АТА-ЭНЕГЕ ДУБА КЫЛУУ



Дуба Исламда ибадаттын жарымы а кээде маңызы да болуп эсептелет жана Аллах дайым пенделеринин дуба менен кайрылуусун каалайт. Жаратуучу пендесинин дуба кылып жайган колун кур түшүрүдөн тартынат жана анын суранычын сөзсүз аткарат. Болгону кимдир бирөөгө заматта, башкасына кийинчерээк, ал эми үчүнчүсүнө акыретте жооп бериши ыктымал. Канткенде да Аллах пендесинин суранычын жоопсуз калтырбайт, аны пендесине ылайыктуу жана пайдалуу учурда гана берет. Аллах ошондой эле дуба кылып кайрылбаган пендесине нараазы.

Аллах төрт дубанын тоскоолдуксуз кабыл болоорун убада кылган. Алар, элдин, мусапырдын, атанын уулуна берген батасы жана укугу бузулгандын каргышы. Демек, ата-эне уулу үчүн Аллахтан сурап берүүчү жана алардын дубасын Аллах тоскоолдуксуз кабыл кылып турса – бул уул үчүн табылгыс байлык эмеспи. Уул каалаганын ата-энесинин дубасы менен эле табат тура.

Түшүнгөн мындай ата-энени жоготкусу келеби? Жок, ошондуктан ал оболу: «Оо, Аллахым! Атакемдин, энекемдин өмүрлөрүн узун, ден соолуктарын чың кыла көр,  билип билбей кетирген ката-кемчиликтерин, күнөөлөрүн кечир. Алардын карылыктарын мээримдүүлүк канатыңда өткөрө көр…» — деп алардын жаны колунда турган Аллахка дуба кылып жашайт.

Аллах Кураанда: «… аларга ырайымдуулугуңан жооштук кыл жана «Менин Раббым, мени кичинемден өстүргөн ата энемди аяй көр» деп дуба кыл…» («Исро», 24) — деп, ата-энеге дуба кылууну Өзү үйрөтөт. Ыймандуу уулдар ата-энесине ар беш убак намазында бата кылышат жана Жараткандан алардын татыктуу карылыгын сурашат. Кээ бир уулдар ата-энесине дуба кылуу үчүн убактысын аяшпайт. Алардын акысына ыктыярдуу намаздарды да окушат.

Ошол эле учурда ата-энесине Аллахтан дуба кылуу эмес, аларга Аллахтын каарын жаадыра турган иштер менен алек болгон балдар да көп. Анткени, алар ата-энеси эмес, оболу өздөрүнүн абалын да ойлошпойт. Ошондуктан Аллах аларды «өздөрүн таарынткандар», «өздөрүнө заалымдык кылгандар» ж.б.у.с. сөздөр менен атайт.

Ал эми ата-эненин көзү өткөндөн кийинки уулдун дубасы – алардын уулдагы укугу. Тилекке каршы, көзү өткөн ата-энесине дуба кылган уулдар аз. Көпчүлүк бир жылда бир Куран окутканы болбосо, аларды ойломок тургай, ата-энеси көрүндө да кыйнала турган арамдар менен жашаганы канча.

Ошондой эле пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Ата-энеңерди каргабагыла!» дейт. «Ата-энесин да каргагандар болобу?» — деп сахабалар таң калышат.  Ал: «Силер бирөөнүн ата-энесин каргасаңар алар да силердин ата-энеңерди каргашы мүмкүн» — деп жооп берген.

Чындыгында, уул бирөөнүн ата-энесине кандай мамиле жасаса, анын ата-энесине да башкалар ошндой мамиле менен кайтарышат.

 

 

 

3,421 просмотров всего, 2 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *