АТА-ЭНЕНИН СӨӨГҮН ТЕЗ КОЮУ



Бисмилляхир Рохманир Рохийм!

Ар бир уулдун башында жетимдик бар. Жоготуу канчалык оор болбосун, уул сабырдуулуктун үлгүсүн көрсөтүүсү зарыл. Сабырдуулук – ата-эненин сөөгүн акыркы сапарына урматына жараша узатуу.

Эң оболу уул ата-эненин карылыгынан эле алардын узап баратканын байкап, алдын ала өзүн даярдап, алдыда боло турган кажеттерди да эсептей жүргөнү туура. Суук кабар жетсе дароо өзүн таштап койбой, күйүтүн жутуп, ата-эненин үйүнө жетип, оболу ал жердеги абалды тартипке салганы жакшы.

Дароо жай башына адам жиберип, көр казганды буюрсун. Убакыт таап аны өзү келип көрсүн, же билген бирөөнү жиберип, ал ата-эненин келечектеги “үйүн” карап, кемчилигин айтсын.

Андан соң кабар бере турган туугандарга адам чаптырып, тез арада сөөктү өз урматында узатууга кам көрүү зарыл. Анткени, сөөктүн да тирүүлөрдөгү  акысы жана  ызат-урматы анын жерге ысыгында берилүүсү.  «Алыстан балдары келе элек. Сөөк ээлери келсин», же дагы толгон токой шылтоолор менен сөөктү үч күн түнөтмөй сыяктуу караңгылык жөрөлгөлөрү биздин турмуштан али да толугу менен чыгып кете элек жана албетте мындай “кыргызчылыкты” талап кылгандар да болот. Ошондуктан кандай сөз болбосун, мусулман атанын же эненин сөөгүн тез жерге жашыруу мусулман уулга өзгөчө мааниге ээ.

Эгер сөөк көпкө кармалып андан жыт чыгып, сасый баштаганы бир чети динге жат, экинчи тараптан сөөктү сыйлабастык болуп эсептелет. Өзгөчө, жай айларында сөөк көөп, анын курсагына  кум төшөп, беде жапкандарын көрүп эле жүрөбүз. Өлгөн өлүктү кордоп, кармоодон пайда жоктугун түшүнгөндөй болушат, аткара келгенде иш башкача чыгат.

Каршы болгон балдарын карасаң кечинде боз үйдүн артына өтүп алып «көңүл айтып келген» достору менен арак ичип отурганын көрөсүң.

Үч күн жатса же балдары келсе эле тирилип кетпейт. Сөөк ээлери ушундай эле кайгырып күйүткө түшсө, алгач сөөктү сасытпай жерге берип, батыраак жаназасын түшүрүп, Куранын  окутканга умтулсун.

Аллах Кураанда: «…мен сиздер жакшы көргөн нерселериңизден жана жакын туугандарыңыздан ажыратып сынаймын…» — дейт. Анын сыноосу пенденин сабырын текшерет. Ата-эне баарына кымбат жана аларды жоготуу уулга да кызга бирдей оор. Бирок өмүрдү да ажалды да Жараткан Өзү берет. Эч ким Анын чечимин өзгөртүүгө алы жетпейт.

Муну түшүнгөн уул эч качан бети башын койгулап, дубал сүзүп, артис болбойт. «Жараткан Өзү берди, Ал өзү алды» — деп азасын сабыры менен кармайт. Аша чаап бетин тыткан эже-карындаштарын да тыят. Себеби бакырып, боздоп, артыкча кирген-чыккан сөздөр менен өңгүрөө – Жараткандын чечимине каршы  чыккандай же Анын өкүмүнө нараазылык деп эсептелет жана Анын каарына кириптер кылат. Бакырып өкүрсө маркумдун руху кыйналат.

Пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам өлгөнгө бакырып ыйлоого тыюу салган. Бирок өзүнүн бир жашар уулу чарчаганда көздөрүнөн жаш чыкты дешет. Аны көргөн сахабалалары: «Эй, Аллахтын Элчиси! Сен өзүң ыйлаганга тыюу саласың, бирок ыйлап жатасың?» — деп сураганда, ал: «Менин көзүмдөн чыккан жаш жүрөгүмдөгү кайгынын белгиси. Бирок менин тилим тыйылуу» — деп жооп берген.

Ошентип, алгач сөөккө кепин бычылып, анан сууга алынат. Сууга уул өзү киргени оң. Биринчиден ал атасын жумшактык менен жууйт. Экинчиден аны камкордук менен тазалайт жана атанын денесиндеги кээ бир жагымсыз же бөтөн көрбөгөн кемчиликтери сыртка чыкпайт. Анын үстүнө уул өзү да өлүм менен учурашкандай болот.

Соң жаназа окулуп эркектер сөөктү жай башына алып жөнөшөт. Уул сөөктү өзү көтөргөнү жана көрдүн ичине өзү жаткырганы жакшы. Айтмакчы, көбүнчө казанакты жапканы ылайдан куюлган кам гыш же гүбөлөк гана иштетилет. Андай жок болсо чоң кесектер менен да бүтөсө болот. Негизи, сөөк көмгөнү бул жашоого кереги тие тургандын эч кайсы бири иштетилбесе болгону.

Сөөк көмүлүп жаткан учурда молдолордон же билгендерден бейчеки сөздөн көрө элге дин маселелеринен куруп берүүнү өтүнүү зарыл.

 

6,550 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *