АТА-ЭНЕНИН ТАЗИЯСЫНДА ЫСЫРАПКА ЖОЛ БЕРБӨӨ



Бисмилляхир Рохманир Рохийм!

Сөөк коюу кыргызда өзгөчө мааниге ээ болгон салт. Анткени, андагы ар бир жөрөлгө кылымдар бою калыптанып даанышмандыгы азыр да таң калтырбай койбойт.

Шариат өлүк турган үйдө тамактанууга тыюу салат жана сөөк ээлерин аза күндөрү кошуналары же жакын арадагы туугандары азыктандырып турушат.

Көчүп жашаган кыргыздарда аралык адатта алыс болгондуктан сөөк койоор туугандары, куда-сөөктөр келгенче гана күтүшкөн жана алыстан келгендиктен аларга сөзсүз мал союлган. Бирок дасторкон өлүк жаткан үйгө эмес, алыстан келген туугандар үчүн атайын тигилген үйгө салынган. Бул да болсо Шариатка болгон сый. Кийин гана бул салт башка жөрөлгөлөргө оролуп отуруп, бөкөөл толо тойго айланып кетти.

Ал эми отурукташкан кыргыздарда сөөк толугу менен Шариатка ылайык, ысыгында жана ысырапсыз көмүлгөн.

Чынында азыркы тазиялардагы ысырап түшүнгөн адамды кыжаалат кылбай койбойт. Чыгымы кээде келин алган тойдон ашат. Батага келгенден бөкөөлдүн саны көп, «аш жейбиз» деп самсаалап тургандар атайы өлүк күтүп жашагандай сезилет.  Эт жегени жаш кары дебей жыйылып алат. Бир үйүр жылкы сойсо да жетпейт. Андай ысыраптын кесепети кимге тиет?

Бул улуттук деңгээлге өттү. «Элге теңелем» деп колунда жоктору да карызга моюнунан батып, мал союшат. Анын карызга алганын ансыз деле эл билет, алына карап иш кылса ким сөз кылмак.

Бир жерде он балалуу келиндин сүт берген жалгыз уюн «уят» деп сойдурушту дейт. Он баланын жетим акысы кимдин тамагынан өттү?

Ошондой эле тазиядан кийинки үчү, жетилиги, пайшамбиликтери[1], кыркы, айттыктары, эстелик орнотуусу, жылдыгы, аза ачтысындагы чыгашаларды эсептесе, эч бир эл биздей ысырап менен сөөк узатпасын байкаса болот. Кыргызда өлгөндөн да коркосуң, маркум ал ысыраптын жообун качан берип бүтөт?

Шариятта бул дүйнөгө керектүүнүн ал дүйнөгө кетишине тыюу салынат. Жыртыштар, эстеликтер ж.б. чыгашаларды эсептесе чубактын кунундай доо чыгат. Айтмакчы, ал карыз төлөнмөйүнчө арбактын абалы кандай болду аны ойлогон уул барбы?

Илгери аксакалдар «кара аш» деп, өлгөндөн тамак жечү эмес дешет. Азыр оркестр, митинг менен убара болгон уул кайдан аза күтсүн да кайдан кайгырсын? Кайран ата-эне!

А чынында уул мындан качышы зарыл. Колунда болсо гана элге кудайы берет, жок болсо жупуну эле узаткан оң. Андан көрө кеткен чыгаша ата-энеге сооп бере турган иштерге сарпталганы пайдалуу болмок. Мисалы, мектеп, медресе, оорукана, көпүрө салдырып же мечит курдуруп жана башка элге пайдасы тийген иштерге сарпталган каражат ата-эненин акыретине сооп болуп тийип турат.

 

[1] Түштүктө

 

 

 

1,760 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *