УУЛДУН ДАСТОРКОН БОЮНДАГЫ АДЕБИ



Дасторкон үй-бүлөөнү бириктирген, бир ойго, бир туйгуга бөлөй алган негизги майдан жана анын боюндагы отуруштун да өзүнө жараша адеп-талаптары кылымдар бою калыптанып келген. Анын үстүнө кыргызда үй-бүлөөгө тиешелүү дээрлик бүт маселе дасторкон жээгинде чечилген. Ага отурган адамдын татыктуулугу, алган тарбиясы жана адеби сыналган, бааланган. Ошондуктан кыргыз атасы уул-кыздарына эң оболу дасторкон боюнда өз ордун таап, татыктуу отурганды үйрөткөн.

Дасторкондун төрү дайым үй ээсинин орду. Аны ээлеген адам бул үйдүн кожоюну, падышасы жана өкүмдары. Ага сыйдын баары көрсөтүлөт. Адатта ал ата, анын көзү өтсө эне. Анан гана уул.

Азырынча төрдү ээлей элек уул дайым төрдөгүнүн маанайын карап, ага көрсөтүлчү сыйды унутпасын. Калгандары да атанын, эненин ордун карасын, алардын алдындагы адебин бекем сактасын.

Эң оболу балдар ата-энеден мурда дасторконго отурбайт. Эгер ата же эне көчөдөн кеч кайтып, дасторкон үстүнөн чыкса, баары ордунан туруп, ал ордун ээлеген соң гана тамактануусун улантат.

Дасторконго баары отурган соң, тамак өз алдынча тартылабы же ортого коюлабы, ага атадан мурда эч ким кол сунбайт. Тетирисинче ата-эненин ооз тийүүсүн күтүшөт. Алар алган соң гана жегени киришет. Тамакка ата-энеден мурда сугунуу жеткен адепсиздик.

Ортого коюлган табактагы  тамактын да эң даамдуу жери ата-энеге каратылат. Андагы эт же башка азыктардын да эң сөөлү ата-энеге узатылат.

Тамак учурунда ата-эненин маанайын түшүрбөгөн жакшы сөздөр гана сүйлөнөт. Ар ким тамакты өз алдыларынан жейт. Эч ким шашып-бушуп же төгүп-чачып жебейт. Алдын таза кармайт жана кокус какап же жөтөлгүсү келсе тетири бурулат.

Ата-эне тамагын жеп  бүтмөйүнчө, жалпы бата кылынмайынча эч ким дасторкондон туруп кетпейт. Антпесе, ата-энени көзгө илбегендик, тоотпогондук деп эсептелет. Эгер муктаждык жаралса гана уруксат менен дасторкондон туруу керек.

Эгер ата-эне өтө улгайган болсо уул аларга өз колу менен тамак берген оң. Тамагына нан туурап берсин, алар тойгон соң гана өзү тамактансын. Анткени, карыган ата-эне адатта акырын тамактанат жана жаштар жеп туруп кетсе алар тойбой калуусу да ыктымал.

Аллах ар бир адамды оболку абалына кайтарат, кайрадан балалыкка алып барат. Демек карыган ата-энеге баладай камкордук менен кароо зарыл. Ар учурда ата-эненин дартына дарман болгон уулдарга Аллах өз боорукердигин насип кылган болсун.

Белгилүү бир хадисте үңкүргө үч киши камалып калып, ар ким өмүрүндө Аллахтын гана ыраазылыгы үчүн кылган жакшылыктарын ортого коюп, Аллахтан бул оопаттан кутултууну суранышат. Алардын бири алгач ата-энесине тамактандырып, балдарына алардан ашканын гана берээрин айтат. Бир жолу алар уктап калып, тамагын муздап калбасын деп кармап отуруп таң атырганын жана алар ойгонуп, тамактанган соң гана калганын балдарына бергенин эстейт. Ушунда анын калыстыгынын урматына үңкүрдүн оозу дагы кененирээк ачылат.

Ата-эне карыганда жумшак жана даамдуу тамак жегиси  келет. Бирок мурдакыдай алы-күчү кетип, пенсиясы тийип жарытпай, тапканы жок калганда самаган  тамагын каалаган учурда жей албай калганы туура эмес.

Дасторконуңузга аялыңыз «кой ягында палоо», көк чай, же майы мелжиген эт тууралган беш бармак апкелгенде, ата-энеңиздин да дасторконунда ушулар бар бекен? Ой жүгүртүп көрүңүз. Ошондон кийин да тамагыңыздардан оокат өтө берсе анда келечекте балдарыңыздан эч нерсе үмүт кылбаңыз жана аларды жакшы болууга тарбиялап убара болбоңуз. Ал эми муну эстээр менен палооңузду же беш бармагыңызды көтөргөн бойдон аларга чуркаган болсоңуз, Аллах сизди ыймандан кур койбоптур, Анын колдоосу сизге дайыма насип этет!

 

 

 

2,170 просмотров всего, 4 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *