АТА-ЭНЕНИН КӨЗҮ ӨТКӨНДӨН КИЙИНКИ МИЛДЕТТЕРИ



Ошентип, ата-эненин көзү өтүп, түбөлүк мекенине жол тартты. Уул сөөктү берип, Куран аяттарынан окуп, эл тараган соң атанын ордун өзү ээлейт. Бирок ал ата-энесинин алдындагы милдеттеринен дагеле кутула элек. Ал алардын аркы дүйнөдө да камсыз болушуна кам көрөт. Ал уулдун ата-энесинин көзү өткөндөн кийинки милдеттерин аткаруу менен ишке ашат.

Оболу уул ата-энеси калтырган осуяттарын орундатуу, аларды береселерин аткаруусу зарыл. Эгер мурас кагазы болсо аны да кынтыксыз аткарсын. Ал жок болсо мурас илимин билгендерди чакырып, колунда калган атаын мүлкүн бир туугандар ортосунда адилеттүү бөлсүн. Эгер туугандар мурастан баш тарса ага ыраазы болсун. Бирок талашса сөзсүз талашкандын адилеттүү энчисин берсеин. Анткени, бул атанын мүлкү.

Андан соң ар бир намаздан кийин ата-энесинин рухуна дуба кылып, ыктыярдуу намаз окуп, ыктыярдуу орозо тутуп, сообун ата-эненин арбагына багыштоо, алардын берген таалим тарбиясын сактоо, өз балдарын да ошол таалимде тарбиялап, насаат сөздөрүн эсте тутуп, ата-эне туугандары менен байланышты сактоо милдет.

Ошондой эле айт  майрамдарындарында алар үчүн курбандык чалып, орозо күндөрү бей-бечара кембагалдарды ата-энеси жакшы көргөн тамактар менен меймандап, жылдын башка ай, күндөрүндө муктаждарга садага берип, сообун ата-энесинин рухуна багыштап, аларга дуба кылып туруу — уулдун ыйык милдеттерине кирет.

Өзгөчө  бирөөнүн ата-энесин акаарат кылуудан алыс болуу керек. Себеби акаарат алган тарап сөзсүз жообун кайтарса  байкуш маркумга сөз тиет.

Аллах Ыйык Курандын «Лукман» сүрөөсүнүн 14 аятында: «…Мага жана ата-энеңе алкыш айт…» — дейт, бүт мактоолор Жаратканга болсун, көзү тирүү ата-энелерибиздин оозурун берсин, көзү өткөндөрүн магфират этсин!

 

 

 

 

 

 

 

1,477 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *