуу керек? 

Өзгөрүүнү каалаган адам эң оболу – өзүндөгү жетишпестикти тапканды үйрөнүүсү зарыл. Тагыраак айтканда анын жашоосун кайсыл ойлору жетектеп жатканын талдоосу керек жана кайсыдыр мамиледе ач көздүгүн байкаса – анын булагын аныктаганы оң.  Эмне үчүн ага жетпей жатат? Жетпегенинин ага кандай зарылдыгы бар? Чындап зарылбы же оюндабы? Эгер зарылдыгы аныкталса – ага жетүүнүн кандай мүмкүнчүлүктөрү бар, аларды алуу колунан келеби? Ушул сыяктуу ойлор жана абалды туура талдоо, чыныгы муктаждык менен жөн гана ач көздүктү – жетишпестикке негизделген психологиянын табигатын аныктаганы өбөлгө түзөт. Бул алгачкы кадамдар, андан ары бул ойлор жетишпестиктин чыныгы булагын, келип чыгуусун да изилдөөгө жардам берет.

Айтмакчы, азыр жетишпстик тууралуу кенен маалымат «Кантип өзгөрөм» он-лайн тренингинде кенен ачылууда. Сабактын жүрүшүндө жетишпестик психологиясынын келип чыгуусу, анын көрүнүштөрү жана андан кутулуу ыкмалары кенен каралып, өтө олуттуу формулалар берилет. Натыйжада катышуучулар, өзүндөгү жетишпестикти жеңип гана калбастан, молдуктарды да көрүүнү үйрөнүп чыгышат.

 

 407 total views,  4 views today

от webilim

Яндекс.Метрика