ЖАКШЫЛЫККА – ЖООП



Жакшылыкка татыктуу мамиле менен жооп берүү – адептен. Наадан гана жакшылыктын баркын билбейт.

Ал эми адамга өмүр берип, ырыскысын бир да көз ирмемге кечиктирбей жеткирип жатканы үчүн Аллахка «ыракмат» айтпай жүргөндөрдү ким десе болот? Аллахтын адамга мекен, ата-эне, жубай, бала-бакыра, жоро-жолдош бергени үчүн татыктуу «ыракмат» айтуу жолу барбы? Албетте бар, ал да болсо Аны ыраазы кылуу. Бала ата-эненин айтканын кылып көнсө гана алардын ыраазылыгын алат. Адатта
мугалимдин сөзүнөн чыкпаган окуучу ийгилике тез жетет. Аллах да «лаббай, кожоюн» деп башын ийген адамга гана ыраазы болот. 
Ал эми биз «лаббай кожоюн» дедикпи? Аллах кыргыздарды бейиштей болгон жерде, ыймандуу ата-бабалардан жаратып, Мухаммед салаллаху алайхи ва салламдын үммөтүндө уктатып жана ойготуп жатканы – Анын нематы.

Кыргыздын эзелтеден Ислам менен жашап келгени ар кандай дейди пикирлерге карабай далилдерге өтө бай. Ошондон улам бүгүн деле кайсы кыргызды сураба – мусулманмын дейт. Кудайга шүгүр, динин тааныйт. Бирок бара-бара шариатын унутуп, тынчтыгы кете баштады. Анын исламы — үйлөнсө нике кыйуу, өлгөндөргө Куран окутуу, боорсок бышырып, жыт чыгаруу, үйүнө ысырык салуу ж.б. ушул сыяктуу салт-ритуалдар менен гана чектелип калды. Биздин мындай «лаббайыбызга» Аллах ыраазыбы? Аллах мусулманга — моюн сунганга гана ыраазы болот.

Мусулман деген ким? Мусулманчылык расабы, улутпу, элби? Албетте, генетикалык тартиптерге ылайык өзбөктөн — өзбөк, кыргыздан — кыргыз, негрден — түсү кара туулат. Анткени улут – эч ким жокко чыгара албаган өзгөчөлүк. Мисалы: өзбөктүн паспортуна кыргыз деген тамга басылса, ал кыргыз болуп калбайт. Ошондой эле өмүр бою кытайда жашаган кыргызга кытайдын тилин, каада-салтын, жүрүм-турумун сиңирсе болот, бирок кыргыз деген генетикалык код канында болгондуктан анын улуту кыргыз бойдон кала берет.
Ошол эле Саид Маудуди кайсыдыр кутбасында: «Адам пайгамбардын урпагы болсо да Ислам менен жашабаса аны мусулман деп айтууга болбойт. Анткени мусулман болуу үчүн сөзсүз Исламдын талаптарын аткаруу зарыл. Мусулманчылык улут сымал кан аркылуу берилчү сапат эмес. Аны адам өзү гана жүрөгү менен кабылдайт. Ага баш ийгенин амалдары менен тастыктайт жана мусулман болуп калыптанат» — дейт. Демек, мусулман болуу үчүн Исламды кабыл алуу керек. Космоско учпаган адам: «Мен космонавтмын» десе эле ал космонавт боло бербейт. Же картадан Американын каерде экенин көрсөтө албаган неме «Мен Американын президентимин» дегени аны 50 штатка кожоюн кылып койбойт. Ошондой эле «мен Исламды кабыл алдым» дегендин баары Исламды кабыл алган болуп калбайт. Исламды
кабыл алуу үчүн «Лаа илааха иллалах, Мухаммадур расулуЛлах» — Аллахтан башка сыйынаарлык зат жок, Мухаммад анын Элчиси — деген келмени айтуу керек жана бул келме адамга жүктөгөн нары оор, нары сыймыктуу жоопкерчиликти татыктуу алып жүрүү керек.

Жогорудагы келмени айткан адам мусулмандарга бир тууган жана анын мусулман жамааты алдындагы милдеттери күчүнө кирет. Бирок, анын жашоо образы, ой жүгүртүү системасы Аллахтын талаптарына, чыныгы мусулмандын ченемине дал келип, ал Аллахтын алдында мусулманбы? — деген суроого жооп таппайынча адам өзүн мусулманмын дегени эрте.
Математикадан кабары жок адам математика китебинен онду көтөрсө да, ал китепти көтөрүп алганы үчүн эле математик болуп эсептеле бербейт. Ошондой эле мен мусулманмын дегендин бары эле мусулман эмес. Адам исламды кабыл алып, үйрөнүп, турмушуна киргизе алса гана Аллахтын алдында мусулман деп аталат. Муну – таслим дешет. Демек, кеп кыргыздын таслиминде, моюн сунуусунда.

Аллах Куранда: «Аллах эч бир коомдогу нерсени (абалды) өзгөртпөйт, ал коом өзүндөгү нерсени өзгөртмөйүнчө» («Раад-11») дейт. Жөн гана мусулманмын деп койгону болбосо кээ бирлердин жеген-ичкени, кийгени, жүргөн-турганы ыйманга төп келбейт. Аллах берген убадасын так аткаруучу Зат. Ар бири ыйманы менен болсо, арамдан тыйылып, адал жашаса коом дароо эле өнүкмөк.
Ошондой эле дагы бир сүрөөдө Аллах: «Жана эгер айыл элдери ыйман келтирип, такыба болушса, Биз албетте алар үчүн асмандар жана жерден берекет эшиктерин ачып койобуз» («Араф», 96) дейт. Балким кыргыз динди унутуп, көр пикирге алданып калгандыр. А балким анын ыйманын жөн эле чаң басты да калды. Антпесе, жаратылышынын бейишти элестеткен касиетине карабай көпчүлүгү кыйналып жашайт жана өз мусыйбаттарына, эл башындагыларына наалыша берип негизгисин — берекенин жоктугун бамдашпайт жана берекет үчүн аракет жасашпайт. Курандагы: «Чындыгында Аллахка ар бир кыянатчыл жана нашкүр жакпайт» («Хаж», 38) – деген аят бүгүнкү адамдардын дүйнөкордугуна ишарат кылат. Жыйынтыгында үй — бүлөөдө ырк кетип, ата- эне карыганда кордолуп, көчөдө бузулган
кыздар менен эрге тийген эркектер, коомдо баңгилик, араккечтик, жан кыйдылык, кылмыштуулук күн сайын өсүүдө. 
Анда кантүү керек? Албетте элди оңдоо же бузуу, жада калса аны такыр жок кылып жиберүү да жалгыз Жараткандын колунда. Ошентсе да менимче жаш кары — дебей илим алып, Жаратканды таанып, ага баш ийип, адал — арамды аңдоого азыр деле кеч эместир. Айтмакчы, бул эмгекте кыргыз, кыргыздар, деген сөздөр жолугуп калса авторду улутчулга чыгарууга негиз жок. Себеби анын ниети — кыргыз улутун өзгөчө бөлүп көрсөтүү эмес, тетирисинче автор бир чөлкөмдө жашаган ар улуттун өкүлдөрүн географиялык, саясий-экономикалык, социалдык жана маданий абалын кыргыз деген түшүнүк менен орток бөлчөккө апкелди. Чынында улут менен өзгөчөлөнүп, текеберленүү шариатта арам. Пайгамбар салаллаху алайхи ва саллам: «Ким улутчулдукка… чакырса бизден эмес» деген.

 

 

 

270 просмотров всего, 3 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *