22. ЖЫЙЫНТЫК



Биздин бактыбызга апам өтө эрктүү жаралып калган экен, бизди окутту, үйлөдү. Мен өмүр бою апама карызмын. Менин өмүрүмдө Ормонов Мамат акенин жана аялы Жумагүл эженин, Жакыпов Жалилдин, Атабеков Сайпидиндин, Төрөкелди Балтагуловдун, Жээнбай Myкамбаевдин, К. Кулматовдун жакшылыгы, Жунус аяш атамдын боорукерлиги, Султанкулов Абдрахмандын адамгерчилиги, Калилов Кочкор тагамдын берген акылы эч качан унутулбайт. Мен атанын камкордугун, анын насыятын, тарбиясын көрбөдүм, атанын мээримине тойбодум, кала берсе сезимимде жок. Мен элдин камкордугунда, тарбиясында болдум. Мен колумдан келишинче, мүмкүнчүлүгүмө жараша, чын ыкласым, ак пейилим менен элге кызмат кылып келдим, эмгегимди элиме, киндик каным тамган жериме жумшадым. Эмгегимдин 35 жылын жаш муундарды, мугалимдерди, тарбиячыларды окутууга, тарбиялоого жумшадым, өз эмгегимдин ыраатын көрдүм. Эч кандай бийлик башында болбодум, себеби ал кезде партияга мүчө болбосоң бийлик бербейт эле. Анын үстүнө ал доордун да акыры түбүнө жеткен ылаңы — бийлик акчага сатылып, ага акчам да жок эле. Анын үстүнө мен кайдигер мамилеге, эки жүздүүлүккө көз бойомочулукка, жасалма ишмердүүлүккө, жасакерленүүгө түп тамырым менен каршы болуп, адамдын ким экенине карабай бетке таамай айтып мамиле кылгандыктан ар дайым чоңдордун кара тизмесинде
жүрчүмүн. Ар кандай ишти берсе аткармакмын, акылым жана күчүм жетмек. Бирок колдоочум жоктугун билишип, мени бийликке жолотушпады. Мен коммунист болуп, бийлик башында турбасам да, өзүмдөн кийинкилер үчүн эсте калаарлык нерселерди жасапкалтырууга үлгүрдүм. Бул жупуну эмгек өмүр баян эмес, жөн гана дидарлашуу. Баардык нерсе жана окуяларды толук иреттештирүү, эстеп калуу өтө кыйын. Бул жерде менин өмүрүмдөгү окуялардын азы гана айтылды. Ушинтип өмүр чиркин суудай агып өтө берди. Азыр баары жайында, уулум Мыктыбек Кыргыз телевидениесинде белдүү
журналисттерден, эл аны сыйлайт. Менин атымды фамилия кылып алыптыр. Кызым Назира медицина кызматкери, Жамиля кызым мугалим. Асылбек уулум ички иштер кызматында. Искендер, Нургүл, Канбото, Самат, Эрмамат, Кызжибек, Айганыш, Жибекайым, Абдыманнап, Бексултан, Мариям, Ясмина деген неберелерибиз бар. Агам менен жеңем Токтошкандардын Бактыбек, Таттыбек, Исабек, Мусабек деген төрт уулу бар. Алар да кудайга шүгүр очор-бачар көбөйүп калышты. Чоң атам, өз атам, абамдар (алар жөнүндө атайын бөлүм ачып жазамын аягында) менен кийин тыгызыраак катташып калдык, үч атадан тогуз бала барбыз, майрамдарда жолугушуп той-топур, өлүм-житимде биргебиз. Бирок өткөн күн, кечкен өмүр, жүрөктүн тагы, жаранын орду, калган көңүл кетпейт экен го, чиркин өмүр кыска тура. Азыр Айбарча экөөбүз эл катары иштеп пенсиядабыз.

Ошондуктан уялбай эле мендей атаңар бар экендигине сыймыктансаңар боло берет балдарым. 1982-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын базасында тарых жана этнография музейин түздүм, экскурсоводдордун мектебин ачып, ага катышкан окуучуларды Бишкек, Ыссык-Көл, Ташкент, Ленинабад, Кокон, Самарканд жана башка шаарларга алып барып, тарыхый жана маданий эстеликтер менен тааныштырып келдим. Окуу жайдын тарыхын, 60-жылда жеткен ийгилигин камтыган маалымат жаздым. Орус-кыргыз тилиндеги турмуш-тиричилик сөздүгүн чыгардым. 20 дан көбүрөөк илимий  эмгектерге жетекчилик кылдым. Кыргыз, өзбек орус тилдеринде жазылган адабий, көркөм жана илимий китептердин китепканасын чогулттум. Атаңар бир канча мактоо громаталарынын ээси, эмгектин ветераны, 1985-жылдан Республиканын эл агартуу отличниги, 1987-жылдагы Бүткүл союздук музейлер экспозициясы көргөзмөсүнүн грамотасы жана төш белгисинин ээси. 1992-жылдан 1994-жылга чейин Жалал-Абад шаардык «Кыргыз тил» коомунун жооптуу катчысы болуп, 1994-жылдын январынан бери шаардык акимчиликте шаардык калкты социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштедим. 1995-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасы менен сыйландым.

 

 

 

85 просмотров всего, 0 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *