АТА-ЭНЕДЕН КАБАР АЛЫП ТУРУУ



Ата-эне ооруса бала-чакасын көргүсү келет. Чакыртса бара калган дурус. Оорусуна калп эле кайгырымыш болуп көңүлүн чөктүрбөй, тетирисинче тамашалап, эркелеп же эркелетип, дартынан алаксыткан жакшы. Ооруусу өтүшүп кеткенде карайт биздикилер. Алардын ден соолугун мурдатан алдын алып карап келсе, дени соо карыйт ата-эне. Бул жагдайда келиндин ролу да чоң, уул адатта иш менен алаксып калат, анын эсине салып, орду келсе эринен ата-энесинин дени соолугуна кам көрүүнү талап кылса да туура болот.

Бир уул айылдан кеткенине он жылдай  болуп, үйлөнүп жайланып, иштеп, шаарда жашап калыптыр. Мен командировкага ошол айылга барып калсам, анын атасы мен аркылуу уулуна салам айттырды. Ата-эне карыптыр, экөө тең катуу оору, абалдары да начар. Көрсө ал уул сөрөй ата-энесинен эки жылдан бери  кабар албаптыр. Кантип жашады дейм да.

Кээ  бир эргулдар ата-энеси  менен бир эле шаарда  туруп, бир жылда бир кабар албайт. Аз келгенсип, азыр карылар үйлөрүндө кыргыздын эле ак калпактуу аталарын, ак жоолукчан энелерин көрөсүң. «Кызыма айтып кой алып кетсин, балама айтып кой кабар алсын» — деп зарлаганы канча. «Өлүгүмдү айылга койсун балам, кабар бер, өлгөнү калдым» — деп ыйлаган кемпирди көргөндө зеениң кейийт. Мындай балдар кимдин батасы менен жашап жатат?

Бала оттузда, кыркта болобу, канча жашка чыкканына карабай ата-энеси үчүн жаш бала бойдон кала берет. Бала ата-энесин сагынбаса да алар аны сагынат. Жок дегенде аларга өзүңөрдү көрсөтүп тургула.

 

1,457 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *