23. ЖАЛАЛ-АБАД ПЕДАГОГИКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ ТУУРАЛУУ



Мен 1968-жылы сентябрдан баштап Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында 1993-жылга чейин иштедим деп жогору жакта эскертип өттүм эле. Бирок ал окуу жайынын тарыхы, тагдыры жөнүндө эч нерсе айткан эмесмин. Бул окуу жайы 1926-жылы ачылып 1929- жылы 11 киши биричи бүтүрүүчүлөрдөн болгон. Экинчи бүтүрүүчүлөр 1926-1932- жылдары болгон. Кыргыздын биринчи президенти Абдыкадыр Орозбеков да бул окуу жайдын студенти 6олгон. 1926-1992- жылдары бул окуу жайды 25 миңден ашуун улан-кыздар бүтүргөн. Алардын ичинде Ж Бөкөнбаев. Т.Үмөталиев, М. Абдышев, Т. Осмонбеков У. Абдукаимов, Ж. Мавлянов, Т.Ташиев, Т. Байзаков, С. Акбаров, К. Калилов, Н. Биримкулов, Т.Моминов, Х. Закиров, Н. Бекболотов. ж. б. көптөгөн бүтүрүүчүлөрү кыргыз тарыхынын коммунисттик доорунун ардактуу инсандары болушкан. Бул окуу жайында Кыргыз эл сүрөтчүсү Г. Айтиев, профессор Х. Карасаев, академик А.Измаилов, Х. Измалиова. К. Сартбаевдер иштеп кетишкен.
Өзүнүн өтө кенен жана бай тарыхына, тарыхый музейине, жогорку окуу жайлардан кем калбаган дидактикалык, методикалык базаларына, кабинеттерине, физикалык, химиялык лабараторияларына ээ болгон, эң чоң китепканасы бар, союз масштабында педагогикалык окуу жайлар ичинде үчүнчү орунду ээлеген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин «Ардак Грамотпасы» менен сыйланган, түштүк Кыргызстандагы эң чон маданий, агартуу борбору жана интеллегенңиянын түштүк региондогу устаканасы болгон, 300 гө жакын кызматчылар эмгектенген, алп окуу жайы эле.
1980-85- жылдары бул окуу жайдын директору Б. Нышановдун айланасына өзүмчүл, эки жүздүү, ниети бузук ушакчы –кошоматчылар үйүлүп, чоңдордун оту менен кирип, күлү менен чыккан арам ой кишилер бийлеп алды. Коллектив «сүймөнчүктөр» жана «суук тумшуктар» тобуна бөлүндү. Мугалимдерди сыйлоо же категориясын жогорлотуу сулуулугуна же мамилесине (акчасына) карап чечилип калды. Директордун колтугуна кирип улам жаңы постторду ээлеген «кадрлар» анын кээ бир чабалдыгынан пайдаланып, өз билгениндей башкарып алышты да тымызын өзүнө жакындарынан топ түзүп бийлик үчүн күрөш жүргүзө баштады.

1985-90- жылдары айкындуулук, демократия деген ураандарга жамынып жаңы топтор пайда болду. Биринчи топту директор жана анын жан жөкөрлөрү баштады. Экинчи топту директордун орун басары жана анын шериктеш шакирттери баштады. Үчүнчү топту- бөлүм башчылар жана алардын муруттары баштады. Өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаалдан пайдаланып бийлик үчүн ачыктан ачык
күрөшкө чыгышты. Эл массасынын тагдыры, окуу-тарбия иштери унутулуп эле калды. Жетекчилер алдым-жуттумга өтүп алышты. Алар биринин үстүнөн экинчиси арызданып облакимге, элге билим берүү министрлигине, министирлер кабинетине, Президентке чейин чыгышты. Текшерүү үстүнө текшерүү, баш көргөндү көз көрбөй негизги эл массасы тебеленип, кыскартуу үстүнө кыскартуу күч алды. 1989-90 окуу жылында Б. Нышановду эч кандай күнөөсүз, коркутуп, арызын жаздырып, кызматтан алышты. Анын ордуна Ж. С. Бакиев дайындалды. Аны да жанагы эле желмогуздар мүмкүндүк бербей 1992 жылы кызматтан бошотушту. Ордуна Мамажанов Шайдулла дегени дайындалды. Бөрк ал десе баш алган жергиликтүү жетекчилер, обл. акимдин билермандары, өзүнүн тууганына бийлик тийбеген ич күйдүлөр эптеп окуу жайды жок кылууга киришти. Күндөрдүн биринде элге билим берүү министри Ч. Жакыпова мени Бишкекке чакыртты. Барып кирдим, жакшы сүйлөштүк, мен өзүм жазган тарыхый нерселерди, плакаттарды алып барып столунун үстүнө койдум. Ч.Жакыпова:
— Арстанбек аке, сиз көрүп турасыз, ушул абалдан кантип чыгабыз, ким директор боло алат? — деп сурады.
— Азыр коллективде директор боло ала турган эч ким жок — дедим.
— Кантип эле? – деп Чынара таң кала сурады.
— Директор боло турган атуулдардан экөө бар, бирок аларды чоңдор иштетпейт, ал эми чоңдордун туугандарын эл иштетпейт, ошондуктан башка жактан директор дайындоо керек — дедим. Ушул күндөрү Жалал-Абад областтынын акими А. Тагаев жаңыдан шайланып, ал киши али эч нерсени көрүп түшүнө электе эле акимчиликтин белдүү билермандары директор, орун басарлардын макулдугу менен, мугалимдерден жашыруун бул окуу жайдын жойулгандыгы бекитилип, бул фокус 142 мугалимге дайын болгондо, алардын талабына коркутуу менен жооп берилди. Мына жыйынтык. 1996-жылы өтүүчү өзүнүн 70 жылдык тоюна даярданып жаткан окуу жай, 1993 жылы жөн эле үч төрт чиновниктин колу менен түп тамырынан жок кылынды. Бул жөнүндө тарых келечекте өз чечимин чыгараар. КРнын Президенти А. Акаевдин «Жалал-Абад мамлекеттик Университетин ачуу» жөнүндөгү 02.04.1993-жыл №411-101 Указы чыкты. Анын артынан эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Указды иш жүзүнө ашыруу боюнча 10.05.1993-ж №197 Токтомун жарыялады. Мамлекеттик Университет түзүлдү дегени менен эки жүзгө жакын мугалим, алардын бир тобу көп балалуу, бир тобу пенсияга жакын калгандар зордук менен кызматынан бошотулуп көчөдө калышты. Алардын тагдыры эч кимди ойлонткон жок, чиновниктердин мурдун балта кескен жок. Бул педагогикалык окуу жайы 68-жылдын ичинде 25 миң башталгыч класстардын мугалимдерин, балдар бакчаларынын тарбиячыларын, дене тарбия мугалимдерин бүтүрүп чыгарды. Республикалык денгелдеги эң бай бзазасы бар окуу устаканасы бир заматта жок болду. Акчалуу же артында жөлөмөлөрү бар мугалимдер университетке кайра жайгашышты. 142 мугалим көчөдө калды.
Азыркы учурда китепканадагы китептердин теңинен көбү, автобустар, трактор, жүк машина, музыкалык аспаптар, жатаканадагы жумшак жана катуу мебелдер баардыгы сатылып же ээленип жок болду. Кыскасы 70 жылда чогулган байлык бир эле жылда жок болду.

1994-95- жылдары мен, С.Абдыкаимов жана Мамбетаипов мамлекеттик эмес, коммерциялык негиздеги педогогикалык окуу жайын ачуу, боюнча иш кагаздары иштеп чыктык. Бул демилгени шаардык мамлекеттик бийликтин акими К. Исманов кызуу колдоду жана ар тараптуу жардам берди. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги да каршы болгон жок. Өзүм баш болуп, К.Асанова, Ч.Ажибаевалар менен күн-түн олтуруп окуу программасын, иш планын жана лиңензия алуу үчүн керек болгон бардык документтерди иштеп чыгып, министерствого жибердик. Ал жерден комиссия келип текшерип, лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алышты. Бирок имарат жок болгондуктан лицензия убактылуу токтоп калды.
Иштин оорлошуп баратканын байкаган мугалимдер жамааты шаардын акими А. Абдурехменовага кат менен кайрылып окуу жайына мени директорлукка дайындап берүүсүн өтүнүп кайрылышты. Шаардын акими алардын өтүнүчүн аткарып 12. 07. 96. мугалимдерин чогулушун өткөрүп, мени директорлукка дайындап келүүнү орун басары А.Мамажановго дайындады. Бирок оюн ушул жерден башкача сценарийге ыктап кетти. 
Ал адамдардын кээ бирлери азыр көзү өттү, кыргызда маркумду жамандоо жок. Жыйынтыгында 39 жылдык педагогикалык стажы бар, эл агартуунун отличниги, жогорку категориядагы мугалим, бир канча грамоталардын, сыйлыктардын ээси четте кала берди. Бирок 1996-жылы окуу жайы ачылды. 233 окуучу кабыл алынды.

 

 

 

380 просмотров всего, 1 просмотров сегодня

Facebook комменттер

Коммент




Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *