БАШКАЛАРДЫН АТА-ЭНЕСИНЕ ДА ЖАКШЫ МАМИЛЕ КЫЛУУ



Бир күнү шаарга түшүп баратып, кайсыдыр аялдамадан автобуска бир абышка чыгып калды. Ал байкабай чыга бериште турган бир жигиттин бутун басып алды. Алдагы сыланкороз жигит окшойт, карыяны тилдеп кирди, абышка да жоош экен. Унчукпай кутулду. Албетте, куник көрүнүш, ойго салат. Көп өтпөй ал эргул да түшүп калды. Жанымда отурган бирөө анын айылдашы экен. Ал үйүндө ата-энесине да ушундай мамиле жасаарын айтып берди. Башканын атасына копол адам, өз атасына да копол болот деп калдым.

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Ата-энеңерди сөкпөгүлө» — деди. Сахабалар: «Аллахтын Элчиси, ата-энесин сөккөндөр да болобу?» — деп таң калышты. «Ооба, башкалардын ата-энесин сөккөнүңөр – өз ата-энеңерди сөккөнүңөр» — деп түшүндүрдү пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам.

Өз ата-энесине жакшы мамиле жасаган уул башкалардын ата-энесине да кем эмес мамиле кылат. Аларга да мээримдүүлүк, камкордук канатын жайып, аталыгын жана энелигин сыйлайт. Аларга адатта «Атаңа балли! Атаңа ыракмат! Атанын уулу экен!» — деген сөздөр айтылат.

Өз ата-энесин аздектеген уул, алардын досторун, кубуларын жана тааныштарын да жакшы мамилеси менен ыраазы кылат. Кыргыздагы: «Атам өлсө да, атамды көргөн өлбөсүн» — деген кеби ушундан.

Атасы тууралуу аны көргөндөрдөн уккусу келген уулдар болот. Алар атасын тааныгандарды дасторкон жайып, меймандап, атасы тууралуу кеп укса көзү жашып, жүрөгү толкунданат. Коногун белектер менен узатып, батасын алат.

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Атасы жакшы көргөн адамдар менен байланышты үзбөө  менен, адам атасынына кылган урматын далилдейт»- деген.

Бирөө пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва салламдан: «Канткенде Бейишке кирем» деп сурайт. Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам: «Энеңди ыраазы кыл» — дейт. «Энеси өлгөндөрчү» — деп сурайт. «Энесинин тирүүсүндө ыраазы кыла албагандар алардын курбуларын ыраазы кылышсын» деп жооп берет пайгамбарыбыз.

 

 

 

 

1,189 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *