АТАНЫН НАЗАРЫ ТУУРАЛУУ



«Атанын назарынан калган бала этеги көчүгүнө жетпей өтөт» — дечү экен илгери элде. Ата назары тууралуу оор кептер айтылып, муну угуп чоңойгон уулдар чындыгында өз сакалы агарса да атасынын алдында үн катпай турат.

«Эненин сөзү – бок, атанын сөзү – ок» — дегени бар элдин. Түшүнгөн адамга бул кепте нараазы болгондо ата-эненин айткан сөзү а арыраак барса каргышы тууралуу сөз болуп жатканы байкалат. Ошондон улам бул макал эненин сөзүн кордоо эмес, тетирисинче анын жумшактыгын, нараазы болсо да баласын чындап каргай бербегенин, ошол эле учурда атанын нараазылыгынын өткүрлүгүн жана каардуулугун айтып жатат.

Мунун акыйкаты да бар. Чындыгында Аллах эненин Бейиштин үстүнө койсо (Бейиш энелер таманы астында), атанын кайрылуусун пардасыз жана күтүүсүз кабыл алаарын убадалаган. Тагыраагы ата ыраазы болуп бата берсе да, нараазы болуп каргаса да анын сөзү Аллахка сөзсүз жетет. Бул атага берилген өзгөчөлүк. Ошондуктан элде «Ата ыраазы – Аллах ыраазы» -деген сөз калган.

Чынында эненин нараазы кылуу оңой эмес. Анткени, ал зат уулунан ганан ыраазы болот жана ыраазы болууга шылтоо да таппай тургандай. Канча капа болсо да тез унутуп, кайра эле арзыбаган сөзгө да көңүлү жибип, уулун алкый берет. Ал эми ата менен иш башка. Ал уулунун да жок эле дегенде өзүндөй болуусун каалайт жана андагы ар бир кемчиликке катуу кейийт. Ата үчүн түшүнбөгөн уулдан өткөн оопат жок.

Атаны какшаткан уулдар болот. Анын кашыктап жыйганын чөмүчтөп чачат. Аброюн айрандай төгөт. Баласын куткарам деп чөгөлөгөнгө барат кээде. Ал эми атасын уруп, токмоктогон, карылыгында кордоп, кароосуз калтыргандар, карылар үйүнө жеткирип салгандар тууралуу айтылбаган сөздөр калбады.

Атанын назары – анын каардуу каргышы. Атаны нараазы кылгандан өткөн кылмыш жок.

Ошол эле учурда атаны агарткан уулдар да бар. Алар атасынын атын, кылганын, сыпат мүнөздөрүн даңктап, өздөрүнө өрнөк кармагандар. Атасынынын сөзү гана эмес, көз карашынан сестенип чоңойгон алар.

Аллах алардан дайым ыраазы жана алар да өз уулдарынан оозур көргөндөр.

Менин бир таанышым, атасынын башына күлпөт түшүп, кыйналганда, шаардагы окуусун таштап, айылга келип иштеген экен. Атасы ыраазы болуп: «Уулум сен да уулуңдан оозур көр» — деп дуба кылыптыр. Арадан жылдар өтүп, ал да кыйналып калганда уулу баарын таштап, айылга келип, атасынын жүгүн колунан алганын ыйлап отуруп айтып берген.

Келме кезек бат эле келет.

 

 

 

4,555 просмотров всего, 2 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *