АТА-ЭНЕГЕ ТААЗИМ КЫЛУУ



Тан берүү – атанын же эненин кайсыдыр ишине кайыл болуу, ал иштин түйшүгүн туура баалап, андагы кайратты, чечкиндүүлүктү татыктуу баалоо. Мисалы, уурулугу жок, адал тамак таап баккан атанын эрдигине тан бербей болбойт жана уул  бул кайратты дайым белгилеп, атасынын жоомарттыгына кайыл болгону анын атасына тан бергени. Же ден соолугунун начардыгына карабай, көз жарган энеге да уулу тан бере билүүсү зарыл бул алардын уул алдындагы артыкчылыгын белгилеген дагы бир көрсөткүч.

Уул ата-эненин кылганынан ката таап, сындаганы – тирисинче, алары кемсинтүү, көзгө илбөө жана кордоо болуп эсептелет.

Аллах   Кураанда: «Биз адамга ата-энесине жакшы мамиле кылуусун тапшырдык…» («Анкабут», 8) дейт. Демек, балдарынан жакшы мамиле көрүү ата-энеге Аллах тарабынан бөлүнгөн укук, алардын акысы. Ал эми ал укукту  сактоо, алардын акысын берүү – балдарга милдет.

Тан берүүнүн дагы бир көрүнүшү уулдун аларга жасаган таазими. Таазим – улуулугун белгилөө жана ал даражага татыктуу мамиле кылуу.демек ул дайым ата-энесинин улуугун унутпоосу керек, өз бүлөөсү алдында  алардын даражасын татыктуу кармоого милдеттүү.

Ал бетте, бул оңой эмес, бирок ыймандуу уулдарга эмес. Алар эч качан ата-энесинен алдыга обдулуп өз кызыкчылыгын, алардын аброюнан мурда өзүнүкүн койбойт. Анткени, ал алардын эрдигине жана жоомарттыгына тан берип, алардын даражасын дайым бийик коюп келет.

Тетирисинче, ата-энесинин ордун билбеген бала аларды көзгө илбейт. Аларга артын салат. Сөзгө келбейт. Ал каерде болбосун өзүнүн гана ордун карайт. Ата-энесинин муктаждыгын сезбейт. Алар менен жөн эле  сүйлөшүп да койбойт. Кээде эч нерсе болбогондой созулуп жаткан бойдон телевизордон көзүн албайт.

Бир караганга байкалбаганы менен ата-энеге таазим кылганды билбеген үйдө эмнегедир жылуулук жоктой сезилип, кирген адам кеткенге шашат.

 

 

 

Абдуллах ибн Масуд пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдан: «Аллах иштердин ичинен кайсынысын жакшы көрөт?» — деп сураганда ал: «Өз убагында окулган намазды жана ата–энени кадырлаганды» деп жооп берген.

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Эң чоң күнөөлөрдүн бири – ата-энелердин көңүлүн калтыруу» – деген. Ошондуктан балдары ата-энесин ыраазы кылып, алардын алкоосун, бата-дубаларын алууга аракеттенүү керек. Анткени Аллах  ата-эненин  бата-дубасын пардасыз кабыл кылат.

Бүгүн  ата-эненин камын көрүү – өзүнүн эртеңкисин ойлоо. Келечекте жакшы карылыкты самаган уул, ата-энесинин    карылыгын жакшы камсыз кылат.

Албетте, алардын карылыгы Аллахтын буйругуна ылайык. Себеби Аллах «…мен сиздерди кандай абалдан пайда кылсам ошол абалга кайра алып барам …» — дейт. Демек, ата-эне карыганда жаш балага окшоп, карылыгы кээде түйшүктүү өтүшү да ыктымал. Аллахтан алардын жакшы карылыгын тилеп, сабыр кылуу дурус. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: « Аллахтан корккондор коногун жакшы узатсын…» — деген. Ата -эне карыганда оордук кылса жок дегенде конокчо мамиле кыл, конок эртеби кеч кетээр жерине кетет.

 

1,085 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *