АТА-ЭНЕНИ АЛАКЧЫЛАБАЙ ТЕҢ КАРОО



Перзенттин бул дүнүйөгө келүүсүнө ата да эне да бирдей себепкер. Ошондуктан алардын бирөөсүн экинчисинен өзгөчөлөп же артык көрүү туура эмес. Ата-эне карыса, бирөөсүн мамиледен четтетип кою – адилетсиздик. Анткени, алар балдарын биринен экинчисин алакчылабай, тапканын ортого коюп баккан. Ата-энеге жасалган адилеттүүлүк Аллахка жагат.

Кээ бир үйлөрдө бүт маселени энеси менен чечимиш болуп, атасын карыганда жээрип, үй турмушунан четтетип койгондор бар. Адатта, кой оозунан чөп албаган жоош аксакалдардын  турмуштан четтетилип калганы мусулман коомуна жат көрүнүш.

Бирөөнүн энеси качан караса шаарда баласыныкында. «Атаң келбедиби?» дегендерге — «Ага эмне бар шаарда, карыбадыбы, үйдө эле отурсун» — деп жоп берет. Байкуш абышканы карыганда карай турган кемпирин бөлүп алып кеткени кандай жорук? Экөөсүн тең алып кетсе болмок. Көрсө  атасы алдым жуттуму жок, аябай жоош киши экен.

Пайгамбарыбыздан  бирөө: «Ата-энемдин кимисине көбүрөөк көңүл бурушум керек?» — деп сураганда,  ал үч жолу: «Энеңе»деди жана төртүнчүсүндө гана: «Атаңа» деп жооп берди. Бул хадистен кээ бир уулдар атаны энеден үч эсе төмөн деп түшүнүп албашы керек.

Чындыгында, Аллах алдында ата – ата, эне – эне катары өз ордуна жараша даражага ээ. Аллах энени Бейиштин үстүнө койсо, атаны – дубасы тоскоолдуксуз жана түз кабыл болуучу кылды. Буларды бири-бири менен салыштыруу туура эмес жана алардын бирөөсүн экинчисинен өйдө коюу да – адилетсиздик. Болгону эне атага караганда жардамга муктажыраак, уул ушуну гана эске алуусу зарыл.

Эгер ата-эненин  бирөө эртерээк көз жумса алардын калганын өксүтпөй кароо зарыл.  Өзгөчө, абышкасы кеткен соң эне: «Абышкам тирүү болсо келиндер ушинтпейт эле, атасы балдарга мени мынттирбейт эле» — деп көп өксүп калат. Ошондуктан,  энеге көбүрөөк көңүл буруп, азасын жеңилдетүү керек.

Ошондой эле кемпирден калган атанын да келечегин ойлоо керек. Он келини биригип, абышкага бир кемпирчелик жонун тырмап бере албайт.

Бирөөнүн энесинин көзү өттү эле, балдары байкуш атасын кыйнап коюшту. Кир кок, өз ара мамиле деген болот, абышка бир кемпирге үйлөнсө, жайланып эле калган уулдары, келин-кыздары ал кемпирди келекелешип акыры кетирип тынышты. «Апабызды эч кимге алмаштыра албайбыз» — дешет экен алар. Туура энени ким алмаштырсын. Бирок атанын кажетин да ойлоо керек. А негизи Шариатта буга тыюу жок. Тетирисинче, көзү өткөндүн Аллах алдында өз жашоосу бар, артта калган да анын артынан мүңкүрөп калбоосу керек.

Менимче кыргызда илгерки  байбичелер: «Мен өлсөм абышкам кор болуп калбасын» — деп тирүүсүндө токол алып берип, аны абышканын кажеттерин бүтүрүүгө өздөрү  үйрөткөнү ошондонбу дейм. Балдар деле кээде атасын бакканы менен кор кылып алышы мүмкүн экен.

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам жамаатындагы бир кемпир жесир калганда, жакын сахабалары Абу Бакрге анан Умар ибн Хаттабка ал кемпирге үйлөнүүсүн буюрат. Себеби жардам берүү үчүн ал жесир аялдын үйүнө  же чарба иштерине кийлигишүүгө жана ага кирди-чыкты болгону, сөзсүз жакын тууганчылыгы же никелеш болуу зарыл эле.  Бирок ал кемпир жогорудагы экөөнө тең макул болбоду.  Соң  пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам өзү барып ага никесин сунуш кылды. «Мен аялдык милдеттерди аткаруудан калдым, бирок кыяматта сиздин никеңизде ойгонуу үчүн гана макулмун» — деп пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам га турмушка чыккан экен.

Мындан алынчу сабактар көп, бирок биздин маселеге тиешелүүсү түгөйсүз калган ата-энеге куда түшсө балдары тоскоолдук кылганы туура эмес.

 

 

3,043 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *